Жоомарт Жолдошев: Centerra миллиарддаган айыпка макул болбойт

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Октябрь райондук соту "Centerra Gold Inc" компаниясы Кыргызстанга миллиарддаган сом айып төлөсүн деп чечим чыгарды. Эң башкы жүйөө экологияга байланыштуу.

Мындан сырткары сот компания салык боюнча милдеттерди да так аткарган эмес деген чечим чыгарды. Аталган компания болсо ага макул эместигин билдирди.

Би-Би-Си эл аралык арбитр, юрист Жоомарт Жолдошев менен маек куруп, "Кумтөргө" байланыштуу иш эл аралык сотко жетсе, процедура кандай болорун сурады.

Ж. Жолдошев: Биринчиден, кыргыз бийлиги тарабынан соттун чечимин "соодалашуунун" бир ыкмасы деп баалайм. Себеби, мындай ири суммадагы акчаны, көтөрүп келе жаткан маселени буга чейин дагы так ушундай жол менен олтуруп сүйлөшүүгө "соодалашып" келишкен. Мурун дагы ушинтип сотко беришчү. Андан кийин "Кумтөрдүн" ээлерин столго алып келип, ошол жерден жаңы келишим түзүүгө ыкма катары колдонуп келди.

Эл аралык арбитр, юрист Жоомарт Жолдошев

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл аралык арбитр, юрист Жоомарт Жолдошев

Эми райондук соттун чечимине кайрылсак ал жерде доо арыздар кыргыз жарандары тарабынан берилип жатат. Мунун себеби, буга чейин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан даярдалып, эки жылдан кийин Абылгазиев тарабынан кол коюлган келишим бар. Анда Кыргызстан тарап экология маселеси боюнча "эч качан сотко кайрылбайт" деп өз укуктарын берип койгон. Менин оюмча, ошол келишимди бузбоо үчүн аракет болсо керек. Өкмөт тарабынан эмес, жарандар тарабынан арыз берди болуп. Бирок эл аралык соттордо мындай нерселер өтпөйт. Себеби, ал жерде баары билинет.

Андан сырткары процедура боюнча бул иш азыр райондук сотто болгондон кийин аппеляциялыкка дагы, Жогорку Сотко дагы барышы керек. Андан чыгып, эл аралык сотко барат. Бул эми ошол аппеляция менен Жогорку Соттун аралыгында соодалаша турган нерсе. Анткени, мурдагыдай эле арбитражга "Кумтөр" тарабы берет. Себеби, алар дагы соодалашуу үчүн өз тарабынан ыкмаларын колдонот. Анан мындан ары эки тарап кандай "соода" жүргүзөт, кандай келишим болот, эмнелерди макулдашат ошого карап чечилет.

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Талаш-тартыш эл аралык сотко жете турган болсо, мындай жагдай эки тараптын кимисине, кандай пайда же кандай зыян алып келет?

Ж. Жолдошев: Сот албетте, эл аралык сотто, арбитраждык сотто өтөт. Себеби, ири инвесторлор чет өлкөгө барганда эч качан жергиликтүү сотторго ишенич көрсөтпөй, эл аралык арбитражды көрсөтөт. Бизде белгилүү болгон арбитраждар бар. Бул "Кумтөрдүн" келишиминде дагы сөзсүз түрдө арбитраж каралган. Эл аралык арбитр тандалып, ошол жакта каралат. Эл аралык сотко баруу "Кумтөргө" биринчиден өз инвестициясын, өз укуктарын коргогонго мүмкүндүк берет. Буга чейинки келишимдердин, мыйзамдардын өзгөргөндүгү боюнча алар өзүнүн позициясы менен өз инвестициясын коргогонго мүмкүндүк болот. Ал эми кыргыз тарап дагы ошол жерде экология маселесин көтөрүп, алдыңкы орунга койгонго да мүмкүн болот. Бирок мен айтып өткөндөй, Кыргызстандын экологиялык стандарттары эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан кыргыз бийлиги үчүн бул маселе оор болуп калышы мүмкүн. Зыяны тийип калышы ыктымал.

Эң чоң зыяндардын бири бул каржы маселеси. Андан сырткары инвестициялык климат. Эгер эл аралык сотко жете турган болсо Кыргызстан үчүн, жалпы эле инвестициялык климатка терс таасирин берет. Себеби, ар бир маселени Кыргызстандын өзүндө чече албай эл аралык сотко барууга мажбур болгон учурлар инвестор үчүн сигнал болуп саналат. Себеби, ар кандай жагдайлар болуп калышы ыктымал. Ошону мамлекет жеринен чечип, иштеп, колдоп кете алабы же болбосо укуктарын бузуп, аргасыздан эл аралык сотко барууга мажбурлайбы деп ойлондурат.

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Кыргызстан коюп жаткан эң башкы доосу экологияга байланышкан. Табият маселеси эл аралык сотто канчалык мааниге ээ?

Ж. Жолдошев: Азыркы учурда экология маселеси жалпы эле дүйнө жүзү боюнча эл аралык келишимдерде, инвестор менен мамлекет ортосундагы келишимдерде алдыңкы орундарда турат. Адам укугу менен катар десек болот. Экология маселеси адам өмүрү, ден-соолугу сыяктуу башкы сапта. Ал эми ушунун бардыгы биздин мыйзам, келишимдерде сөзсүз каралуусу керек. Тилекке каршы биздин келимдердин көбү эски болгондуктан, каралбай калган учурлар бар. Ошондуктан биз эл аралык келишимдерди толук карап чыгышыбыз керек. Бул маселени бир топ жылдан бери айтып келе жатам.

Экологиялык маселелер абдан маанилүү. Бирок анын маанилүүлүгүн ошол келишимдерде сөзсүз көрсөтүү зарыл. Бул экологиялык жана инвестициялык коргоо стандарттарынын катарына кириши керек. Ошондо гана инвестор тарабынан эгер ошол стандарттар, беренелер бузула турган болсо, анда инвестордун жумшаган инвестициясы коргоого жатпайт. Башкача айтканда, эл аралык сотко кайрылууга болгон укугу жокко чыгарылат. Эгерде бул маселе келишимде көрсөтүлгөн болсо. Ал эми "Кумтөрдүн" келишиминде менин билишимче Кыргызстан тескерисинче, экологияга байланышкан маселелер боюнча эч кандай доо койбойбуз деп туруп, стратегиялык келишимге кол коюп берип коюшкан.

"Центерранын" акциялары арзандады. 7-майда "Центерра Голддун" акциялары 30% төмөндөдү. 10-майда алынган маалымат.

Би-Би-Си: Эл аралык сотко катышуу, өз таламын жактоо боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы жокко эсе деп айтылып келет. Кыргыз тарап эмнени эске алуусу зарыл?

Ж. Жолдошев: Тажрыйба топтоп жатат, тилекке каршы утулуп жүрөт. Бул маселе боюнча мен көп айтып келгем. Эң маанилүүсү эл аралык юридикалык компанияларды жалдашат. Ал компаниялар Кыргызстан үчүн эмес десем болот. Көбүн эсе тажрыйбасыз компаниялар болуп калат. Буга чейин да эч ишеними жок компаниялар менен кызматташып келген. Акыркы убакта дагы тендер өткөрүп, эч тажрыйбасы жок жаш балдарды алышып, ошолорду ишке тарткан. Менимче ошону карабаса, юристтерди алмаштырбаса Кыргызстан эл аралык сотто дагы кыйналат.

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Райондук соттун чечимине макул эмеспиз деген "Кумтөр" ага каршы кандай аргументтер менен чыгышы мүмкүн?

Ж. Жолдошев: Мен келишимдин өзүн окуган жокмун. Бирок алар чечимге каршылыгын билдирет. Себеби, ал тарап андай чоң суммадагы акчаны төлөөгө оңой эле макул боло койбойт. Буга чейин да бул маселелер көтөрүлүп келген. Кандай аргумент менен чыгаары белгисиз. Бирок эң негизгиси булар эл аралык сотко арызданат го.

Би-Би-Си: Эл аралык сотко чыга турган болсо чыгымы да көп экени айтылып келет. Чыгымдарды кайсы тарап, кандай тартипте төлөйт?

Ж. Жолдошев: Чыгымдары албетте чоң. Эл аралык арбитражда инвестор менен мамлекет ортосунда болгон талаш-тартыш арзанга турбайт. Муну жеңилген тарап төлөйт. Утулган тарап уткан тараптын чыгымдарын кошо моюнуна алат.

Би-Би-Си: Сот жүрүп жаткан учурда "Кумтөр" ишин уланта береби же токтоп турабы? Буга чейинки практика кандай?

Ж. Жолдошев: Эң негизгиси сотко карайт. Эгер тараптардын бири арыз менен кайрылып, ишин токтотуу керек десе, кандай болорун сот чечет.