"Кумтөрдөгү" күзөтчү радарлар

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, kumtor.kg

“Кумтөрдөгү” карьерде автоматтык радар системасы жаңы эле орнотулган, алар техникалык кырсыктардын алдын алуу үчүн коюлган.

IDS GeoRadar радарлары борттордогу өзгөрүүлөрдү автоматтык түрдө карап турат. Бул радар системасы сатып алганына бир ай эле убакыт болду.

Кумтөр

“Автоматтык радар система деп коет, бортторду автоматтык түрдө карап турат. Кырсыктардын алдын алуу үчүн маанилүү”,-деген кендин директору Кубаныч Молдобеков Би-Би-Сиге.

IDS GeoRadar радарларын көзөмөлдөө тутумундагы акыркы моделдеги революциялык эки радар учурдагы мониторинг системасына кошулуп, ийгиликтүү орнотулуп, ишке киргизилген.

"ArcSAR Performants радары: жогорку тактык, башка радарлардан 360 градус көрүү бурчуна ээ, кеңири камтуу тактыгы жана 5 километрге чейин диапазону, өтө оор аба ырайы шарттарында иштейт, сканерлөө ылдамдыгы 40 секунддан мүнөткө чейин, орнотулган дифференциалдык GNSS үчүн тез системаны жайгаштыруу. Бул радарлар Борбордук карьерде жана Сарытөр менен Түштүк-Батыш карьеринде орнотулган. Кумтөр кен казууда эң инновациялык технологияларды колдонот",-деп билдирди "Кумтөрдүн" басма сөз кызматы жиберген кабарда.

Эки апта мурда “Кумтөр” кенинде чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы борттордо жылыштар болуп жатканы жөнүндө кабар тараган. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мекеме аралык комиссия түзүп жөнөткөнү кабарланган.

«Кумтөр» компаниясы түшүндүрмө таратып, борттогу жылыштар болуп жаткан участкада иш убактылуу токтогонун, ал эми кендин калган жагында иш кадимки режимде жүрүп жатканын билдирген.

Азыр адистер иш токтогон участкадагы абалды изилдеп жаткан убагы. Бул жакта кырдаал толук изилденип, коопсуздукка кепилдик пайда болгондо гана иш кайра жанданышы керек.

— «Кумтөр» кени геологиялык жана тектоникалык жагынан абдан татаал жер. Азыркы убакта биз ошол участкадагы жылыштардын себептерин аныктап жатабыз. Атайын адистешкен уюмдар иштеп жатат. 2002-жылы дагы ушул бортто жаракалар кетип, жылыштар болгон. 2006-жылы дагы ушул борт деформация болгон»,-деген «Кумтөрдүн» менеджери Алмаз Чомокеев.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Кумтөр” кенин башкарууну кыргыз өкмөтү өткөн жылы май айынын ортосунда өзүнүн колуна алып, аны иштетип келген "Центерра" компаниясын экологиялык жана экономикалык мыйзам бузууларга айыптап, миллиарддаган суммага доо койгон.

Андан берки өткөн бир жыл ичинде “Центерра” менен кыргыз өкмөтү бири-бирин сотко берип атып, акыры сүйлөшүүлөр менен иш бүттү. “Центерра” айрым шарттар менен “Кумтөр” кенин Кыргызстанга өткөрүп берүүгө макул болду.

Кыргызстандын президенти “Центерра” компаниясы менен келишимге кол коюлганын, ага ылайык “Кумтөр” алтын ишканасы жүз пайыз өлкөнүн менчигине өткөнүн билдирген.

"Өлкөбүз үчүн бүгүнкү учурга ылайыктуу, максималдуу түрдөгү пайдалуу жыйынтыктарга жетише алдык деп дагы бир ирет ишенимдүү түрдө айта алабыз",-деген Садыр Жапаров Кыргызстандын калкына кайрылуусунда.

Эки тарап кол койгон келишмге ылайык, Кыргызстан "Центеррага" андагы өзүнүн 26% үлүшүн өткөрүп берет. Эки тарап тең эл аралык инстанциялардагы бардык соттук доолорду токтотот. “Кумтөр” кениндеги өндүрүштүк, экологиялык абал үчүн жоопкерчиликти кыргыз өкмөтү өзүнө алган. "Центерра" дагы өз кезегинде бир топ шарттарды аткарууга тийиш.

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мындай чоң кенди кыргыздар өздөрү иштетип кете алабы деген ишенбөөчүлүк маанай болбой койгон эмес. Сырттан башкаруу болгон бир жыл ичинде кенде иш токтогон жок, бир дагы экологиялык же өндүрүштүк кырсык болгон жок.

“17-майдан баштап, бир да кырсык болбой иштеп жатканы, бул демек, адистик потенциал ал жерде бар. Бир күндө эле алып келип, ал жерде иштеп кете албайт эле. Бул деген инженердик коллектив, операторлор 100% биздин балдар. Техникада, бургулоодо иштеген баары бутуна турушту”, -дейт Кыргыз тоо ассоциациясынын президенти Ишенбай Чунуев.

Кумтө

Сүрөттүн булагы, kumtor.kg

Кумтөрдөгү эң курч маселе экология. Өндүрүштүк таштандылар үстүнө төгүлө берип, миңдеген тонна мөңгү эрип кеткени анык болгон. Мөңгүлөргө тийбеш үчүн алтынды жер алдынан казган технологияга өтүш керек. Бул темада Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу менен он ай мурда дагы сүйлөшкөн элек.

“Андан коркпойбуз. Бир эле каражат жана убакыт керек. 2-3 жыл керек болот. Бара -бара ачык казганды таптакыр эле токтотолу деп атабыз”,-деген эле ошондо Теңиз Бөлтүрүк.

Буга чейин Кумтөрдө жер көчүп, дайынсыз жоголгондор бар

Кумтөрдө 2019-жылы 1-декабрда тоо кен бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушев дайынсыз жоголгон. Канча издегени менен алардын дайын-дареги чыккан эмес. Өзгөчө кырдаалдар министринин ошол кездеги орун басары Калыс Ахматов Би-Би-Сиге буларды айтып берген эле.

"Жоголду делген төрт техниканын баары табылды. Мындан сырткары ошол жерде калды делген башка буюм-тайымдар чыкты. Мүмкүн болгон жердин баарын түбүнө чейин каздык. Колдон келген аракеттин баарын жумшадык. Акырында издөө иштери токтотулуп, ушундай чечим болду. Жоголгон эки жумушчунун туугандары дагы макулдугун берди. Компаниянын өз эрежелерине ылайык, эми алардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилет. Ал жагынан эч маселе жок. Бирок, канча өлчөмдө экени мага белгисиз. Аны компания менен профсоюзу чечет экен. Биз издөө иштерине техника, Канададан алынып келинген атайын жабдуунун баарын колдондук. Бирок жумушчулардан такыр эле дайын-дарек жок. Эң болбоду дегенде кийим кечеги, баштарына кийген коргоочу каскалары табылабы деп үмүт кылганбыз. Бирок эч кандай натыйжа болгон жок", -деген Калыс Ахматов.