Уиткофф жана Кушнер Зеленский менен коопсуздук кепилдиктерин талкуулады, бирок аймактар маселеси чечиле элек

Сүрөттүн булагы, Reuters
Владимир Зеленский Берлинде АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен эки күндүк сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алар Украинадагы согушту токтотуу боюнча америкалык планды талкуулашты.
Америкалык аткаминерлердин билдирүүсүнө караганда, Вашингтон Киевге коопсуздук боюнча юридикалык жактан милдеттендирүүчү кепилдиктерди сунуштоого макул болду. Бирок Зеленскийдин айтымында, аймактар маселеси чечилбей калууда — бул тынчтыкка баруучу жолдогу негизги тоскоолдук болуп саналат.
Зеленский, ошондой эле Трамптын өкүлдөрү Берлинге жекшемби күнү келип, консультацияларды эки күн бою улантышты.
Дүйшөмбү күнү аларга Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да кошулду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйшөмбү күнү кечинде Берлинде Зеленскийдин, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун, Польшанын премьер-министри Дональд Тусктун, Италиянын өкмөт башчысы Жоржия Мелонинин, ошондой эле Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин жана НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин катышуусунда саммит өттү.
Европа лидерлери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү кабыл алышты. Анда алар Украинаны калыбына келтирүүгө жана коргоого жардам бере турган көп улуттуу күчтөрдү түзүүгө чакырышты.
Алар тынчтыктын шарты катары Европа башында турган контингенттин түзүлүшү керектигин белгилешти. Бул контингент «АКШнын колдоосу астындагы чечкиндүү коалициянын алкагындагы мамлекеттерден» турушу керек.
Мындай күчтөрдүн милдеттерине «Украинанын аскерлерин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү, Украинанын асманын коргоо жана деңиздеги коопсуздукту колдоо, анын ичинде Украинанын ичиндеги аракеттер аркылуу көмөктөшүү» кириши керек.
Украиналык, европалык жана америкалык делегациялар Украинада тынчтык орнотуу планы жөнүндө сүйлөшүштү.
Бул документтин алгачкы версиясы 28 пункттан туруп, маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, негизинен Орусиянын сунуштарына шайкеш келген. Кийинчерээк документ АКШда, Орусияда жана Швейцарияда өткөн сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасында өзгөртүлүп, азыр ал 20 пункттан турат.
Сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын айтымында, эң татаал маселе бойдон аймактар маселеси калууда.
Орусия Украинанын аскерлерин Донецк облусунан, анын ичинде орус армиясы оккупациялай элек бөлүктөрүнөн да чыгарууну талап кылууну улантууда. Украина бул талапты кабыл алынгыс деп эсептейт.
Берлиндеги кабарчыбыз эки америкалык аткаминердин сөзүнө таянып билдиргендей, Германиянын борборундагы сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары НАТОнун устатынын 5-беренесинин үлгүсүндө Украина үчүн коопсуздук кепилдиктеринин топтомун сунушташкан.












