"Жеңиштин 50 пайызын атам камсыздады". Жаңы парламенттин дарамети кандай?

Бекмырза Чолпонбай уулу

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бекмырза Чолпонбай уулу
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си кабарчысы
  • Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.

17-декабрда Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы алгачкы жыйынына чогулуп, депутаттар ант беришет. Ошондон тарта алардын ыйгарым укуктары күчүнө кирет. Салт болуп калгандай, жыйынды эң улуу депутат ачат. Бул сапар вазыйпа 69 жаштагы Гүлай Машраповага жүктөлөт. Азырынча Жогорку Кеңештин төрагасы ким болору белгисиз. Би-Би-Си алгачкы жыйындын алдында парламенттин эң жаш жана соңку күндөрү талкууга алынып жаткан депутатын сөзгө тартты. Ага улай болочок парламенттин дарамети кандай болот деген суроого жооп издеди.

Жогорку Кеңештин астанасы сегизинчи чакырылыштын депутаттары үчүн эшигин бир нече күн мурун эле ачкан. Мандат ыйгаруунун алдында эл өкүлдөрүнө иш бөлмөлөрү бөлүнүп берилди. Алардын арасында Бекмырза Чолпонбай уулу да бар. Би-Би-Си 25 жаштагы жаш депутат менен байланышканда ал эртеңки ант берүү аземине даярдык көрүп, толкунданып, өзгөчө сезимдерди башынан өткөрүп жатканын айтты:

"Даярдык жакшы. Эртең биринчи жыйын болот. Ант беребиз. Ант берип бүткөндөн кийин төраганы тандайт экенбиз. Сезимдер жакшы. Жогорку Кеңешке кечээ бардым. Кабинет беришти, аны карап чыктык. Бешинчи кабаттан тийди. Терезеси Панфилов көчөсүн (күн батыш – ред.) карайт экен. Өзүм тандаган жокмун. Кайсы кабинетти беришсе, ошону алдым. Өтө чоң эмес, өтө кичине эмес орточо кабинет экен", - деди Чолпонбай уулу.

Ал элдин көйгөйүн бийликке жеткирип, калкка карамдуу депутат болууга белсенип жатканын, ишин эл өкүлдөрүн шайлоочуларына жылдык отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам жазуудан баштай турганын белгиледи.

Ал мыйзам даяр болгондо Бекмырзага дагы бир байланышарбыз. Ага чейин эл арасында талкуу жаратып жаткан башка суроолорго жооп алдык.

Калың журтка белгисиз, катардагы жаш жигит 16 миңден ашуун добуш топтоп, Жогорку Кеңешке кантип өтүп келди?

Бекмырза Чолпонбай уулу добуш сатып албаганын, үгүт иштерин мыйзамга ылайык жүргүзгөнүн белгилеп, бирок депутат болуп шайланышына атасы чоң салым кошконун четке каккан жок.

Анын атасы Чолпонбай Исмаилов. Ал быйыл августта атайын кызматтын демилгеси менен түзүлгөн "Аламан улак" федерациясынын президенти болуп дайындалган. Эл арасында "Жаңыбайдын жаңы самсасы" деген ат менен белгилүү тез татым жайларынын ээси катары да таанымал.

"Бул жерде 100 пайыз жеңиштин 50 пайызын өзүмдүн атам камсыздады десем адашпайм. Анткени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда атамды көбү тааныйт. Ак эмгеги элге сиңген. Соцтармактарга чыкпаса дагы элге көп жардам берип жүргөн киши. Өзү жеке ишкер, 200-300 кишини иш менен камсыздап келет. Сузак биримдигинин жетекчиси болгон. Ал жерде көптөгөн иштерди жасаган. Ковид пандемиясы учурунда да элге жардам берген. Жакшы иштерибизди эстеп, эл бизди колдоп берди. Андан тышкары өзүм жаш болгондуктан керели кечке үгүт иштерин жүргүздүм. Көчөмө-көчө, үймө-үй кыдырдым", – деди Бекмырза Чолпонбай уулу.

"Самса жасап көргөн эмесмин"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бекмырза өзү бир да жолу самса жасап көрбөгөнүн, илим-билимдин артынан гана жүргөнүн билдирип, “самсачынын уулу депутат болду“ деген кептерге терикпей турганын кошумчалап, ошол эле маалда жакындарына терс пикир айтуудан оолак болууну да эскертти.

"Жок-жок. Ал сөз менин көңүлүмдү түшүрбөйт. Мен бул жакка ак ниетим менен чын жүрөктөн элге кызмат кыйлайын деп келе жатам. Андай сөздөр менин көңүлүмдү түшүрө албайт. Орусча айтканда "боевой духту" да түшүрө албайт. Чындыгында элге кызмат кылалы деп чоң жолго чыгып жатабыз. Ал жолдон артка кайта албайбыз. Бир гана алдыга жылабыз. Ушундай сөздөр болушу мүмкүн. Бирок бул менин атам. Атам ак ниет менен мени чоңойтуп, өстүргөнүнө сыймыктанам. Өзүңөр айткандай, самса сатабы, базарда иштейби же трактористпи – бул ак эмгек. Менин атам уурулук кылган жок, мамлекетти саткан жок. Бирок эскертип кетүүчү нерсе, менин үй-бүлөмө жакын адамдарыма мындай пикир айтуудан алысыраак болушуңарды сурайм. Менин жеке өзүмдүн ишиме сын болсо, аны көтөрүүгө даярмын", - деди Бекмырза Чолпонбай уулу.

Ал ишенимдүү өкүлдөрү активист Мавлян Аскарбековго карата арыз жазганын да тастыктады.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон активист Мавлян Аскарбеков 6-декабрда милицияга чакырылганын кабарлаган.

Аскарбеков "ПолитКлиника" порталында сүйлөгөн сөзү үчүн башка талапкерлердин бири арыз жазганын айткан.

Ал БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев менен болгон талкууда:

"Өмүр бою билим алган, доктор, профессор, Кыргызстанда бир нече ири университеттерде ректор болгон адам самса жасаган отузга чыга элек балага утулуп калды. Бул трагедия эмеспи?", - деген эле Аскарбеков.

Активист ал талкууда эч бир адамдын кадыр-баркына шек келтирбегенин билдирген.

"Жоошураак парламент болот"

Бекмырзадай жаш депутаттардын "айбатын" активисттерге эле көрсөтөбү же бийликке да орунду сын айтып, пикирин эркин билдире алышабы? Беш жылдык мөөнөт алардын дараметин сынаса керек.

Эскилери болсо азыноолак элге белгилүү. Эртең ант бере турган эл өкүлөрүнүн дээрлик жарымынан көбү жетинчи чакырылыштын депутаттары.

Өткөнкү чакырылыш бийликтин айтканынан чыкпаган, чечимдерин дээрлик бир ооздон кубаттаган, көбүнесе “нотариустук милдетти” аткарган парламент болду деген сынга кабылганы маалым.

Жогорку Кеңештин босогосун депутат катары биринчи жолу аттай тургандардын бир даарын айыл өкмөттөрдө, жергиликтүү кеңештерде иштегендер, ишкерлер, күч түзүм өкүлдөрү жана бирин-экин блогерлер түзөт.

Журналист Эрнис Кыязовдун айтымында, эл мүдөөсүн аткара алган, элдин жашоо-шартын жакшыртууга салым кошкон мыйзамдарды жазууга дарамети жеткен адамдар келди деп айтуу кыйын болуп турат:

"Элестетип көргүлөчү, жалпы шайлоочулардын 36 эле пайызы добуш берсе, айрымдары болор-болбос упай менен келсе, айрымдары үгүтчүлөрдүн күчү менен шайланса, болор иш болду деген ушул да. Эми арасында блогер-журналисттер бар экен. Эл көйгөйүн көтөрүп жүрүшкөнү эске алынып жеңишке жетишти го алар. Бирок парламент деген эркин болушу керек, өйдө жактан үлкөндөр келсе, хандан-бектен тартпай пикирин айтыш керек деген маселеге келгенде үчөө-төртөө маанай жаратат деп айтыш кыйын. Эмнени эксек ошону алдык, наалыгандан пайда жок. Ачыгын айтканда азуусу жок парламент келди".

Парламенттин беш жолку чакырылышынын депутаты, бул жолу шайлоого катышпаган саясатчы Исхак Масалиев кандай депутаттар келсе да, элдин тандоосу болгонун, муну четке кагуу мүмкүн эместигин айтат. Ошол эле маалда ал келерки шайлоого чейин добуш сатып алууну жокко чыгаргыдай мыйзамды иштеп чыгуу зарыл экенин белгилейт:

"Азыркы курамдын сапаты тууралуу айтсам, жыйырмадай жаш бала келе жатат. Негизи жаштыктын бир өзгөчөлүгү бар. Акыл-эстүү балдар болсо үйрөнөт. Алар жөн эле кыйкыра бербей, так, салмактуу ой-пикирлерин айтып турушса жакшы болот. Эми жалпы мүнөздөмө берсем бул жоошураак парламент болот десем жаңылышпайм. Арасында бийликке каршы өз пикирин коркпой айта ала турган, эл мүдөсүн жеткирип, талап кыла билген депутаттар жокко эсе. Мен беш жолу депутат болгом. Салыштырып айта алам. Барган сайын депутаттардын мүнөзү өзгөрүп жатат. Жөнөкөй тил менен айтсак, өлкөдө парламенттин ордун жоготтук. Бүгүн күчтүү, бирок эч нерсеге жооп бербеген президент, анан өкмөттү башкарган аппарат жетекчи гана бар. Ошондо министрлер, аппарат жетекчиси жооп берет. Президент беш жылдан бери эч нерсеге жооп берген жок. Болбосо Конституция боюнча аткаруу бийлигин президент башкарат, жооп берет. Күчтүү президент болгондо күчтүү партиялар керек эмес экени ачык көрүнүп калды. Күчтүү партия болсо, эл партияны ээрчип кетет. Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү келсин дешти, бир аз убакыт берели, анан көрөбүз: чын эле элдин өкүлү болуштубу же президенттин өкүлү болуп калыштыбы, же өкмөттүн өкүлү болуп калыштыбы".

Президент Садыр Жапаров сентябрдын соңундагы кайрылуусунда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын өзүн-өзү таратуу аракетине таасирин тийгизбегенин, бул чечимди эл өкүлдөрү өздөрү кабыл алышканын айтып, партиялык тизмелердин жоюлушун жана шайлоонун можаритардык система менен өтүшүн кубаттаган болчу:

"Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген башаламан система жок. Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар. Биз, бийлик, "талапкерди эл өзү тандап алсын" деп толук шарт түзүп бердик", - деп билдирген Жапаров.

Шайлоодон кийинки даттануулар

Мындай жаңы системага негизделген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. Жалпысынан 29 округдан 87 депутат шайланды. Бирок добуш сатып алуу чырына байланыштуу 13-округдун жыйынтыгы жокко чыгарылды. БШК 12-декабрдагы жыйынында шайлоонун жыйынтыгын бекитти.

Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров бул жолку шайлоо "Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу" митингдери жок өткөн айткан.

Бул арада мурда депутат болгон дагы эки айым -- Жылдызкан Жолдошева менен Ыргал Кадыралиева алгач жеңишке жетип, кийин айрым тилкелердеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканына байланыштуу мандатка илинбей калышты. Алар президентке кайрылып, адилеттүүлүктү орнотууну талап кылып жатышат.

Мындан тышкары №26 шайлоо округунан талапкер Эльдар Абакировдин арызы да сотто каралууда. Абакиров шайлоо күнү Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, акчанын чоо-жайын териштирүүнү талап кылган. Ал болжолдуу добуш сатып алуу аракети деп мүнөздөлгөн бул окуя боюнча күнөөлүү тарап так аныкталбаса, №26 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырган.

Ички иштер миниистрлиги акча тараткан адам бул округдан шайлоого аттанган талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастаган. БШК акча таратууга Саккараевдин тиешеси жок деген бүтүмгө келген жана ага мандат берүүнү чечкен. Бул чечимдерге каршы Абакировдун арызын Жогорку Сот 17-декабрда саат 16:00дө карайт деп күтүлүүдө.

Өткөн аптада БШК шайлоонун жыйынтыгын толук бекиткен.