“Центерранын” койгон шарттары Кыргызстанга жарактуубу?

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

“Центерра” компаниясы “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстанга өткөрүп берүүнүн шарттарын жарыялады. Расмий билдирүүдө сүйлөшүүлөр кандай гана бүтпөсүн, кыргыз тарап “Центеррадагы” үлүшүн өткөрүп берип, анын директорлор кеңешиндеги өкүлдөрүн чыгарып, Кумтөрдүн бүт жоопкерчилигин өзүнө алышы керектиги айтылат. Ошондой эле “Центерра” "Кыргыз алтынга” өткөн жылдын дивиденддерин төлөп берүүгө макул экенин билдирген.

Кумтөр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кумтөр" алтын кенине Кыргызстан өткөн жылдын ортосунда сырттан башкаруу киргизген.

Би-Би-Си убагында “Кумтөр” компаниясында менеджер болуп иштеген, азыр Кыргыз тоо ассоциациясынын президенти Ишимбай Чунуевди маекке тартып, “Центерра” коюп жаткан шарттардын оош-кыйышын сурады.

Ишимбай Чунуев

Сүрөттүн булагы, Facebook

И. Чунуев: “Центерранын” "Кумтөрдөн" башка Канадада Милиган деген, Түркияда – Гасфорд кендери бар. Монголияда да бир кен бар болчу, ал түгөнгөн. Биздин «Центеррада» 28% үлүшүбүз бар да. Ошону бүт бергиле деп атышат. Ачыгын айтыш керек, эгер бизде экономика туруктуу болуп, «Кумтөрдөй» дагы эки-үч компания болгондо, анда чыкпай эле, өнүгүп жаткан компания деп дүйнөлүк кадыр-барк үчүн кармап турсак болот эле. Бирок азыр биздин алган дивиденд экономикага жардам деле бербейт. Ал аз эле. Андан көрө өзүбүз иштетсек, ошондон көбүрөөк пайда болот.

Бирок андан башка дагы маселелер бар. Трасттык фондко рекультивация үчүн акча чогулдубу же жокпу? Рекультивациялык фондко чогулган акчага да тийбейсиңер дегендей болуп жатат окшойт.

Би-Би-Си: «Кумтөрдөгү» бардык жоопкерчиликти өзүңөргө алгыла деген, ошол рекультивация, экологиялык чыгымдардын баарын өзүңөр карагыла деп түшүнүү керекпи?

И. Чунуев: Азыр 590 миллион доллар биздин үлүшүбүз бар да «Центеррада», ошол калсын, тийбегиле, ошондой эле рекультивациялык фондко да тийбегиле дегендей сөз болуп жатат.

Анда рекультивациялык фондду биз өзүбүз чогултушубуз керек. 2026-жылыбы же 2031-жылыбы, кен токтогон учурда керек ал. Жабылардын алдында долбоор боюнча эки жыл мурун рекультивациянын чыгымын санап, даяр кылыш керек. «Центерра» долбоор боюнча каражат топтошу керек болчу. Экологиялык, өндүрүштүк тобокелдиктердин баарын өзүңөргө алгыла дегени ошол.

Би-Би-Си: Кыргыз өкмөтү сырттан башкаруу киргизип, өткөн жылдын июнь айынан бери өзү эле иштетип келатпайбы кенди. Бирок өндүрүштүк көрсөткүчтөрү ачык-айкын болбой жатат. Канча алтын казылып алынганы, ал каякка сатылып жатканы белгисиз болуп турат.

И. Чунуев: Сүйлөшүүлөр жүрүп атканда эки тарап өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү ачык көрсөтпөйбүз, өз ара гана көзөмөлдөп турабыз деп коюшкан. Бул башында ошондой сүйлөшүлгөн. Илгери деле ушундай болчу, 2003-2009-жылдарда деле.

Өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү көрсөтпөгөн менен, бирок авария болгон жок, өндүрүш токтобой иштеп атат. Алтын кайда кетип атат, аны эч ким билбейт. Мен ойлойм, албетте, буга көзөмөл болуш керек. Эми январь-февралда жылдык отчет болот, мамлекеттик органдарга тапшырыш керек маалымат. Ошондо билинет болуш керек.

Кумтөр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кумтөрдө алтынды жер алдынан казганга бардык шарт бар дейт эксперт Ишимбай Чунуев.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Кыргызстан «Центеррага» койгон негизги доосу мөңгүлөрдүн талканышы болду. Эми кенди өз колуна алгандан кийин мөңгүлөрдү талкалабай, алтынды жер астынан казып алганды башташы керек. Чыгымдар көбөйөт, ошондо Кумтөрдө рентабелдүүлүк кандай болот деп ойлойсуз?

И. Чунуев: Азыр алтындын баасы бир унцийи 1700, 1800 доллар болуп турат. Бир унцийи 35 грамм да. Баа деле ылдый түшүп кеткен жок, жакшы эле. Бул биринчиден. Экинчиден, азыр каражат болсо биз жер алдындагы запастарга геологиялык чалгындоону жүргүзүшүбүз керек.

Тезинен санап көрүш керек. Инфраструктура бар: фабрика, өндүрүштүк потенциал бар. Кадрлар бар. Баары эле бар, шарт жакшы эле. Жер алдынан казганда чыгымы көбүрөөк болот, бирок транспортировкага аз кетет.

Карьер беш-алты эсе чоң болуп, анын дагы чыгымдары көбөйүп калган. Ылдый жактан беш метрден өйдө ташып. Мурун өндүрүштүк калдыктар топтолгон жер жакын болчу, азыр алар алыс.

Тезинен ошого ТЭО жасаш керек. Алтынды жер алдынан казганга өтүш керек. Андай болбой, кайра мөңгүнү талкаласак, кыйын болуп калат.