"Трагедия кылыштын кереги жок". Президенттин алтын куйма кармаган агасы ким?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Си, Бишкек

Сабыр Жапаров Ahlatcı Metal Rafineri

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Политклиника” басылмасы сүрөт түркиялык Ahlatcı Metal Rafineri ишканасында тартылганын аныктады

Президенттин бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймалар менен түшкөн сүрөтүн Интернетке биринчилерден болуп ким жана кандай максат менен жүктөгөнү коомчулукта чоң суроо бойдон калууда.

Президент Садыр Жапаров өзү "Кабар" агенттигине атайын түшүндүрмө менен чыкты.

"Сүрөт боюнча мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. Бизде бюрократия жоюла элек да".

"Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн", - деди президент.

Садыр Жапаровдун жообунан кийин дароо эле президенттин агасын ал жакка ким жиберген, кандай максат менен барып, эмне иш бүтүрүп келген деген дагы толгон-токой суроолор чубалып чыгууда.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул сүрөт "2016-2017-жылдары тартылганын" айтып, бирок ал кезде "беткап режими жок болчу" деген жүйөлөрдөн кийин жаңылышканын моюнга алды.

Көп өтпөй "Политклиника" басылмасы чулгандуу сүрөт Түркияда алтын менен иштеген аффинаждык Ahlatci Metal Rafineri заводунда тартылган тактап чыкты.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев бул жерден компроматтык кандайдыр бир жүрүштү көрүп жатканын айтууда:

“Бул сүрөт жөн сүрөт эмес. Кыргызда жакшы сөз бар “октолгон мылтык атылат”. Анын сыңарындай бул сүрөт качандыр бир кезде ачыкка чыкмак. Бул сүрөт достор арасында же туугандар ортосунда тартылган сүрөт болушу мүмкүн. Бирок анын жарыкка чыгып кетиши - бул жерде кандайдыр бир хакерлердин, ички-тышкы чалгын кызматтарынын колу барбы, же ошол эле бийликтин ичиндеги ич ара келишпекстиктерден, таасир талашуулардан улам компроматтар согушунун капкагы ачылып атабы деген күдүк ойлорду пайда кылып жатат”.

Чулгандуу сүрөт боюнча бүгүн Жогорку Кеңеште да маселе көтөрүлдү.

Депутат Мирлан Самыйкожо

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Депутат Мирлан Самыйкожо

Айрым депутаттар түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

“Элдин арасында ар кандай сөздөр чыгып жатат алтын боюнча: уурдалып жатат деп атышат, башка болду деп жатат. Ушул боюнча президенттик администрация маалымат берип койбойбу? Чын эле алтынбы же балмуздакпы? Алтын болсо “алтын”, балмуздак болсо “балмуздак” деп маалымат берип коюш керек. Ар кандай маалыматтарга бөгөт коюлушу керек. Бүтүндөй эл ызы-чууга алынып кетип жатат”, - деди "Элдик" депутаттар тобунан Мирлан Самыйкожо.

“Суроолорго жандырмак”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент “Кумтөр” туурасында августта маек куруп, анда Кыргызстан ишканага ээлик алгандан бери өндүрүлгөн алтындын коопсуздугуна эч кам санабагыла деп билдирген.

“...“Кумтөрдөн" алтын уурдалып жатат" деп кыйкырышат. "Кумтөрдөн" бир килограмм алтынды биякка коелу, бир грамм алтын эч ким уурдай албайт",- деген эле.

Бирок Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар каникулдан кийин “Кумтөр” тууралуу бийликтин жабык саясатын сындап, алтын өндүрүшүнүн эсебин сураган.

Өкмөт парламентте атайын отчет берерин да убада кылды. Бирок анысы ишке аша электе эле эч бир мамлекеттик кызматта иштебеген президенттин агасынын алтын куйманы кармап түшкөн сүрөтүнүн капыстан жарыяланышы шекшинүүлөрдү күчөттү:

 “Ал алтын Кыргызстандын алтыныбы же Түркияныкыбы кеп анда эмес. Кеп – эл, парламент Кумтөрдүн отчетун эки жылдан бери ала албай жаткан чыккан бул сүрөт суроолорго жандырмактай эле маанини туюнтту. Эл арасында бул маселеде ого бетер кошумча шекшинүүнү пайда кылды. Президент Садыр Жапаров өзү ушу “Кумтөр” менен бийликке келди эле. “Кумтөр” анын визиттик карточкасындай эле да. Ошондуктан башка маселеде кандай болсо дагы, ушул “Кумтөргө” келгенде президент өтө аяр, таза жана тыкан иштеши керек болчу”,- деди журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

Сабыр Жапаров ким?

Сабыр Жапаров президент Садыр Жапаровдун улуу агасы экени белгилүү. Кезинде “Жыргалаң шахтасы” ачык акционердик коомунун баш директорунун орун басары болуп иштеген. Андан кийин иниси Садыр Жапаровдун таламын талашып митингдерди өткөрүп, милицияга кармалып чыкканы да белгилүү.

2020-жылы 4-октябрда өткөн шайлоодо УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиевден кийин эле “Мекенчил” партиясынын тизмесинен экинчи орунду ээлеген.

Садыр Жапаров бийликке келгени, агасы эч кайсы кызматка дайындалган эмес.

Былтыр УКМК Сабыр Жапаровдун атын жамынып Казакстанда кармалып турган контейнерин чыгарып берүүнү убадалап, айрым адамдардын 1,2 миллион доллар доолаган эки кишини кармаганын жарыялаган.

“Кумтөргө” көзөмөл

Ишкана улутташтырылганы андагы жетекчилик президентке жана өкмөткө гана тикелей баш ийип, ага көзөмөл кылчу директорлор кеңеши болгон жок.

Жакында эле “Кумтөрдүн” жаңы директорлор кеңешине үч адам, башкармалыкка мүчө болуп үч адам дайындалды.

Кеңешке директор болуп Болот Идрисов, башкармалыкка жетекчи болуп Алмаз Барыктабасов келгени айтылууда.

“Калгандары ким экенин билбейбиз. Ачык-айкын болсун деген суроо туура коюлуп жатат. Директорлор кеңеши конкурстук жол менен шайланабы? Ал канча адамдан түзүлүшү керек? Ошолорду да коомчулукка ачык алып чыкпаса адистер да айтат, бул суроо көтөрүлөт”, - деди Кыргызстандагы тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков.

Тенгиз Бөлтүрүк августтун аягында Эсеп палатасы "Кумтөрдөгү" финансылык мыйзам бузууларды аныктагандан кийин кызматынан четтетилди. Көп өтпөй “Кыргызалтындын” жетекчилиги да отставкага кетти. “Кумтөргө” байланыштуу кадрдык өзгөрүүлөр коомчулукта бир топ суроолор жаратып жаткан чагы.

Президент соңку интервьюсунда Кумтөр кени Кыргызстанга кайтарылып жатканда Бөлтүрүккө: "Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпагын, ар бир грамм алтын, ар бир сом үчүн керт башың менен жооп бересиң! Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун артынан сая түшүп издеп табат", - деп айтканын билдирди.

"Ошентип бир да кадр киргизбедим, бир дагы ишине кийлигишпедим. Себеби "Мына сиз кийлигишип, "Кумтөр" ишин толук аткара албай калды" деген дооматтар болбосун дедим. Толугу менен өзүнүн эркине койдум. Теңгиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген", - деди Жапаров.

"Ал эми кен иштетүүдө керектүү товарларды сатып алууда жогорулатылган баа көрсөтүлгөн учурлар аныкталды. Ал боюнча азыр тергөө тобу иштеп жатканын билесиздер. Теңгиз мырзанын катышы барбы же жокпу, аны тергөө аныктайт".

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: