Кумтөрдөгү купуя саясат эмнеге алып барат?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандын Министрлер кабинети жакында Кумтөр боюнча Жогорку Кеңеште атайын баяндама жасайт. Бул тууралуу парламентте Министрлер Кабинетинин төрагасы билдирди.
“Алтын тууралуу сиздерге жооп берүүгө даярбыз. Маалымат агенттиктердин бири-бирибизди тукуруп, ошол алтындын тегерегинде чырылдашып калсын дегенине жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да. Бир милиграммына чейин эсепте", - деди Акылбек Жапаров.

Сүрөттүн булагы, Official
Кумтөр - парламент каникулдан келери менен көтөргөн эң биринчи жана эң курч маселе болду. Бир мандаттуу округдан шайланган айрым депутаттар сыртка сатылган алтын боюнча өкмөттөн маалымат берүүнү талап кылышууда.
“Каникул учурунда көптөгөн сөздөр болду. Буга чейин жакшы болуп аткан Кумтөр боюнча маселелер бар. Суроо-жоопту качан кылабыз, төрага”, - деди Тазабек Икрамов.
“Кыска суроого жооп берип койсунчу. “Азаттыктан” чыгып жаткан 19 тонна алтын боюнча маалымат туурабы же туура эмеспи?”, - деди Шайлообек Атазов.
Ири алтын кени Кыргызстанга өтүп, кенге сырттан башкаруу киргизилген соңку бир жылда канча көлөмдө алтын өндүрүлүп, ал кайсы өлкөлөргө экспорт болуп жатканы тууралуу кыргыз бийлиги отчет бере элек.
Саясат талдоочулар өкмөттүн “Кумтөр" боюнча коммуникациялык саясаты осол болуп жатканын белгилешүүдө.
"Көбүнесе "Кумтөрдүн" Кыргызстанга өткөндүгүнө эле басым жасалып, эмоциялык өңүткө буруп, толук кандуу маалымат берүүдөн качып жаткандай сезим калтырууда. Мамлекеттик эле статистика комитетинин маалыматынан дээрлик 15 тонна алтын кайда сатылганы купуя экенин билип, ал боюнча өлкө президенти коопсуздук себебинен маалымат ачыкталбай, келечекте да купуя болорун айтканы эч кандай практикага, чындыкка дал келбейт", -дейт серепчи Эмилбек Жороев.

Сүрөттүн булагы, Akchabar
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент Садыр Жапаров 27-августта "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде, Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын билдирген. Бирок буга байланыштуу маалыматтын баары архивде сакталып калат деп кошумчалаган.
Президент соңку интервьюсунда “Кумтөр” баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын билдирди. Андан кийин алтын чет өлкөгө чыгып, дүйнөлүк биржада сатылат. Улуттук банк кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турат, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөт деди.
"Эч ким кайсы учак менен саат канчада, кайсы күнү каякка кеткенин сураган жери жок. Бирок орун алган бардык аракеттер боюнча - өндүрүш боюнча да, сатуу боюнча да, сарптоо боюнча да, башка да "Кумтөрдөгү" иштер боюнча - толук, деталдуу маалымат берилиши абзел. Бул жерде миллиарддап эсептелген акчанын маселеси, аны жалпы жондон эле "маяна көтөрдүк, имарат курдук" деген сыяктуу бир бүркүм сөз менен айтып коюу эч кандай жоопкерчиликке жатпайт. Маселе жүз сом же миң сом жөнүндө болсо, башкача болмок. Мындай купуялуулук, маалыматты бекитүү, анысын туура эле дегенсип президенттин кайра жактап кетүүсү - мунун баары өкмөткө болгон ишенимди кетирип, тескерисинче, суроолорго түрткү болууда. Ал суроолорго эртеби-кечпи, баары бир коом жооп сурайт,”- деп кошумчалады саясат талдоочу Эмилбек Жороев.
“Кумтөргө” байланыштуу коомдо кызуу талаш-талкуу күчөп турган маалда 2-сентябрда "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги күтүүсүздөн толук курамы менен кызматтан алынды.

Сүрөттүн булагы, Official
Ишкананын башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев ээлеген кызматынан бошотулушту.
Ушул эле күнү "Кыргызалтындын" башкармалык төрагасына 33 жаштагы Элдияр Калдарбековдун дайындалды.
"Өзгөрүүлөрдү биринчи кезекте таза иш алып баруу менен баштайбыз”, - деди жаңы жетекчи.
Бирок “Кумтөрдүн” алтыны учурда мурункудай “Кыргызалтын” аркылуу сатылбай, азыр Улуттук банк аркылуу сыртка соодаланып жатат.
Быйыл февралда Улуттук Банк былтыр алтындын запасын толтуруу максатында сатылган операцияларга байланыштуу экспорттун көлөмү көбөйгөнүн билдирди.
2021-жылы Кыргызстан 5 тонна 646,7 килограмм алтынды чет өлкөлөргө 308 миллион долларга сатканын кабарлаган.
Бирок кийин сандар өзгөрүп, былтыр 24 тонна 846,7 килограмм алтын 1,4 миллиард долларга экспорттолгону көрсөтүлдү. Ортодогу айырма 19,2 тоннаны түзүп, дал ушундай көлөмдөгү алтын "аты аталбаган өлкөлөргө сатылды" деп жазылган.
"Аталган каражат 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 миллион доллардын тегерегинде), башка милдеттенмелерди жана тышкы карызды төлөөгө (200 милион доллардын тегерегинде) жумшалган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деңгээли былтыркы жылдын аягында 169,5 миллион долларга көбөйүп, 2 миллиард 977,6 миллион долларды түзгөн", - деп түшүндүрдү Улуттук Банк.
Ал арада коомдук сайттарда Кыргызстан Швейцарияга былтыр Кыргызстандан 1,21 миллиард АКШ долларына тете импорт жасаганын тастыктаган шилтеме, сүрөттөр жарыяланды. Бул “Кумтөргө” байланыштуу кезектеги талаш-талкууларга дагы жем таштады.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Мурда “Кумтөр” ачык ишкана болгондуктан, алтыны да дүйнөлүк биржаларда ачык соодаланып келген. Акциялары дүйнөлүк фонддордо болгон, директорлор кеңеши болуп, отчет да берип келишкен. Эми мамлекетке өткөндөн кийин “Кумтөрдүн” башчыси тикелей президентке, өкмөт башчыга карап калды. Ошол үчүн миң жолу ачык кылабыз дегени менен баары бир көп суроолор пайда болуп жатат. Азыр 19 тонна, 21 тонна кайда кетти деген суроо башкы суроо болуп атат. Азыр эл ошону билгиси келет, себеби “Кумтөр” элдики болду дегенден кийин ошонун жообун күтүп отурушат. Анан мындай шартта анын жол-жобосун айтпайбыз дегени, сөзсүз түрдө, бийликке ишенимди кетирет”, - деди дагы бир серепчи Нурсултан Акылбек.
Жакында эле оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылы" президенттин Кумтөр жана анын алтыны тууралуу билдирүүсүн айыптап чыкты.
Аталган кыймыл Жапаровдун Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү тууралуу айткандарынан күмөн санап, кен тууралуу президенттин, өкмөт башчынын, Теңгиз Бөлтүрүктүн жана Улуттук Банктын маалыматтары карама-каршы чыгып жатканынан улам, коррупциялык жагдайлар барбы деген шектенүү коюп жатат.
БДК бул себептүү бийликтен Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн бардык келишимдерди, документтерди, аудиттин жыйынтыгын ачыкка чыгарууну талап кылды.
Ал арада коомдук сайттарда кыргыз бийлигинин Центерра менен макулдашуусунун жоболору деп ар кандай документтердин көчүрмөлөрү жарыяланып жатат.
Буга чейин “Кумтөрдү” соңку бир жылдан бери башкарып келаткан Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору кызматтан алынган. Буга ишкана ичиндеги сатып алууларда коррупция болгон деген шек негиз болгон эле.
Андан соң Акылбек Жапаров "Кумтөр" ишканасын сырттан башкаруу тартибин жокко чыгарган буйрукка кол койгон.
Ошентип, “Кумтөр” боюнча азыркы кыргыз бийлигинин купуя саясаты коррупцияны жашыруу аракетиби деген шек жаратып жатканда, өкмөт жакын арада толук маалымат беребиз деп шымаланып турган чагы.








