Кыргызстандын соту "Кумтөрдү" миллиарддаган доого жыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын соту «Кумтөр» компаниясынан экологиялык мыйзамды бузгандыгы үчүн 261 миллиард 719 миллион сом айып пул өңдүрүү жөнүндө чечим чыгарды.
Бишкектин Октябрь райондук соту Айбек Сарыбаев, Наристке Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун жарандык доо арызын карап, «Кумтөр» компаниясынын Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн үстүнө өндүрүштүк таштандыларды төккөнүн мыйзам бузуу деп тапты. Аталган компаниядан мамлекетке 261 миллиард 719 миллион сом өндүрүүгө чечим кылды.
Ошондой эле компанияны 1 миллиард 308 миллион пошлина төлөөгө милдеттендирди.

Айтмакчы, бул чечимдин алдында Жогорку Кеңеш «Кумтөрдө» адам өмүрүнө жана экологияга коркунуч туулган учурда үч айга чейин тыштан башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун тездик менен кабыл алган болчу.
«Кумтөрдү» текшерип келген мамлекеттик комиссиясынын башчысы Акылбек Жапаров компаниянын мыйзамсыз иштеринен мамлекетке келген зыяндын көлөмүн 3,2 миллиард доллар деп эсептеп жатканын билдирген эле.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Кыргызстандын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманова Би-Би-Сиге эки ай мурда берген маегинде «Кумтөрдөгү" экологиялык зыянга өзүнчө токтолгон болчу.
"Кыргыз өкмөтү бекитип берген жерде музду чагып туруп алтынга жетип атышпайбы. Ошол чаккан муздарды таптаза бойдон башка жерге көчүрүп коюш керек эле. Ошону кылышпаптыр. Чаккан муздарды ылай-топурак менен кошо аралаштырып, өндүрүштүк таштандыга айландырып салышкан. Анын баарын Давыдов деген мөңгүнүн үстүнө жайгаштырышкан. Бул мыйзамга да туура келбейт, дүйнөлүк практикага да туура келбейт. Давыдов мөңгүсүнүн көлөмү 700 миллион куб болсо, анын үстүнө бир жарым миллиард куб таштанды төгүлгөндө, мөңгү жарылып, жыла баштаган. Ошол бөлүнүп-жарылган мөңгүлөр ушул күнгө чейин жылып келатат. Аны токтото албайбыз. Дамба курабыз деп аракет кылышкан, бирок токтото алышпады. Бул чоң зыян болду, кырсыкка алып келип жатат. 2019-жылы ошол жерде иштеп жаткан эки жумушчу каза болду. Бул түздөн түз ошол техникалык жана экологиялык эреженин бузулганынын кесепети",-деген Динара Кутманова.
"Центерра" компаниясы өз кезегинде соттун чечимин талашып, кийинки сот инстанцияларына кайрыла турганын билдирүүдө. 8-майда билдирүү таратып, Кыргызстандын жарандары жана Салык кызматы коюп жаткан доолордун "эч кандай негизи жок", ал эми компанияны сырттан башкаруу жөнүндө даярдалып жаткан мыйзам долбоорлору 2009-жылы кайра түзүлгөн келишимдерди бузууга жатат деп билдирди. Билдирүүдө "Кумтөр" долбоору боюнча келишим 2009-жылы кайра түзүлүп, аны Кыргызстандын парламенти менен Конституциялык соту жактырганы, ошондой эле алар 2017-жылы кайрадан бекитилгени, аны менен кошо айлана чөйрөнү коргоо боюнча өзүнчө стратегиялык келишим түзүлүп, ал 2019-жылы күчүнө киргени айтылат. Аталган стратегиялык келишимде Кыргызстан "Кумтөрдөгү" экологиялык зыян боюнча мурдакы доолордон баш тарткан болчу. (КС)









