Кыргызстан “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизет

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жогорку Кеӊеш дүйшөмбү күнү кезексиз жыйынында "Кумтөр" алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын иликтөө жыйынтыгын талкуулап, убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү чечти.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жана тышкы башкаруучуну дайындоо сунушун берди.

Ошондой эле "Кумтөр" алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы эске алынып, комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Кезексиз жыйында "Кумтөр" алтын кенинде жаратылыш байлыктарына жапайы мамиле жасалганы айтылды.

Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапапов

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапапов

""Центерра Голд" компаниясы сандарга келгенде башты айлантып, бизди такай алдап келет. 5 млн куб метр суу деген - 5 млрд куб метр суу. Мисалы, Канаданын өзүндө 750 милиграмм таза суу 46 доллар турат. Ошондон улам, биз канчалаган таза сууну техникалык жумуштарга бекер берип жатабыз. Буга 1999-жылдагы жана 2017-жылдагы туура эмес келишимдер жол берип, "Центерра Голд" компаниясын юридикалык жактан коргоп келет",-деп айтты "Центерра Голд" компаниясынын Директорлор кеӊешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк.

Ал эми Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Кыргызстандын позициясы "кыйла бекем" экенин айтты.

"Центерра Голд" компаниясынын Директорлор кеӊешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Центерра Голд" компаниясынын Директорлор кеӊешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк

"Центерра" компаниясы өз кезегинде кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бергенин билдирди. Компаниянын сайтына чыккан билдирүүдө "Центерра" мыйзамсыз аракеттерге каршы аргасыз эл аралык сотко кайрылып жатканын жана өкмөттүн аракеттеринен улам чыккан чыгымдарды толугу менен төлөтүүгө аракет кыларын белгиледи.

""Центерра" жана ага чейинки кен казган компаниялар 1990-жылдан бери Кумтөр кенин иштетип, Кыргызстанга жана компанияга пайда алып келди. Ушул мөөнөттө компания миллиарддаган долларды инвестиция кылды, экологияны жогору стандарттарда сактап, социалдык көйгөйлөргө көңүл бурду. Андан тышкары миңдеген кыргыз жарандарын иш менен камсыз кылып, жергиликтүү ишканалардын продукцияларын алды. Жергиликтүү коом менен тыгыз байланыш түзүп, социалдык долбоорлорду ишке ашырды",-деди "Центерра Голд" компаниясынын башчысы Скотт Перри.

"Центерра" компаниясы Кумтөр кени 2020-жылы Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 12 пайызын түзгөнүн, 2,750 кызматкери Кыргызстандын жараны экенин эске салды. Ушул жылдын башында компания 2031-жылга чейин ишин уланта алары дагы жарыяланган.

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын соту "Центерра" компаниясынан экологиялык мыйзамды бузгандыгы үчүн 261 миллиард 719 миллион сом айып пул өңдүрүү жөнүндө чечим чыгарган

Буга чейин Кыргызстандын соту "Центерра" компаниясынан экологиялык мыйзамды бузгандыгы үчүн 261 миллиард 719 миллион сом айып пул өңдүрүү жөнүндө чечим чыгарган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Айбек Сарыбаев, Наристке Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун жарандык доо арызын карап, "Центерра" компаниясынын Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн үстүнө өндүрүштүк таштандыларды төккөнүн мыйзам бузуу деп тапты. Аталган компаниядан мамлекетке 261 миллиард 719 миллион сом өндүрүүгө чечим кылган.

Ошондой эле компанияны 1 миллиард 308 миллион пошлина төлөөгө милдеттендирген.

"Центерра" компаниясы болсо соттун чечимин талашып, кийинки сот инстанцияларына кайрыла турганын билдирген. 8-майда билдирүү таратып, Кыргызстандын жарандары жана Салык кызматы коюп жаткан доолордун "эч кандай негизи жок", ал эми компанияны сырттан башкаруу жөнүндө даярдалып жаткан мыйзам долбоорлору 2009-жылы кайра түзүлгөн келишимдерди бузууга жатат деп билдирген.

Билдирүүдө "Кумтөр" долбоору боюнча келишим 2009-жылы кайра түзүлүп, аны Кыргызстандын парламенти менен Конституциялык соту жактырганы, ошондой эле алар 2017-жылы кайрадан бекитилгени, аны менен кошо айлана чөйрөнү коргоо боюнча өзүнчө стратегиялык келишим түзүлүп, ал 2019-жылы күчүнө киргени айтылган. Аталган стратегиялык келишимде Кыргызстан "Кумтөрдөгү" экологиялык зыян боюнча мурдакы доолордон баш тарткан эле.

Кенден жылына болжолу менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт. "Центерра Голд" компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан 3 гана өкүл бар.