Жогорку сот Кадыралиева менен Жолдошованын мандатына байланыштуу шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды

Сүрөттүн булагы, Facebook
16-декабрда Жогорку сотто Ыргал Кадыралиева менен Жылдызкан Жолдошованын депутаттык мандатына байланыштуу иш каралып, Бишкек шаардык административдик соттун чечими күчүндө калтырылды. Бул тууралуу маалыматты Би-Би-Сиге Жогорку соттун басма сөз кызматы ырастады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Ыргал Кадыралиева №9 шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып, аял талапкерлердин арасында эң көп добуш топтогондордун бири болгон. Бирок жети шайлоо тилкесиндеги (№5039, №5548, №5040, №5054, №5577, №5041 жана №5050) добуштар жараксыз деп табылган соң, ал мандат ала албай калган.
Буга байланыштуу Кадыралиева Борбордук шайлоо комиссиясынын округ боюнча чыгарган чечимине каршы Бишкек шаардык административдик сотко доо арыз менен кайрылган.
Ал Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө БШКнын №191 токтомун мыйзамсыз деп таанууну жана жокко чыгарууну суранган.
Бирок 12-декабрда сот Кадыралиеванын арызын канааттандыруудан баш тарткан. Жогорку сот да бул чечимди өзгөртүүсүз калтырды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине байланыштуу сотко кайрылган талапкерлердин катарында №8 шайлоо округунан күч сынашкан Жылдызкан Жолдошова жана №26 округдан талапкер Эльдар Абакиров да бар.
Жолдошова дагы Жогорку сотко арыз менен кайрылып, анын арызы дагы канааттандырылган жок.
Эске салсак, добуш берүү учурунда Жылдызкан Жолдошова шайлоочулардын көпчүлүк добушун алып, аялдар үчүн каралган квота аркылуу парламентке өтмөк.
Бирок округдук шайлоо комиссиясы №5514 жана №5249 шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуу болгон деген негизде добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган. Натыйжада шайлоонун жыйынтыгы өзгөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Жогорку Кеңешке Нуржамал Торобекова өтүп кеткен.
Жолдошова Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгын өзгөрткөн №190 токтомуна каршы Бишкек шаардык административдик сотко кайрылган, бирок сот бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган.
Ошондой эле №26 шайлоо округунан талапкер Эльдар Абакиров да Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко арыз берген. Анын иши 17-декабрда саат 16:00дө каралары маалымдалды.
Эске салсак, Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Шайлоого 1 миллион 584 миң 446 шайлоочу катышкан, бул жалпы шайлоочулардын 36,9 пайызына туура келет.








