"Күнүгө такси менен". ЖРТга элеттик окуучулар кантип даярданат?

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Курманбек кызы Нуржанат, Талас районунан алтын сертификат алган жалгыз окуучу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курманбек кызы Нуржанат, Талас районунан алтын сертификат алган окуучу

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырган жалпы республикалык тесттин сапаттык көрсөткүчү быйыл башка жылдарга салыштырмалуу эң жогору болду. Эң жогорку балл алган элүүдөн ашык бүтүрүүчүгө президент алтын сертификат тапшырды. Алардын басымдуу бөлүгү шаарда жана менчик мектепте окугандар. Бул тестте айылдын катардагы мектебинен суурулуп чыккандар бирин-серин.

Алардын бири Талас районунан алтын сертификат алган жалгыз окуучу Курманбек кызы Нуржанат. Ал үч ай бою күн сайын айылдагы мектептен кийин Талас шаарына такси менен жарым саат жол жүрүп, үч саат тестке даярдоочу кошумча сабакты окуп алып, кайра айылына кетчү. Ошентип эки жылкы эмгегинин үзүрүн бүгүн көрүп, эми ата-эне, мектеп мугалимдеринин сыймыгы болууда.

Талас, окуучу

Сүрөттүн булагы, NURJANAT KURMANBEK KYZY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эң негизги менин фундаментимди түзгөн бул – өзүмдүн билим алган мектебимдеги эжей-агайларым болду...”

“10-класстан баштап даярданууну баштагам",- дейт Нуржанат - "11-класста көңүлдүн баарын ЖРТга бурдум. ЖРТ жыйынтыгы 223 балл болду. Сынамык тесттерди көп тапшыруу дагы жакшы таасирин тийгизет экен. Кайра-кайра сынамык тест тапшыра берип, толкундануу жоголуп, негизги тесттин өзүнө киргенде оюң бир жерде, алагды болбойсуң. Эң негизги менин фундаментимди түзгөн бул – өзүмдүн билим алган мектебимдеги эжей-агайларым болду”.

Нуржанаттай болуп, ЖРТга кошумча окуп даярданууга мүмкүнчүлүк айылдык окуучулардын баарында эле боло бербейт. Көп ата-энелердин колунда жок. Айыл мектептеринде окуунун сапаты да төмөн.

Шаардагыдай кошумча курстар да жокко эсе. Ошондуктан айылдарда эгер республикалык тесттен жакшы натыйжа чыккан учурлар болсо, ал жеке аракеттердин аркасында болуп жаткан жыйынтык десе болот.

ЖРТга даярдаган бизнес

Кошумча курс окуп жаткан аймактагы окуучулар

Сүрөттүн булагы, SECOM

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кошумча курс окуп жаткан элеттик окуучулар

Кийинки учурларда ЖРТга даярдоочу курстарга болгон талап жогорулап жаткандай. Айрым менчик окуу борборлор аймактарда жатаканасына чейин ачып жиберген учурлар бар.

Айылдарды кыдырып, сынамык тест алып, болгон шартка ылайыктап, ыңгайлуу болууга аракет кылышат.

Бирок, мунун баары, албетте, капчыкка жараша болору талашсыз.

Кыргызстанда белгилүү болуп калган ЖРТга даярдоочу “Secom” жеке менчик курс борборунун жетекчиси Канат Орозбек уулу ата-эне жана окуучулар арасында тестке даярдануу керек деген түшүнүктүн өсүп бара жатканын билдирди.

“Окуйм дегендер көп. Ошого жараша окуучулардын талабы дагы чоң. Мисалы, бир жыл окуп коюу жетиштүү эмес экенин түшүнүп, көбүрөөк аракет кылып жатышат. Талап көп, ошого жараша кошумча даярдоочу курсту окуйм дегендердин саны дагы көбөйүп бара жатат. Бирок окуучулардын баштапкы билим базасы дагы чоң ролду ойнойт”.

Ар бир эле ата-эне көтөрө албайт

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бишкекте эле тестке даярдоочу элүүгө чукул курс бар. Алар акырындан аймактарда да ачылууда. Борбордо алардын баасы айына беш миң сом болсо, аймактарда 3500-4500 сомду түзөт.

Бул каражатты ар бир ата-эне көтөрө албайт. Айрым учурда жергиликтүү демөөрчүлөр аркылуу бүтүрүүчүлөргө курсту окуу мүмкүнчүлүгү берилет.

“Алыскы аймактардан тааныштар, жергиликтүү ишкерлер, депутаттар байланышка чыгышып, өздөрү туулуп-өскөн айылдагы окуучуларды окутуп берүүнү өтүнүшөт. Акысын алар төлөп берет. Бул жылы Араван районунда 400гө жакын окуучу менен иш алып бардык. Бир алтын сертификат чыкты. Биз иш алып барганда Араван районунда босого баллдан өткөн окуучулар 40% тегереги болчу. Азыркы кезде 2023-2024 окуу жылында 62% жетти. Жумгал, Кочкор боюнча 1200 окуучу менен иш алып бардык. Ал учурда Жумгалда босого баллдан өткөндөр 50 % тегереги болчу, быйыл 64% жетти. Кочкор району боюнча 55% болчу, бул жылы 65% жетти. 200 баллдан алгандардын саны экиден он үчкө жетти”,- дейт ЖРТ үчүн даярдап келе жактан мугалимдердин бири Марлен Исаков.

Мектепке -автоунаа, окуучуга- акчалай сыйлык

Бүтүрүүчүлөргө дем берүү үчүн мындан башка аракеттер да бар. Жер жерлерде мыкты көрсөткүчкө жеткен окуучуларга автоунаа ыйгаруу, акчалай сыйлык берүү жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Мунун баары аймактагы билимдин сапатын арттыруу максатын көздөп, активисттер көтөрүп чыккан демилгелер.

Кочкор, окуучуну сыйлоо

Сүрөттүн булагы, ORMON NURBEK UULU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кочкор районунда ЖРТдан жогорку балл алган мектепке автоунаа, ал эми окуучу менен мугалимге акчалай сыйлык тапшырылды.

Мугалимдерди дагы окутуу керек

Жергиликтүү билим берүү башкармалыгы дагы мектеп менен жеке менчик окуу борборлорунун ортосунда көпүрө болуп берүүгө аракет кылат. Себеби, азырынча тестке даярдоочу мамлекеттик мекемелер жок. Айылдагы окуучулар шаарга барып, тестке даярдануу үчүн убактылуу окуудан бошотулган учурлар бар.

Аймактарда болжол менен он беш миңге чукул окуучу жеке менчик курстарды онлайн, оффлайн түрүндө окуйт. Окуучулар өздөрүнүн мектебиндеги мугалимдерди дагы тестке даярдоого окутса деген пикирин билдирүүдө. Бул алар үчүн бир топ ыңгайлуу болмок.

Жеке менчик окутуу борборлору дагы мугалимдерди тестке даярдоо ыкмаларын үйрөтүүгө ынтызар. Эгерде министрлик тараптан колдоо болсо, аймактагы окуучулардын дагы ЖРТдагы жетишкендиктери өсмөк дешет.

"Мен Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында жашайм. Биздин райондо тестке даярдануучу курстар жок болгондуктан, бир жарым ай бою Нарын шаарына барып окуп жаттым. Бул биз үчүн бир топ ыңгайсыз. Жол алыс болгондуктан, башкаларга окшоп бир жыл бою бул курсту толук окуй албайбыз. Жыйырмадай классташым алты жума гана окудук. Ошондо дагы былтыркыга салыштырмалуу жакшы жыйынтык болду. Элестетиңиз, биз деле бир жыл бою даярдансак, кандай жетишкендик болмок эле",- дейт Кара-Суу айылындагы Карпеков атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Нурдөөлөт Жеңишбек уулу.

Билим берүү министрлиги өз кезегинде элеттеги бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөдөгү жыйынтыгын дагы да жакшыртуу үчүн тийиштүү чараларды көрө турганын айтууда.

Расмий маалымат боюнча, быйыл тест тапшырган 51 946 бүтүрүүчүнүн 67,8% босого балдан өттү. ЖРТнын орточо сапаттык көрсөткүчү быйыл башка жалдарга караганда эң жогору болуп, 128,4% түздү.

2022-жылы айылдагы орто мектепти бүтүп келген он бир окуучу алтын сертификатка илинсе, 2023-жылы алардын саны үчөө гана болуп калган. Быйыл болсо элеттен келген сегиз окуучуга берилди.

Жалпы республикалык тест сынагы Кыргызстанда 22 жыл мурун коррупциядан таза жол катары киргизилген. Бул жагынан ал Борбор Азия эң ийгиликтүү долбоор болуп макталууда.

Бирок ага даярдануу шарттары айылдык, колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдарына анча жеткиликтүү болбой келатат.