Кыргыз өкмөтү "Центерра" менен эл аралык сотто кармашууга күчү жетеби?

Сүрөттүн булагы, b

    • Author, Кубат Чекиров
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Кыргызстандагы эң ири алтын кени болгон "Кумтөрдү" иштетип жаткан “Центерра” компаниясы Кыргыз өкмөтүнүн экологиялык жана башка доолору боюнча арызданып Гаагадагы эл аралык сотко кайрылганын билдирди.

Мамлекеттик экотехинспекция баардыгы “Кумтөргө” каршы экологиялык зыян боюнча жалпы суммасы жети миллиард сомго жакын төрт доо арыз менен сотко кайрылган. Бирок “Центерра” 2009-жылдагы келишим боюнча компаниянын иштерин жергиликтүү сот карабашы керек деп чырдашып, үч жыл бою сот "Кумтөрдүн" ишин карай албай келди. Акыры Жогорку Сот карап чечкенден кийин гана Бишкектин райондор аралык соту "Кумтөргө" каршы экологиялык зыян боюнча доолорду карап баштады.

Мындан сырткары, Кумтөрдөн "Центеррага" дивидент катарында которулган 200 млн доллар акчанын мыйзамдуулугу боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп жатканы белгилүү. Ошол иштин алкагында апрель айында "Кумтөр" компаниясынын кеңсесинде укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөн болчу.

Ошол эле учурда Мамлекеттик геология агенттиги экологиялык талаптарга байланыштуу компаниянын 2016-жылдарга тоо-кен иштеринин планына уруксат бере элек. Ошол себептүү “Кумтөр” июнь айынын аягында кенде иш токтоп калышы мүмкүн экенин жакында эле “Кумтөр Голд Инк” компаниясынын президенти Даниэл Дежарден эскерткен.

"Кумтөр" алтын кенин улутташтырууну талап кылып жергиликтүү тургундар дагы көп жолу каршылык акцияларын өткөрүшкөн.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кумтөр" алтын кенин улутташтырууну талап кылып жергиликтүү тургундар дагы көп жолу каршылык акцияларын өткөрүшкөн.

Эң башкысы, “Центерра” менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы “Кумтөр” долбоорун кайра түзүү боюнча сүйлөшүүлөр туюкта калган бойдон турат. Кыргызстандын өкмөтү “Кумтөр” долбоорун тең үлүштөгү биргелешкен ишкана кылып кайра түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен бойдон жаңы сунуш менен кайрыла элек.

Эксперттер эл аралык сотто "Центерра" менен кармашууга кыргыз өкмөтүнүн алы жетерине анча ишенбей жатышат.

"Эгерде "Кумтөрдө" чын эле коррупция бар болсо, аны ырастаган банктын котормолорунун документтери, трансакциялары бар болсо, анда күчтүү болот жана жеңет. Эгер жок болсо, анда Кыргызстандын позициясы алсыз болот, жеңилет. Анткени "Кумтөр" келишим боюнча иштеп жатат",-дейт Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев.

Кыргыз өкмөтү Центерра менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда чет өлкөдөн бир финансылык, бир юридикалык компанияны 3 млн доллар төлөп жалдап иштеткен. Ошол компаниялар кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүлөрдү сабаттуу жүргүзүүдө кыйла жардам беришкен. Ошондуктан кыргыз өкмөтү азыр дагы Центерра менен сотто кармашуу үчүн эл аралык күчтүү адвокаттык компанияны жалдабаса, өзүнүн күчү жана тажрыйбасы жетпейт деп жатышат.

"Чет мамлекеттен жакшы юридикалык компанияны алып, карап чыгыш керек. Сүйлөшүү процессинде чет элдик компанияларды чакырып жатпады беле, ошондой ыкманы колдонуш керек",-дейт Кыргыз тоо кенчилер ассоциациясынын президенти Ишенбай Чунуев.

Кыргыз өкмөтү “Центерранын” билдирүүсүнө жооп кайтара элек. Ошол себептүү анын эл аралык сотко чейин барар-барбасы азыр бүдөмүк болуп турат. Эгер барбай турган болсо, анда “Центеррага” экологиялык жана экономикалык зыян боюнча доолорду токтотууга тийиш. Бирок анда өкмөттүн өзү, "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Текебаев образдуу айткандай, чет элдик компаниянын алдында кол көтөрүп, "капитуляция" болгону үчүн кутулбас жаманатты сөзгө калып, кетпеске аргасы жок калат дешет.