A23a: Антарктидадагы эң чоң айсберг камчыланып кайда жөнөдү?

Сүрөттүн булагы, Rob Suisted/Reuters
- Author, Джонатан Амос, Эрван Риво жана Кейт Гейнор
- Role, BBC News
A23a айсберги - Чоң Лондондон эки эсе чоң көлөмдөгү музтоо кыймылга келди. Антарктиданын чет жакасында бир нече жума каңгып жүргөндөн кийин ал катуулаган темп менен агып жөнөдү.

А23а Антарктиканын жээгинен 1986-жылы бөлүнүп чыккан, бирок чоң сапарын ал жакында эле баштады.
30 жылдан ашык убакыттан бери ал Ведделл деңизинин түбүндөгү ылайга "муз аралындай" болуп тыгылып жатты. 350 метр тереңдиктеги ылай аны тушап койгон.
Айсберг акырындык менен эрий берип, 2020-жылы кайрадан деңиз бетине көтөрүлгөндө, аны шамал түндүккө, жылуу аба менен сууну көздөй айдады.

А23а эми Антарктидадагы калкып жүргөн муздардын кайсы бир убакта өткөн жолу менен баратат - аны окумуштуулар "айсберг аллеясы"деп аташат.
Бул акыры кыйроого алып баруучу жол. Бул желмогуз бир нече айдын ичинде ыдырап, эрип жок болот.
Бүгүнкү күндө калдайган муз 60-параллелди бойлой, Түштүк Оркнейдин жанында, Антарктика жарым аралынын учунан 700 км түндүк-чыгышта кетип баратат.

Анын ыдырап жок болуу процесси спутниктен тартылган сүрөттөрдө жана кемелерден жакын тартылган сүрөттөрдөн жакшы көрүнөт.
Күн сайын деңизге муздун чоң-чоң сыныктары бөлүнүп чыгууда.

Сүрөттүн булагы, Chris Walton/BAS
Шамалдын, океан фронтторунун жана куюндардын өз ара аракети бул айсбергдин жакынкы апталардагы багытын так аныктайт. Бирок бул ири жалпак айсбергдердин көбү акыры Түштүк Жорджиядан, анын жээгинен 650 км түндүк-чыгыштан өтөт.
Британияга таандык бул деңиз аймагы көптөгөн айсбергдердин мүрзөсү болуп калды.
Европа космос агенттигинин CryoSat-2 миссиясында иштеген илимпоздор айсбергдин көлөмүн баалоо үчүн космос кемесинин радардык бийиктик өлчөгүчүн колдонушканда, анын орточо калыңдыгы 280 метрден бир аз ашкан. Салыштыруу үчүн, Батыш Европадагы асман тиреген эң бийик Лондон мунарасынын бийиктиги 310 метр.

Сүрөттүн булагы, Ashley Bennison/BAS
Бирок айсбергдин 30 метрлик аскасына түз сүзүп барсаңыз да анын масштабын баалоого мүмкүн эмес - бул Букингем сарайынын маңдайында туруп, Лондондун көлөмүн баалай албагандай эле сөз.
Көлөмү күн сайын азайып баратканы менен, ири айсбергдин аянты дагы эле болжол менен 3800 чарчы километрди түзөт - бул Люксембург, Бахрейн жана Сингапур сыяктуу 29 өлкөдөн чоң.

Ээ-жаа бербей ээликкен толкундар айсбергдин дубалдарына урунуп, эбегейсиз үңкүрлөр жана аркалар пайда болуп, суу астындагы муздун аңырайтып оюп, жиреп кирип талкалашууда.
Андан кийин бул калдыктар суу бетине калкып чыгып, айсбергдин өзүнүн да четтерин жулуп-улуп кетет.

Сүрөттүн булагы, Rob Suisted/Reuters

Сүрөттүн булагы, Rob Suisted/Reuters
Бирок жылуу аба да акырындап өз таасирин тийгизе баштайт.
Эриген суу айсбергдин бетине топтолуп, жаракаларга агып, улам тереңдеп туш тарабын жеп, түбүн жиреп кете берет.
Албууттанган айсбергдин сапары ушул жылдын соңунда аягына чыгышы мүмкүн. А23а акыркы калдыгы бир көз ирмемде жөн эле ыдырап жок болот.

Бул айсберг өткөн жолдо из да калат. Бардык чоң айсбергдер сыяктуу эле, акырындык менен эрүү процессинде музга камалып калган минералдык чаң бөлүнүп чыгып деңизге таркайт.
Бул чаң океандагы организмдер үчүн азык заттардын булагы болуп саналат. Чоң айсбергдин жоголушунан планктондон чоң киттерге чейин баары пайда көрөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адамдар бул коркунучтуу айсбергдер жөнүндө уккан сайын, алар дароо эле климаттын өзгөрүшүнүн, глобалдык жылуулуктун таасири деп ойлошот. Бирок чындык ар дайым татаал.
А23 Антарктиканын дагы деле суук болгон бөлүгүнөн келди. Филшнер муз катмары - мөңгүлөрдөн пайда болуп, калкып турган муздун массасы.

Сүрөттүн булагы, Liam OBrien/BAS
Жакынкы келечекти билүү үчүн изилдөөчүлөр жакында Айсберг аллеясында океандын түбүн бургулап көрүштү.
Алар тереңдеги ылайды, Антарктика континентинен айсбергдер алып келген жана андан кийин эриген сайын деңизге төгүлгөн таш сыныктарын изилдешти.
Окуялардын сүрөтүн изилдеп, мисалы, болжол менен 1,2 миллион жыл мурун бул аллеядан айсбергдердин чоң агымы өткөн деп божомолдоого болот.
Чындыгында, дүйнө жүзүндө мурда айсберг өткөн жерлерде издер калган. Мисалы, Түштүк Африкада, 300 миллион жыл мурун, бул аймак суу астында жана Түштүк уюлга жакыныраак болгондо, деңиздин түбүн бойлото сүйрөгөн муз блокторунан калган издерди көрүүгө болот. (КС)

Сүрөттүн булагы, Marie Busfield
Авторлор: маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо: Эрван Риво, Кейт Гейнор жана Дженни Лоу. Майк Хиллс жана визуалдык журналистика команда өндүрүшү.
Сүрөттөр:Руб Суистед/Nature's Pic Images, Copernicus Sentinel-3, Даррен Фокс/BASS, Крис Уолтон/BASS, Эшли Бенсон/BASS, Юрген Брэнд/Getty Images, Лиам О'Брайен/BAS, Мари Басфилд.Маалыматтар: Ерш-3 жана Ост-1, Ост, АКШнын улуттук муз борбору, Австралиянын Антарктика маалымат борбору.








