Эль-Нино деген эмне кубулуш жана ал аба ырайын кантип өзгөртөт?

A Palestinian girl pours water over another girl, who is smiling

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Марк Пойнтинг менен Эсме Сталлард
    • Role, BBC News Climate & Science

Австралиянын метеорологиялык бюросунун маалыматы боюнча, Эль-Ниньонун 2023-жылдын жайында башталган аба ырайы фазасы аяктады.Бул көрүнүш адамдын көптөн бери келаткан чарбалык таасиринен сырткары, акыркы айларда глобалдык температуранын рекорддук деңгээлге көтөрүлүшүнө себеп болду.

Эль-Нино деген эмне?

Эль-Нино-табигый климаттык кубулуштун бир бөлүгү," Эль-Ниньонун Түштүк термелүүсү" (ЭНТТ).Анын эки карама-каршы абалы бар: Эль-Ниньо жана Ла-Нинья, экөө тең глобалдык аба ырайын олуттуу өзгөртөт.Эль-Нинону ар кандай өлчөөлөр менен аныктоого болот, анын ичинде:

  • тропикалык Чыгыш Тынч океанында деңиз бетинин температурасы нормадан жогору.
  • барометрдик басым Дарвинде, Австралияда (Тынч океандын батышында) нормадан жогору жана Таитиде, француз Полинезиясында (Борбордук Тынч океан) барометрдик басым нормадан төмөн.
Эль-Нино

"Нейтралдуу" шарттарда Тынч океанынын жер үстүндөгү суулары чыгышта суук, батышта жылуу.

Шамал чыгыштан батышты көздөй согот жана күндүн ысыгы сууларды акырындык менен жылытат.

Эль-Нино кубулуштары учурунда бул шамалдар басаңдап же багытын өзгөртүп, анын ордуна жылуулук жер үстүндөгү сууларды чыгышка багыттайт.

Эль-Нино

Ла-Нинья убагында кадимки чыгыш-батыш шамалдары күчөп, жылуу сууларды батышты көздөй айдайт.

Бул муздак суунун океандын тереңинен өйдө көтөрүлүшүнө алып келет, демек, Тынч океандын чыгышындагы деңиз бетинин температурасы демейдегиден төмөн болот.

Ла-Нинья

Бул көрүнүштү алгач перулук балыкчы 1600-жылдары байкаган, ал Американын жанында жылуу суу декабрда эң көп болгонун байкаган.

Алар аны "Эль-Ниньо де Навидад" — испан тилинде ымыркай Христос деп аташкан.

Эль-Нино жана Ла-Нинья аба ырайын кантип өзгөртөт?

Бардык көрүнүштөр бирдей эмес, таасири регионго жараша өзгөрөт.

Бирок, окумуштуулар кээ бир жалпы эффектилерди байкашкан:

Rescue workers in floodwaters in Melbourne, Australia in October 2022

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылы Ла-Ниньянын таасиринен улам Австралия катуу суу ташкынга туш болду

Абанын температурасы

Глобалдык температура адатта Эль-Нинонун учурунда көтөрүлүп, Ла-Нинья келгенде төмөндөйт.

Эль-Нино келгенде жылуу суу алысыраак жайылып, жер бетине жакыныраак бойдон калат дегенди билдирет. Бул атмосферага көбүрөөк жылуулук берип, нымдуу, жылуу абаны жаратат.

Бирок регионалдык таасири татаал жана жылдын ар кайсы мезгилинде айрым жерлерде күтүлгөндөн жылуураак жана салкыныраак болушу мүмкүн.

Рекорддук эң ысык 2023-жылы болгон жана бул 2024-жылга чейин уланган.

Эль-Нино

Абанын температурасы

Глобалдык температура адатта Эль-Нино келгенде көтөрүлүп, Ла-Нинья учурунда төмөндөйт.

Эль-Нино жылуу суу алысыраак жайылып, жер бетине жакыныраак бойдон калат дегенди билдирет. Бул атмосферага көбүрөөк жылуулук берип, нымдуу, жылуу абаны жаратат.

Бирок регионалдык таасири татаал жана жылдын ар кайсы мезгилинде айрым жерлерде күтүлгөндөн жылуураак жана салкыныраак болушу мүмкүн.

Рекорддук эң ысык 2023-жылы болду. Эль-Ниньонун, ошондой эле климаттын узак мөөнөттүү өзгөрүшү менен шартталган бул жылуулук 2024-жылга чейин уланган.

Эль-Нино

Тропикалык бороон

Эль-Нино ошондой эле атмосферанын айлануу схемасына таасирин тийгизет, демек, тропикалык бороон тынч океанында көп болот, бирок тропикалык Атлантикада, анын ичинде АКШнын түштүгүндө аз болот.

Ла-Нинья учурунда, адатта, тескерисинче болот.

Окумуштуулар ошондой эле Эль-Нино учурунда атмосферадагы CO2 деңгээли жогорулаганын байкашкан, бул, балким, тропикалык аймактардагы жылуу, кургакчыл шарттардын натыйжасында болгон.

Эгерде өсүмдүктөр кургакчылыктан улам жайыраак өссө, анда алар CO2 азыраак жутат, ал эми Түштүк Азия сыяктуу жерлерде токой өрттөрү көбүрөөк CO2 бөлүнүп жатканын билдирет.

The skeleton of a fish in the Navarro lagoon, Buenos Aires

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылы декабрда Буэнос-Айресте кургакчылыктын айынан Наварро көлү соолуп калды

Эмне үчүн Эль-Нино жана Ла-Нинья климаттык моделдери мынчалык маанилүү?

Эль-Нино жана Ла-Нинья кубулуштары күчөгөн сайын, аба ырайын өзгөртүп, дүйнө жүзү боюнча инфраструктурага, азык-түлүк жана энергетикалык системаларга таасирин тийгизүүдө.

Мисалы, Эль-Нино кубулуштары учурунда Түштүк Американын батыш жээгиндеги жер бетине муздак суу аз чыкканда, океандын түбүнөн азык заттар аз көтөрүлөт.

Бул кальмар жана лосось сыяктуу деңиз түрлөрү үчүн азык-түлүк азыраак экенин билдирет, бул өз кезегинде Түштүк Американын балык уулоо жамааттарынын олжосун азайтат.

A fisherman carries freshly caught tuna at La Poza beach in Manta, Ecuador's largest seaport

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эль-Нино келгенде балык азайып кетет

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдардагы Эль-Нино окуясынан улам кургакчылык жана суу ташкыны 60 миллиондон ашуун адамдын азык-түлүк коопсуздугуна зыян тийгизди.

Жакында жүргүзүлгөн изилдөө Эль-Нино кубулушу глобалдык экономикалык өсүштү бир кыйла жайлатып жатканын көрсөттү жана бул эффект келечекте күчөшү мүмкүн.

Эль-Нино жана Ла-Нинья канчалык көп кездешет?

Эль-Нино жана Ла-Нинья кубулуштары, адатта, эки-жети жылда бир болуп, тогуз айдан 12 айга чейин созулат.

Алар сөзсүз түрдө кезектешип келбейт: Ла Нинья Эль-Ниного караганда сейрек келет.

Flood damage in the Forbes CBD in Forbes, New South Wales, Australia, 19 November 2022

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австралияда Жаңы Уэлсьсте катары менен үч жылы суу ташкыны басты

Климаттын өзгөрүшү Эль-Нино/Ла-Нинага таасирин тийгизеби?

2021-жылы БУУнун климат боюнча илимпоздору Эль-Нинонун 1950-жылдан бери болуп өткөн кубулуштары 1850-1950-жылдарга караганда күчтүү экенин айтышкан.

Бирок ошондой эле дарак шакектери жана башка тарыхый далилдер 1400-жылдардан бери бул эпизоддордун жыштыгында жана күчүндө айырмачылыктар болгонун көрсөтөт.

ЭНТК климаттын өзгөрүшү бул окуяларга таасир эткендиги жөнүндө так далилдер жок деген тыянакка келди.

Кээ бир климаттык моделдер Эль-Нино кубулушу глобалдык жылуулуктун натыйжасында тез-тез жана күчтүү болуп, температуранын андан ары жогорулашына алып келет деп божомолдошот, бирок бул так эмес. (МА)

Визуалдык журналистика командасынын графикасы.

A woman drinks water on Copacabana Beach in Rio de Janeiro, Brazil, during a heatwave

Сүрөттүн булагы, Getty Images