Президент мас болуп унаа башкарганы айтылган илим министри Бактияр Орозовду кызматтан алды

Сүрөттүн булагы, Official
Министрди кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров 15-декабрда кол койду. Анда «Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозов Бактияр Сайпидинович мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду» деп айтылат. Бул тууралуу маалымат Президенттин сайтына жарыяланды.
Бирок Бактияр Орозов кайсы иш-аракетине байланыштуу кызматтан кеткени кабарлана элек.
Айрым маалымат каражаттары ал ичимдик ичип алып, унаа башкарганы үчүн кызматтан алынганын жазып жатышат.
Ал ортодо Бактияр Орозовдун милиция кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип, сыра ичкенин айтып жатканы делген видео интернетке тарады.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги быйыл май айында түзүлүп, Бактияр Орозов анын биринчи министри болуп дайындалган.
Президент Садыр Жапаров 12-майда Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында өз алдынча эки министрлик уюштурулган.
Агартуу министрлигине мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү милдеттер жүктөлдү.
Ал эми Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик тармактарын тейлейт.












