БУУ Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара маселесин жөнгө салуудагы жетишкендиктерин баалады

Сүрөттүн булагы, Official
15-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык орнотуу комиссиясынын жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек ара маселелерин жөнгө салууда жетишкен жыйынтыктары жогору бааланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев сөз сүйлөп, Борбор Азия аймагы эң татаал, сезимтал жана тарыхый жактан маанилүү маселелерди да диалог, ак ниет мамиле жана өз ара сый-урматтын негизинде чечүүгө болорун далилдегенин белгиледи.
"Соңку жылдары үч мамлекет чек ара маселелерин эл аралык укуктун ченемдерине ылайык, тынчтык жолу менен гана чечүүгө багытталган бекем саясий эркти, дипломатиялык жетилгендикти жана жалпы чечкиндүүлүктү көрсөттү",- деди ал.
Комиссиянын жыйынына БУУнун 80ден ашуун мүчө-мамлекети катышты. Катышуучулар жетишилген макулдашууларды кубаттап, аймак өлкөлөрүнүн тажрыйбасын сезимтал маселелерди жөнгө салуунун үлгүсү катары белгилешти.
Кыргызстан – Тажикстан чек арасы маселеси
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көйгөйү ондогон жылдар бою аймактагы эң татаал жана оор маселелердин бири болуп келген. Советтер Союзу тарагандан кийин чек ара сызыктары так аныкталбай, айрыкча Баткен облусундагы бир катар тилкелер талаштуу бойдон калган.
Жер, суу жана жолдор боюнча тирешүүлөр жергиликтүү калкты чыңалууга алып келип, айрым учурларда куралдуу кагылышууларга чейин жеткен.
Өзгөчө 2021 жана 2022-жылдары ири жаңжалдар чыгып, адам өмүрү кыйылып, миңдеген тургундар эвакуацияланган.
Бир канча жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араны тактоо боюнча макулдашууга жетишип, талаштуу тилкелерди өз ара алмашууга барды.
Жогорку Кеңеш чек ара келишимине тиешелүү мыйзам долбоорун 2025-жылдын март айында үч окуудан кабыл алып, мамлекет башчыларынын деңгээлинде кол коюлган келишимдер аркылуу жыйынтыкталды.
Учурда кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери жүрүп жатат.
Кыргызстан – Өзбекстан чек арасы
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда да чек ара талашы эгемендик доорунда отуз жылдан ашуун мезгилге чейин созулуп келди. Эки өлкөнүн ортосундагы негизги сүйлөшүүлөр 2017–2023-жылдары жүрүп, чек аранын көпчүлүк бөлүктөрү расмий түрдө макулдашылган.
2023-жылы, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында, чек аранын акыркы талаштуу бөлүктөрүн тактоо боюнча ратификациядан өткөн келишимдерге эки өлкөнүн президенттери кол коюп, грамоталарды алмашкан.
Андан тышкары, 2025-жылдын март айында Кожент шаарында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын башчылары жолугуп, үч өлкөнүн чек аралары кесилишкен жердеги талаштуу тилкелер боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан.
Деген менен чек ара маселесин чечүүдө, айрыкча жер алмашууда коомдо нааразылыктар пайда болуп, активисттер массалык кармалган учурлар да болгон.












