Кумтөр: Эң негизги көйгөйлөр - экология жана коррупция

Сүрөттүн булагы, Kumtor.kg
Кыргыз бийлиги "Кумтөр" алтын кенин канадалык компаниядан биротоло өткөрүп алганын чоң жеңиш катарында көрсөтүп жатканда, бийик тоо арасындагы кендин мындан аркы иштешине санааркаган да пикирлер айтылууда. Коомчулуктун жүрөгүн өйүгөн эки чоң көйгөй - коррупция жана экология болуп жатат.
"Центерра" менен ажырашуу аяктады
Июлдун аягында Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү. Ошол эле күнү келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына жүргүзүлгөнү кыргыз президентинин расмий сайтында кабарланды.

Сүрөттүн булагы, kumtor.kg
Келишимдин шарттары боюнча “Кумтөр” ишканасы 100% Кыргызстандын өзүнүн менчигине өттү.
Кыргызстан "Центеррага" андагы өзүнүн 26% үлүшүн өткөрүп берди. Эки тарап тең эл аралык инстанциялардагы бардык соттук доолорду токтотту.
“Центерра” 2021-жылдын 15-майында кенге тышкы башкаруу киргенден бери “Кумтөрдө” табылган таза киреше 320 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү сумманы Кыргызстандын менчиги деп тааныды.
Мындан сырткары, “Центерра” Кыргызстанга өткөн жылдын эсебинен үч чейректин дивиденддерин 11 миллион АКШ доллары суммасында төлөп берет.
"Центерра“ кыргыз тарапка андан башка дагы 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да ишке ашырат. Ошондой эле рекультивацияга каралган сумма - 53 миллион доллар Кыргызстанга берилет, бул акча мурда сыртта сакталып келген эле.
Кыргызстандын өкмөтү өткөн жылы май айында "Центерра" компаниясын экологиялык жана экономикалык мыйзам бузууларга айыптап, миллиондогон суммага доо коюп, "Кумтөр" алтын кенинде тышкы башкаруу киргизген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Центерра" да өз кезегинде эл аралык сотторго кайрылып баштаган. Андан кийин кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөр башталып, акыры ажырашуу жөнүндө келишимге кол коюу менен аяктады.
"Сүйлөшүүлөр абдан оор болду. Ошого карабастан, биз эң башынан тартып мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем турдук, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргодук. Башында бизди эл аралык коомчулукка „жапайы, баскынчы“ катары көрсөтүүгө аракеттер болду. Андан кийин да бизге өтө келишкис талаптарды коюшту. Биз баарына чыдадык, бекем турдук",-деди Садыр Жапаров.
Бийик тоо арасындагы алтын кенин "Центерра" 1996-жылдан бери иштетип келди, бирок кенди өзү башкарып, кыргыз өкмөтү четте калды. Ошончо жылдан бери "Центерранын" тапкан пайдасынан Кыргызстандын алган дивиденди көп эсе аз болуп келди. Ошондуктан кендин пайдасын жалаң эле чет элдик компания көрүп жатат деген нааразылык эл ичинде чоң болду.
"Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивидент алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз",-деди президент.
"Кумтөр" кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.
Кыргыз бийлиги жакынкы он жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алууну пландап жатат.
Бул үчүн жылына 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылыш керек.

Сүрөттүн булагы, Kumtor.kg
Көзөмөл жеткиликтүү болобу?
Кыргыз бийлиги ушундай оптимисттик билдирүүлөрдү жасап атканда, "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына баары эле калпагын көккө ыргытып кубанып жатат десек, ашыкча болот. Чет элдик компания экологиялык зыян үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кетти, эми кыргыз тарап анын көзүн таап иштете алабы деген кабатыр жарандар да бар.
"Кумтөрдү го толугу менен өткөрүп алдык, бирок андагы маселелерди чечүү колубуздан келеби? Андан көрө Кумтөрдөн казылып алынган алтындын 55% алып турабыз деп келишсе болмок. Канадалыктар "сөзгө келгиле, сүйлөшөлү! "-деп өкмөткө кайра-кайра жалдыраганда",-деп жазды социалдык тармакка Баян Жумагулова.
"Мисалы, өзбектер тышкы инвесторлор иштеткен кендеринин 65-70% бөлүгүнө ээлик кылат. Ошол себептен 55%ке Канада үндөбөй макул болмок, деп ойлойм. Кенден таптакыр кол жууп калгандан көрө тең кирешесин алып туралы, деп. Ал эле тургай кенди толугу менен рекультивациялап, тазалап кетесиңер дегенге көнмөк. Кенди башкаруучу Деректирлер кеңешинде кыргыздардын саны Канаданыкы менен тең болот, деген шарт койсок да көнмөк! Ошондо ишкер чечимдерге да таасир этмекпиз".
Кыргыз өкмөтү "Кумтөр" алтын кенине тышкы башкарууну өткөн жылы 15-майда киргизген. Ошондон берки башкаруу убагында көп айлап андагы экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөр жарыяланбай келди. Канча алтын казылып, канчасы каякка сатылып, андан мамлекеттик казынага канча акча түшкөнү көбүнчө жабык маалымат болуп турду.
Кыргызстанда мамлекет иштеткен бардык тармакта, чоң ишканаларда, анын ичинен тоо-кен тармагында дагы коррупциянын деңгээли чоң болуп келген. Ошондуктан эми наркы миллиарддаган доллар турган компанияны кыргыздар канчалык таза иштетет деген өзүнчө чоң суроо турат.
"Мына бир жылдан бери "Кумтөр" убактылуу башкарууда болуп келатат. Бирок мамлекет иштеткен компанияларда көп коррупция болот, жооптуу адамдарды көзөмөлдөгөнгө кыйын. Азыркы убакта "Центеррадан" бизге өткөндөн кийин көзөмөл бир гана парламент менен гана коомчулукта болот. Бизге мурдагыдай ачык-айкындык, отчеттуулук болобу-болбойбу деген суроо бар. Кандай иштеп жатканына сөзсүз түрдө күчтүү көзөмөл керек”,-дейт Нурсултан Акылбек, жарандык активист.
Мындай чоң кенди кыргыздар өздөрү иштетип кете алабы деген ишенбөөчүлүк маанай жок эмес. Бирок сырттан башкаруу болгон бир жыл ичинде кенде иш токтогон жок, бир дагы экологиялык же өндүрүштүк кырсык болгон жок.
“17-майдан баштап, бир да кырсык болбой иштеп жатканы, бул демек, адистик потенциал ал жерде бар. Бир күндө эле алып келип, ал жерде иштеп кете албайт эле. Бул деген инженердик коллектив, операторлор 100% биздин балдар. Техникада, бургулоодо иштеген баары бутуна турушту”, -дейт Кыргыз тоо ассоциациясынын президенти Ишенбай Чунуев.

Сүрөттүн булагы, kumtor.kg
Экологиялык коркунуч
Кумтөрдөгү эң курч маселе экология. Өндүрүштүк таштандылар үстүнө төгүлө берип, миңдеген тонна мөңгү эрип кеткени анык болгон. Мөңгүлөргө тийбеш үчүн алтынды жер алдынан казган технологияга өтүш керек. Бул темада Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу менен он ай мурда дагы сүйлөшкөн элек.
“Андан коркпойбуз. Бир эле каражат жана убакыт керек. 2-3 жыл керек болот. Бара -бара ачык казганды таптакыр эле токтотолу деп атабыз”,-деген эле ошондо Теңиз Бөлтүрүк.
Эми Кумтөрдөгү экологиялык кырдаал үчүн кыргыз бийлиги өзү жоопкер, "Центерра" доодон таза кутулду. Ошондуктан мөңгүлөргө тийбей, кендеги кырсыктардын алдын алуу аракеттерин көрүп, коопсуз өндүрүш жүргүзүшү керек.
Май айынын этегинде кендин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы борттордо жылыштар болуп жатканы жөнүндө кабар тараган. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мекеме аралык комиссия түзүп жөнөткөнү кабарланган.
«Кумтөр» кени геологиялык жана тектоникалык жагынан абдан татаал жер. Азыркы убакта биз ошол участкадагы жылыштардын себептерин аныктап жатабыз. Атайын адистешкен уюмдар иштеп жатат. 2002-жылы дагы ушул бортто жаракалар кетип, жылыштар болгон. 2006-жылы дагы ушул борт деформация болгон»,-деген «Кумтөрдүн» менеджери Алмаз Чомокеев.
"Эми, биз кутулгус азапка калдык. Кендин өндүрүш саркындысы топтолгон көлмөлөрдү оңдоп, завалдарды тазалап, кенди авариялык абалдан чыгаруу керек. Көлмөлөр жырылчу болсо, Нарын суусунун башы булганып, дайранын төмөн жагындагы кошуналардын айдоолору менен мөмө бактарына, ичүүчү суусуна зыян келтирип, доого жыгылабызбы деп кооптоном. Анын алдын алуу үчүн кендеги алтындан тапкан кирешебизди кенди оңдоп, түзөөгө жумшообуз керек. Антпеске айла жок, отвалдар кенди басып калып, өндүрүш караманча токтоп калса, бир грамм алтын ала албай калышыбыз мүмкүн",-дейт Баян Жумагулова.
Кумтөргө байланыштуу дагы бир олуттуу көйгөй бул – уу калдыктары. Кендеги уу калдыктарды сактоочу жайдын аянты 400 гектар. Анын көлөмү ушу тапта 100 миллион куб метрге чамалаганы айтылат.
“2003-жылы ал уу калдыктарын сакточу жайдын дамбасы жырылып, ошону эптеп жамап, дамбага GPS маркерлерин орнотушкан. Азыр дамбада өзгөрүүлөр бар, жылып атат. Уу калдыктарын сактоочу жайдан сыртка уулу заттар чыкканы жатат. Эгер кокустан ал жырылып кетсе, эмне учүн ага Кыргызстан жооп бериши керек?”, -деди эксперт Марат Мүсүралиев.
Уу калдыктар сакталган жайдын дамбасы Нарын дарыясына жакын жайгашкан. Эгер дамба жырылса, уу заттар суу аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанга чейин кетет. Бул Борбор Азиядагы экологиялык апаатка алып келиши ыктымал.
Айтор, Кумтөрдөгү экологиялык маселелер боюнча көп суроонун башы ачык калууда. (КС)
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:







