Баш прокуратура: мыйзамсыздыкка кабылгандар арыз менен кайрылса болот

прокуратура

Сүрөттүн булагы, Social media

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева өлкөдө орун алып жаткан соңку саясий окуялардан кийин ага мыйзамсыздык боюнча элден өтө көп санда кайрылуулар келип жатканын айтты.

Мисалы, депутатка шайлоодо коркутуулар болгону, марадан четтетип коюшканы тууралуу арыздар түшкөн. Ошондой эле мүлкүн мамлекеттин пайдасына тартып алынды делип, бирок иш жүзүндө андай эмес болуп чыккан учурлар боюнча маалыматтар бар экенин белгиледи.

"Коркутуп-үркүтүү көп болду дейт, кайсы жактан маселе болуп жатканын сиздер түшүнүп жатасыздар да. Акыркысы 1 миллиард сомго байланыштуу камалган Токмок шаарынын мурдагы мэринин апасы кайрылып жатат. Ал "Жүрүп жаткан иштерге бизди жолотушпайт, эмне болуп жатканы жөнүндө ачык маалымат жок" дейт", - деди Сурабалдиева, ага түшкөн арыздардын бири боюнча суроо салып.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бул иш боюнча тергөө кызыкчылыгын жүйө кылып, ачык маалымат берилбей турганын, депутаттын өзүнө кат түрүндө жооп болорун билдирди.

Депутат анын дарегине кайрылгандардын иши кайра каралып-каралбасына кызыкты.

"Миллиарддап уурдагандар эркиндикте жүрүшөт дейт, анан аларды кармаса деле, кичине акча төлөп чыгып кетишкен экен" деп атышат. Ушундай учурда коргой турган кишиси жок, "крышасы жок" адамдар - бизбиз" десе эмне деп жооп бере аларымды билбей калдым," - деди эл өкүлү.

Коңкубаева мыйзамсыздыкка кабылдым деген жарандар Башкы прокуратурага кайрылса? арыздары сөзсүз каралып, чара көрүлөрүн билдирди.

УКМК түзүмүндөгү кадрдык өзгөрүүлөр жүрүп, атайын кызматтын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тартты делген ишкерлер арыз муңдарын айтып чыга башташты.

Айрым :МКлар мындай мазмунда 500дөй арыз түшкөнүн жазып чыкты. Башкы прокуратура арыздар бар экенин ырастап, бирок санын тактаган жок.