“Кумтөр” Кыргызстанга биротоло өттү, “Центерра” менен келишимге кол коюлду

Кыргызстандын президенти “Центерра” компаниясы менен келишимге кол коюлганын, ага ылайык “Кумтөр” алтын ишканасы жүз пайыз өлкөнүн менчигине өткөнүн билдирди. "Өлкөбүз үчүн бүгүнкү учурга ылайыктуу, максималдуу түрдөгү пайдалуу жыйынтыктарга жетише алдык деп дагы бир ирет ишенимдүү түрдө айта алабыз",-деди Садыр Жапаров Кыргызстандын калкына кайрылуусунда.

Кумтөр

Келишимдин шарттары боюнча “Кумтөр” ишканасы 100% Кыргызстандын өзүнүн менчигине өттү. Кыргызстан "Центеррага" андагы өзүнүн 26% үлүшүн өткөрүп берет. Эки тарап тең эл аралык инстанциялардагы бардык соттук доолорду токтотот.

“Центерра” 2021-жылдын 15-майында кенге тышкы башкаруу киргенден бери “Кумтөрдө” табылган таза киреше 320 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү сумманы Кыргызстандын менчиги деп тааныды.

Мындан сырткары “Центерра” Кыргызстанга өткөн жылдын эсебинен үч чейректин дивиденддерин 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө төлөп бере турган болду. "Центерра“ кыргыз тарапка андан башка дагы 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет.

Ошондой эле рекультивацияга каралган сумма - 53 миллион доллар Кыргызстанга берилет, бул акча мурда сыртта сакталып келген эле.

Кыргызстандын өкмөтү өкмө жылы май айында "Кумтөр" алтын кенинде тышкы башкаруу киргизип, аны иштетип келген "Центерра" компаниясын экологиялык жана экономикалык мыйзам бузууларга айыптап, миллиондогон суммага доо койгон.

"Центерра" да өз кезегинде эл аралык сотторго кайрылып баштаган. Андан кийин кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөр башталып, акыры ажырашуу жөнүндө келишимге кол коюу менен аяктады.

"Сүйлөшүүлөр абдан оор болду. Ошого карабастан, биз эң башынан тартып мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем турдук, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргодук. Башында бизди эл аралык коомчулукка „жапайы, баскынчы“ катары көрсөтүүгө аракеттер болду. Андан кийин да бизге өтө келишкис талаптарды коюшту. Биз баарына чыдадык, бекем турдук",-деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивидент алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз",-деди Садыр Жапаров.

Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.

"Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд долл киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо".

Эми канча жылдан бери талашып жүргөн байлык колго тийгенден кийин өкмөт аны ачык-айкын жана эффективдүү иштете алабы деген өзүнчө чоң беймаза суроо турат. Анткени, Кыргызстандын тажрыйбасында өкмөт өзү башкарган ишканалар көбүнчө кирешелүү болгон эмес, ал эми коррупциянын деңгээли чоң болот.

"Элге өттү 100 пайыз деген менен мурда “Центерранын” карамагында болгондо анын акионерлери дүйнөлүк чоң инвестициялык фонддор эле, алар канча алтын чыгып атат, канча инвестиция кеткенин кылдат карашат болчу. Баары ачык-айкын, сайттан көрө алат элек. Мына бир жылдан бери "Кумтөр" убактылуу башкарууда болуп келатат. Бирок мамлекет иштеткен компанияларда көп коррупция болот, жооптуу адамдарды көзөмөлдөгөнгө кыйын. Азыркы убакта "Центеррадан" бизге өткөндөн кийин көзөмөл бир гана парламент менен гана коомчулукта болот. Бизге мурдагыдай ачык-айкындык, отчеттуулук болобу-болбойбу деген суроо бар. Кандай иштеп жатканына сөзсүз түрдө күчтүү көзөмөл керек”,-дейт Нурсултан Акылбек, жарандык активист.

Дүйнөлүк ири инвестициялык фонддордун акционерлери кеткенден кийин, эми Кумтөргө негизги көзөмөлдү парламент жүргүзүп калат. Бирок парламенттин күчү дагы мурдагыдай эмес.

Бир жыл мурда болгон конституциялык реформадан кийин Жогорку Кеңеш көп ыйгарым укугунан ажырады. Эгер мурда ансыз деле нотариус парламент деген атка конуп келсе, азыркы жаңы курамында басымдуу бөлүгү өкмөткө жакын. Ошондуктан өкмөттөгү жетекчилер "кылыбыз кыйшайбайт" деп күпүлдөп сүйлөп келатат. 

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, Kumtor.kg

Кумтөрдөгү эң курч маселе экология. Өндүрүштүк таштандылар үстүнө төгүлө берип, миңдеген тонна мөңгү эрип кеткени анык болгон. Мөңгүлөргө тийбеш үчүн алтынды жер алдынан казган технологияга өтүш керек. Бул темада Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу менен он ай мурда дагы сүйлөшкөн элек.

“Андан коркпойбуз. Бир эле каражат жана убакыт керек. 2-3 жыл керек болот. Бара -бара ачык казганды таптакыр эле токтотолу деп атабыз”,-деген эле ошондо Теңиз Бөлтүрүк.

Кыргыз өкмөтү "Кумтөр" алтын кенине тышкы башкарууну өткөн жылы 15-майда киргизген. Ошондон берки башкаруу убагында көп айлап андагы экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөр жарыяланбай келди. Канча алтын казылып, канчасы каякка сатылып, андан мамлекеттик казынага канча акча түшкөнү көбүнчө жабык маалымат болуп турду. (КС)