"Кумтөр": экологиялык кырдаал үчүн жоопкерчилик кимде?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Kumtor

Сүрөттүн булагы, Official

Кыргыз өкмөтү “Центерра” менен ажырашуу келишиминде кендеги экологиялык кырдаал үчүн экологиялык жоопкерчиликти өзүнө алды. Ошол эле учурда ага канадалык компания башкарып тургандагы экологиялык зыяндын ордун толтуруу маселеси кантип чечилет деген жагы бүдөмүк калууда.

"Центерранын" Кумтөрдөгү экологияга тийгизген зыянын көлөмү ар кайсы жылдары ар башкача болуп келди. Соңку 2021-жылы кенде иш алып барган мамлекеттик комиссия экологиялык зыян жана башка каржылык доолордун жалпы суммасы 3 миллиард доллардан ашык деп бүтүм чыгарган.

Канадалык компания менен болгон соңку келишимде ал зыянды эми ким төлөйт, белгисиз болуп калды. Президент Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусунда Кумтөрдөгү рекультивациялык фонд тууралуу гана учкай маалымат берип кетти:

“Биз “Кумтөр“ кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 миллион доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген”.

Japarov

Сүрөттүн булагы, Official

“Центерра“ Кыргызстандын айлана-чөйрөсүн коргоого, мындан тышкары, дагы 50 миллион доллар төлөй турган болду.

“Бул акчаны канадалык ишкерлер 2017-жылдагы келишимдин негизинде эле экологияга төлөшү керек болчу. Ал келишим чыккынчылык негизде түзүлүп калган. Себеби, ал келишимде экологиялык зыян, кырсык үчүн жоопкерчиликти Кыргызстан өз мойнуна алат делип калган. Ошол келишимдин негизинде алар бир жолку 50 миллион доллар ансыз деле төлөшмөк“, -деди экс-депутат Эркингүл Иманкожоева.

 Канадалык алтын өндүрүш компаниясы 1995-жылдан тарта 2014-жылга чейин кыргыз тараптын экологиялык талаптарын аткарбай, топурак калдыктарын мөңгүлөрдүн үстүнө таштай берип, мындай кээ бир таштандылардын бийиктиги 120 метрге чейин жеткени аныкталган.

Былтыр майда Бишкектеги Октябрь райондук соту Кумтөр кенинен чыккан өндүрүштүк топурак Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жайылып келгенин мыйзамсыз деп тапкан. Экологиялык зыян үчүн канадалык компанияга 261 миллиард 719 миллион сом доо коюлган. “Центерра” мындай доону четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрыларын айткан.

Эксперт Марат Мүсүралиев кыргыз өкмөтү жаңы келишимдеги экологиялык зыян тууралуу келишүүлөрдү ачыктаса болот эле дейт.

“Бул 261 миллиард доллар экологиялык айыпты эми биз кечип атабызбы? Эгерде кечип атсак анда эмненин негизинде? Анда соттун чечимин эми ким аткарып калат? Кыргыз өкмөтү ошол боюнча так маалымат бериши керек. Бул акча тигил тараптан төлөнөбү же кыргыз тарап эми өзү төлөп калабы?”.

Мүсүралиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марат Мүсүралиев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кумтөрдөгү экологиялык зыяндар боюнча Кыргызстанда биринчи жолу 2013-жылы эле кылмыш иши козголгон. Бирок ал эки жылдан кийин эле токтотулуп калган.

Баш прокуратура анда кылмыш ишин Кумтөр кенинде болгон экологиялык экспертизанын негизинде козгогон эле.

 Калия Молдогазиева 2011 жана 2013-жылы Кумтөрдө текшерүү жүргүзгөн көз карандысыз эксперттердин бири.

“Канадалык компания экологиялык зыяндарга жооп берүү жагынан суудан кургак чыгып кетип жатат десек болот. Кумтөр кенин иштетүүдөн Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эле талкаланган жок. Келечекте ал мөңгүлөр эрип отуруп, өндүруштүк суу менен камсыздап келген Петров көлү жырылып кетүү коркунучу бар. Андан тышкары ал жердеги жаратылыш, био ар түрдүүлүккө да доо кетти да”.

Былтыр Кыргызстанда УКМК Кумтөргө байланыштуу төрт кылмыш ишин козгоп, анын бири экологиялык зыян жөнүндө болгон эле. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мөңгүлөр жана суу, аба, айлана-чөйрөгө болгон жапайы мамиле үчүн “Кумтөр голд компания” ишканасынын жетекчилери жоопко тартыларын да убадалаган.

Мөңгүлөрдү айтпаганда, Кумтөргө байланыштуу дагы бир олуттуу көйгөй бул – уу калдыктары. Кумтөр кениндеги уу калдыктарды сактоочу жайдын аянты 400 гектар экени белгилүү. Алтын ылгап алгандан кийин чыккан уулуу калдыктардын көлөмү ушу тапта 100 миллион куб метрге чамалаганы айтылат.

“2003-жылы ал уу калдыктарын сакточу жайдын дамбасы жырылып, ошону эптеп жамап, дамбага GPS маркерлерин орнотушкан. Азыр дамбада өзгөрүүлөр бар, жылып атат. Уу калдыктарын сактоочу жайдан сыртка уулу заттар чыкканы жатат. Эгер кокустан ал жырылып кетсе, эмне учүн ага Кыргызстан жооп бериши керек?”, -деди эксперт Марат Мүсүралиев.

Уу калдыктар сакталган жайдын дамбасы Нарын дарыясына жакын жайгашкан. Эгер дамба жырылса, уу заттар суу аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанга чейин кетет. Бул Борбор Азиядагы экологиялык апаатка алып келиши ыктымал.

Айтор, Кумтөрдөгү экологиялык маселелер боюнча көп суроонун башы ачык калууда. Бирок кыргыз өкмөтү жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги азырынча бул суроолорго түшүндүрмө бере элек.