Акылбек Жапаров: сотто "утулабыз" дегендерге таң калам

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Садыр Жапаров "Кумтөр Голд" ишканасына сырттан башкарууга жол ача турган мыйзамга кол коюп, ал күчүнө кирди.
Ошентип "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Би-Би-Си бул мыйзам жана жалпы Кумтөрдүн айланасындагы маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровду кепке тартып, мындан кийинки кадам тууралуу сурады.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
А. Жапаров: Мыйзам күчүнө кирди. Келе жаткан биринчи күнү парламент колдоп берип, ошондой болсун деген тапшырманы берсе, министрлер кабинетинин төрагасы коркпой-үркпөй ошону киргизем десе, киргизгенге толук мүмкүнчүлүгү бар.
Би-Би-Си: Эгер сиз айткандай министрлер кабинетинин төрагасы ошол кадамга барса ишти токтотпой улантып кетүүгө болобу?
А. Жапаров: Негизи эле кыргыз жарандары мындай кендерди өздөрү иштеткенге акыл-эси дагы, тажрыйбасы дагы жетип калыптыр. Чоң долборлордо, ушундай чоң компанияларда иштеп жүргөн Теңгиз Бөлтүрүк баштаган бир топ адис бар экен. Алар дагы келип, иштеп беребиз деп жатышат.
Би-Би-Си: Кумтөрдүн негизги жетекчилиги эбак эле Кыргызстандан чыгып кеткен деп маалымат тарады. Бул эмнеден кабар берет?
А. Жапаров: 2019-жылы биздин эки жаран каза болгон. 2020-жылы дагы каза болгон. Ошолор боюнча кылмыш иштери кайрадан жанданган. Кылмыш иштери жанданаарда эле булар качкан бойдон кетип калат. Анткени, биздин мыйзамдарды бузуп, адам ден-соолугуна, өмүрүнө зыян келгенде булар өз күнөөлөрүн сезип, качканга аракет кылышат. 2019-жылы Р. Тупарик деген вице-президенти да качып кеткен. Азыр издөөдө жүрөт. Алар биздин мыйзамдар менен жооп бериши керек. Биздин мыйзамдарды одоно бузуп жүрүшкөн. Анткени биздин мурунку президенттер, премьер-министрлер коргоп келген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Сиз жетектеп жаткан комиссияга, аныкталган фактылардын тактыгына терең ишенесизби?
А. Жапаров: Азыр жети жүз баракка жакын маалыматты тактап, чогулттук. Мындан сырткары 2012-жылы Садыр Жапаровдун депутаттык комиссиясы топтогон 300 барактан ашуун материалды, 500 барактай Темир Сариевдин материалдарын, 1500 баракка жакын материал топтолду. Кыргызстандын сотторуна дагы, эл аралык соттор болсо, ал жакка дагы барып, биздин экологиябызды одоно бузгандарын, бир топ жаран каза болгонун, алтымыштан ашуун жараныбыз майып болгонун далилдей турган материал бар. Салыктар боюнча далилдерибиздин барын топтоп бүттүк. Салык кызматы текшерип чыкты. Салык актылары колубузда. Акчаны өндүрүп ала турган механизмдерди ишке киргизе баштайбыз.
Би-Би-Си: Канча фактылар, ири суммадагы айып пул дебесин - бул "Центерра Голд" менен соодалашуунун кезектеги эле амалы дегендер болуп жатат?
А. Жапаров: Мурунку саясий жетекчилер ошентип соодалашчу. Үч айдан бери мен соодалашам деген биздин саясий жетекчини көргөн жокмун. Президент мыйзам чегинде жооп беришсин деп жатат. Алар мурун президент, өкмөт башчы болгонбу айырмасы жок. Компания биздин мыйзамдарды бузса алар да жооп берсин. 2009-жылдын келишимин булар парламентте ратификациядан өткөрүп алган. Ал убактагы Конституция бузулган деп жатабыз. Эл аралык келишимге жаткан эмес. Ошого карабай эл аралык келишим катары ратификация кылышкан. Мыйзам, экология боюнча милдеттенмелерин аткарган эмес деген бүтүмгө келдик. Фактыларыбыз бар. Кайсы жерде, кайсы тилде болбосун биз ошонун баарын аныктаганга даярбыз. Комиссиялар түзүлөт. Фактыларды таап чыгышат, ошону ишке ашыргандын ордуна саясий жетекчиликтер мурда кайсы бир деңгээлде сүйлөшүүлөргө барган. Ошентип кайсы бир деңгээлде салык, айып пул маселесинде аларды коргоп келишкен. Эгер алар айып пулду моюнуна алса анда биздин мыйзамдарды бузганын моюна алмак да. Аларды коргоп, ар кандай фонддорду түзө берген. Кенди иштеткенден тарта биздин президенттер, өкмөт башчылар ошого кол койгон. Такай кыргыз элинин кызыкчылыгына караганда алардыкын көбүрөөк коргогон. Мунун бары жөн эле бекер болгон эмес. Биз ушуларды изилдеп чыккыла деп Башкы прокуратурага өтүнүч жөнөттүк.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев 2003-2004-жылдагы сүйлөшүүлөргө мыйзам чыгаруу палатасынын өкүлү катары парламенттин атынан Акылбек Жапаров катышкан, алардын корутундусунан улам ошол кездеги өкмөттүн токтому чыккан жана ошондон улам көп нерседен кол жууп калганбыз деп билдирди. Бул канчалык жүйөөлүү?
А. Жапаров: Мен Темир Сариевдин оюна, боюна, фамилиясына бир да кыйытма сөз, акарат айткан жерим жок. 2003-2004-жылдары А. Акаев мени жана Жеңиш Эшенкуловду киргизген. Бирок биз жумушчу топтун биринчи отурумунда эле "Кыргызстан 67 пайыздан 33 пайызга эмес, тескерисинче 67 пайыздан 80 пайызга чейин биздин үлүш болушу керек. Америкадагы Рен деген кен эч качан казылбайт, ал жерде 30 метрдей тереңдикте ысык суу бар экен, аны башка жакка алыш керек, жаңы технологиясы да жок экен" дегенбиз. Мунун келечеги жок кен экен, Боруда болсо 25 тоннадай эле алтын бар экен. Бизде 716 тонна алтын бар. Ошонун 320 тоннасы борбордук бөлүктө турат деген СССР убагындагы маалыматтарга таянып билдиргенбиз. Легендарлуу парламентте алтын комиссиясын жетектеген, ошол учурда мыйзам чыгаруу палатасынын мүчөсү Т. Усубалиев, А. Масалиев, И. Кадырбеков сындуу бир топ кишинин материалдарын алып, биринчи отурумунда биз буга караманча каршыбыз деп чыгып кеткенбиз. Т. Сариевдин мамлекеттик комиссиясынын жыйынтыгында турат. Анда кимдер катышып, кимдер кол койгону бар. Ал жерде депутаттардын колу жок. Ошондо бир-эки аптадан кийин А. Акаев менен жолукканымда "Сиз эмне дүйнөлүк фондулук биржага чыкканга каршысызбы? Сизди алдыңкы депутаттартадан экен деп кошсом" дегенде, мен "Аскар Акаевич фондулук биржага чыгабыз. Бирок биздин үлүш 80 пайызга чейин көтөрүлүш керек" дегем. Ошондон кийин мыйзам чыгаруу палатасына барып, депутаттардын баарына айтып, эки токтом кабыл алганбыз. "Центерра" компаниясы түзүлгөнү туура эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбейт деп бир токтом кылганбыз. Экинчиси, эгер түзөбүз десеңер анда мыйзам чыгаруу палатасынын уруксаты керек деген токтом болчу. Анын барын айтып коюш керек да.
31-декабрь 2003-жылы өкмөттүн отуруму болгон эмес. Н. Танаев сурамжылоо жолу менен эле барынан алып, материалдарды таратпай туруп, жеке өзү кол коюп койгондугун, 4-январда Юстиция министри Курманбек Осмонов "Кыргызстанда бир да укуктук нормативдик актылар жок, "Центерраны" түзө берсеңер болот" деген. Мунун бары жалган экенин, Жогорку Кеңештин эки токтому бар экенин далилдеп, Торонтодогу фондулук биржага чыгып жатканда коррупция болгонун далилдеп, Кыргызстанга 17 пайыз акцияны алып келгенбиз. Анда премьер-министр А. Атамбаев эле. 2006-2007-жылдан тарта салык төлөнө баштады. Ага чейин дээрлик төлөгөн эмес. 2006-2007-жылды дагы тактап айтыш керек. Биз Атамбаевдин өкмөтү парламентке барып, дагы он пайыз акцияны алабыз деп жатканда парламентти таратып жиберишкен. Ошол варианты окуп көрсөңөр болот. Ошону менен барганда биз 51% алабыз деп парламентке далилдеп берип, президентке айтып туруп, чечим менен барган элек. Тилекке каршы парламент тараган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Эл аралык сот абдан машакаттуу, чыгымы чоң, биздин адистердин тажрыйбасы жок деген пикирлер басымдуулук кылууда. Тобокелчиликтер эске алынганбы?
А. Жапаров: Мен таң калам да. Эл аралык сотко барганда "утулсак эмне болот" дей беришет. А утсак эмне болот? Сотко утам деп барат да. Биз тобокелчиликти эске алганбыз. Буга чейин 410 тонна алтынды азыркы компаниялар алып кетиптир. Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбаптыр. Болгону салык төлөгөн, дивидендден эч нерсе төлөгөн эмес. Экологияга аябай катуу зыян алып келген. Адамга зыян болгон, канча киши каза болду. Ошондуктан биз макул эмеспиз. Дагы 410 тоннадан ашык алтын бар деп, компаниянын 43101 номурлуу отчетунда быйыл чыгып жатат. Биз мындан кийин буларга алданбашыбыз керек.
Би-Би-Си: Талаш-тартыш, сот учурунда Кумтөрдүн иши эмне болот?
А. Жапаров: Кумтөр 24 саат бою тынымсыз иштеши керек жана ошондой иштейт.













