Атай Бейшенбек: Т. Бөлтүрүк боюнча чечим кабыл алуу Садыр Жапаровго абдан оор болду деп ойлойм

Сүрөттүн булагы, president.kg
Теңиз Бөлтүрүк кызматтан алынды деген кабар кызуу талкууда. Президенттин эң ишенген кадрларынын бири катары сыпатталган адамга байланышкан чечимден улам түрдүү божомолдор айтылууда.
Кыргызстандын башкы алтын кенин тескеген компаниянын ишин бир топ мезгилден бери сындап, улам бир документин талдоого алып жаткан жарандык активист Атай Бейшенбекти Би-Би-Си кепке тартты.
Би-Би-Си: Теңиз Бөлтүрүктүн тышкы башкаруучулугу боюнча буга чейин эле өзгөртүү болгону тууралуу маалымат айтылды эле. Тагыраагы ал “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин жетектей турган болду эле. Азыр ал адам кызматтан четтетилди деген кабарга кандайдыр бир тактоолорду киргизүү зарылдыгы барбы?
Атай Бейшенбек: Эгерде биз Министрлер кабинетинин тараткан маалыматынын юридикалык негиздемелерине карай турган болсок, Акылбек Жапаров чечим кабыл алып, мындан ары Т. Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” сырткы башкаруучусу болбой калды, биз атайын Улуттук холдинг жабык акционердик коомун ачтык, мына ушул холдинг “Кумтөрдү” сырттан башкарат деп өзүлөрү чечим чыгарышкан. Ошол холдингдин жетекчиси катары Теңиз Бөлтүрүктү бекитишкен. 23-августта берген маалыматына караганда, “болду башкарбайт, холдингди башкарат” деп маалымат беришти. Эми биз холдингден кантип, кайсы чечим менен “Кумтөр” чыгарылды деп сурашыбыз керек. Ошондуктан бул жерде Теңиз Бөлтүрүктү “Кумтөрдөн” четтеткени кандайдыр бир чоң операциянын башындай элестейт.

Сүрөттүн булагы, Official
Би-Би-Си: Теңиз Бөлтүрүктү кызматтан алуу боюнча негизги себеп катары финансылык мыйзам бузуулар айтылып жатат. ГСМ, тетиктердин кымбат алынышы деген мазмунда. Тагыраагы сөз эмне жөнүндө болуп жатышы ыктымал?
Атай Бейшенбек: Негизинен Теңиз Бөлтүрүккө коюлуп жаткан айып бул Эсеп палатасынын текшерүүсүнө негизделген. Алар толук кандуу текшерип бүтө элек. Текшерүү учурунда оперативдүү маалыматтардын негизинде “ГСМ, тамак-аш жана Кумтөрдө иштеген техникаларга тетиктерди сатып алууда өтө жогору бааларды койгон” деп айып коюп, финансылык директор экөөнү кызматтан четтетип жатат. Менин оюмча, бул жерде 2021-жылдын жыйынтыгында биз 865 миллион доллар киреше таптык деген. Ошондо биз таза кирешеси канча, чыгашасы канча деп суроолорду коюп келгенбиз. Анткени чыгашаны билмейин иштин канчалык негиздүү жүрүп жатканын көрө алмак эмеспиз. Бирок ошол эле учурда “Кумтөр” жалпы салыктардын баарын кошкондо 323,7 млн доллар Кыргызстанга түшкөн пайда деп жатат. Эми мунун ичинен кызматкерлердин Социалдык фондго которгон каражаттарын, салык төлөгөнүн баарын киргизип койду да. Калган ортодогу айырманы ким, канча, кайсы компанияларга которгону боюнча бүдөмүк болуп калды. Менимче четин иликтеп башташып, мыйзам бузууларды аныктаганда бул киши кызматтан алынды.

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov
Би-Би-Си: Сиз буга чейин эле Теңиз Бөлтүрүктүн ишмердигине сын айтып, күмөн санап келдиңиз эле. Сиз эмнелерге, кайсы аракет же чечимдерине каршы элеңиз?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Атай Бейшенбек: Теңиз Бөлтүрүктүн тышкы башкарууну киргизгенден кийин А. Жапаров, Д. Кутмановалар болуп маалымат жыйын өткөргөндө эле биз болжолдуу баабызды бергенбиз. Анткени ошол жерде туруп аткаруу мөөнөтү, каржы булактары, механизмдери көрсөтүлбөгөн абстракттуу бир механизмдерди айтып беришкен. Биз “Кумтөргө” эл аралык стандарттарды киргизебиз, экологиялык зыян келтирбеген технология, бирок кайсы технологияны, качан, кантип, кайсы адистер менен дегендин баары куру болуп калган. Биринчи, ал кишинин ишине көп суроолор жаралган. Экинчиден, Теңиз Бөлтүрүк Атамбаевдин убагында дагы бир нече ирет кайрылуу кат жолдогон. Ал ачык булактарда бар. Эгер ошол жерде айтылган аргументтерин карай турган болсоңуздар, көп суроо жаратчу учурлар бар. Анткени профессионалдык көз карашта, геологияга өмүрун арнап койгон адамдардын берген баалары менен Теңиз Бөлтүрүктүкү өтө айырмаланчу. Дагы бир жагдай, ал ишке киришкенден баштап, жабык форматта иш алып барганы күмөн саноолорду ого бетер күчөттү.

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov
Би-Би-Си: Азырынча шек саноо, ыктымал деген финансылык зыян тууралуу сөз жүрүп жатат. Иликтөө, тактоо иштери жүрүп, белгилүү бир убакыттан кийин финансылык зыян келбептир деген бүтүм чыгып калышы мүмкүнбү?
Атай Бейшенбек: Баарын күтсөк болот. Кармап кетип, бирок кийин акталып жаткан учурларды көрүп жатабыз. Ошол процессти ачык кылуу үчүн Эсеп палатасынын кандайдыр бир документине таянсак, ошону ачыктап жарыяласа жакшы болмок. Мисалы кызматкерлерге тамак алууда базар баасынан канча айырма болгонун, баарын көрсөтсө. Мисалы, эт он сомдон болуп жатса, 100 сомдон алыптыр дегендей жүйөө келтирсе биз ишенет элек. Бирок бул жерде соодалашуу же кандайдыр бир саясий процесстерге өтүп жаткан жагдайды элестетип жатат. Анткени эч кандай бир цифра ачык айтылган жок. ГСМ боюнча эле белгилеп кетейинчи. Теңиз Бөлтүрүк башкарып отурган учурда жайкы дизель кышкы дизелдин ордуна атайын техникаларга куюлуп, кислота аралашмалар менен кошулуп, 8 млн. доллар үнөмдөшкөн. Бирок ошол техникалар бузула баштаган. Мына ушундай айтылып жаткан фактылардын баардыгын коомчулукка ачык чыгарса, анда биз айтат элек.

Сүрөттүн булагы, official
Би-Би-Си: Сиз кышында пайдалана турган майдын ордуна жайында пайдаланчу майды куйган деп калдыңыз, муну эмнеге таянып айтып жатасыз, кандай фактыңыз бар?
Атай Бейшенбек: Садыр Нургожоевичтин өзүнүн маалыматы бар. Анткени ошол учурда техникалар бузулганда, өлкө башчысы өзү кенге барып, техникаларды көрүп, кызматкерлер менен сүйлөшкөн. Бул маалыматтар иликтөө этабында болчу.
Би-Би-Си: Эң кирешелүү тоо-кен тармагына жаңы мамиле, эл аралык стандартты билген адис деп жаткан учурда Теңиз Бөлтүрүккө байланышкан бул чечим эмнеден кабар берет?
Атай Бейшенбек: Негизинен бул кадр саясатынан кабар берет. Биз канчалык кооз сүйлөгөн менен кылган иш ошого дал келиши керек эле. Кадрлар бөлүмү 3-4 жолу алмашты. Казакстандан канчалаган адистерди чакырып келип, алар кетип жатышты. Монголдорго берип көрдүк, алар кетти. Кумтөрдүн кадр саясатында туруктуулук болгон жок.
Би-Би-Си: Талкуу жараткан бул тема мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн?
Атай Бейшенбек: Биринчиден, муну финансылык мыйзам бузуулардан мурда саясий чечим катары кабыл алыш керек. Анткени Теңиз Бөлтүрүк мыйзам талаасындагы кандайдыр бир нормалардан тайып [сырттан] алып келинген киши эле. Эми мунун уландысы кандай болушу мүмкүн? “Тамак-аш, ГСМ, тетиктерден акча жеди” деп шектелип жаткан адамды миллиарддаган акчаны айланткан Centerra компаниясы менен сүйлөшүүгө укуктуу кылып бекиткенбиз. Демек ал жерден көмүскөдөгү сүйлөшүүлөр, эсептөөлөр жүрүп кеткен жок деп ким кепилдик берет?
Би-Би-Си: Теңиз Бөлтүрүктү өтө тажрыйбалуу, эл аралык деңгээлдеги адис деп мактагандар бар, сиз сыяктуу кескин сындагандар да бар. Президент ал кишиге чоң үмүт артты эле, ишеничин актаган жок дегендерге кандай комментарий бересиз?
Атай Бейшенбек: Туура, президент үчүн абдан оор чечим болду деп ойлойм. Анткени президент бир нече жолку маегинде ушул Теңиз Бөлтүрүк, Акылбек Жапаровдорго ырахмат, мына кенди өзүбүзгө алдык деген. Бүгүн финансылык мыйзам бузууларды көрүп отурат. Эми дагы тереңдеп караса дагы башка саясий чечим кабыл алынат. Айла жок, бул ката болду, команданын катасы болду. Отчет жок.
Би-Би-Си: Сиз талдадым, анализ кылдым деп жаткан сандар, маалыматтар канчалык негиздүү деп эсептейсиз?
Атай Бейшенбек: Менин аргументтерим кандайдыр бир суроо жарата турган болсо, Теңиз Бөлтүрүк жана анын командасы жооп бермек. Көп маалыматты жашырып келгендиктен бул кишиге жооп берүү абдан оор болуп жатат. Себеби бир цифраны айтса, аны менен экинчиси, экинчиси менен үчүнчүсү байланышпайт.










