Изилдөө: Бот СhatGPT сынакты адамдан жакшы тапшырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жасалма интеллект университеттеги сынакты чыныгы студенттерден жакшы тапшыра алат, ал эми текшерген адамдар анын жасалма экенин тааный алышпайт, дейт изилдөө жүргүзгөн британ окумуштуулары.
Рединг университетинин изилдөөчүлөрү өздөрүнүн изилдөөсүнө бот ChatGPT —жасалма интеллектини колдонгон тиркемени тандап алышты.
Анын жардамы менен алар 33 жасалма студент түзүп, аларды ушул эле университетте бакалавр даражасына алууга психология боюнча сынак тапшыртып көрүштү.
Жасалма студенттердин көрсөткөн натыйжасы орточо алганда чыныгы студенттерге караганда жарым баллга жогору болду.
Ал эми жасалма интеллект жазган эссени тирүү жан жазган иштен айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес: иштердин 94% текшерүүчүлөр кымындай да шек санаган жок.
Изилдөөнүн жыйынтыгын анын авторлору Plos One журналына жарыялашты. Анда алар реалдуу алганда жасалма интеллект аткарган ишти аныктоонун көрсөткүчү дагы төмөн болушу керек деп белгилешти. 6% көрсөткүчтү алар ашыкча жогору деп эсептешет.
«Бул кабатыр кылбай койбойт, анткени жасалма интеллектинин жардамы менен аткарылган иштер реалдуу студенттерге караганда жогору баа алышты, -деп айтылат изилдөөдө. — Демек, студенттер жасалма интеллектинин жардамы менен каалагандай көчүрүп, өз күчү менен тапшыргандарга караганда жогору баа ала беришет турбайбы».
Изилдөөгө жетекчилик кылган доцент Питер Скарф менен профессор Этьен Рош алар алган натыйжа бүт дүйнөнүн окутуучулары үчүн «жаман кабар» деп билдиришти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Скарфтын айтымында, көп университеттерде студенттер кол менен жазган салттуу сынактар болбой калган заманда, жасалма интеллектинин жардамы менен көчүрүп алуу менен кантип күрөшүү жөнүндө ойлонуу керек.
«Тапшырманы кол менен жазып аткарган сынактарга кайталы деп жаткан жокпуз, бирок жасалма интеллектинин өнүгүп жатканын эске алып, билим берүүнүн глобалдуу сектору да өзгөрбөсө болбойт», — дейт Скарф.
Изилдөөнүн жүрүшүндө биринчи, экинчи жана үчүнчү курстардын модулдары үчүн жасалма интеллект аткарган сынактын жооптору жана эсселерин чыныгы студенттер аткарган иштер менен кошо, авторлугун көрсөтпөй туруп аралаштырып беришкен.
Биринчи эки курста жасалма студенттердин жооптору чыныгы студенттердин аткарган ишинен ашып түштү. Бирок чыныгы студенттер үчүнчү курстун сынагында жогору натыйжаларды көрсөтүштү.
«Бул жасалма интеллектинин азыркы инкарнациясы абстрактуу ой жүгүртүүгө келгенде кыйналат деген пикирге туура келүүдө», -дейт изилдөөчүлөр.
Азыркы күндө бул жасалма интеллектинин окуу процессиндеги таасирин текшерген эң ири жана олуттуу изилдөө болуп саналат.
Окумуштуулар жасалма интеллектинин билим берүүгө таасири жөнүндө кабатыр ойлорун көп айтып жатышканда, Глазго университетинде жакында курстардын биринде сынакты түздөн түз тапшырууну кайта киргизишти.
Жыл башында Guardian гезити эссе жазууда көпчүлүк студенттер жасалма интеллект программасын колдонгонун көрсөткөн башка изилдөө тууралуу кабарлаган. Бирок анда студентердин өздөрүнүн айтымында, алардын 5% гана жасалма интеллект аткарган текстти эч кандай оңдобой колдонушкан. (КС)








