Эгемендүү билим берүү: өрнөгү жана өксүгү

Мектеп окуучу

Сүрөттүн булагы, kutbilim

Кыргызстанда кезектеги жаңы окуу жылы башталар алдында "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамга кол коюлду. Мектеп директорлору менен анын окуу жана тарбия боюнча орун басарларынын эмгек акысы 50% көбөйдү. Өткөн жылы мугалимдердин эмгек акысы отуз жылда биринчи жолу масштабдуу түрдө 80-100% көтөрүлгөн эле. Соңку чаралар улуттук билим берүүнүн деңгээлин технологиялык атаандаштык күчөгөн азыркы дүйнөдөгү талаптарга ылайык көтөрүү максатын көздөйт. Эгемендиктин өткөн жылдарында билим берүүнүн сапаты түшүп, аны жакшыртуу үчүн мамлекеттик масштабдуу чаралар зарыл болууда. Азыркы жасалма интеллект дүркүрөп өнүккөн глобалдык рынокто атаандашууга кудуреттүү болуш үчүн Кыргызстанга биринчи кезекте сапаттуу билим берүү керек.

Билим берүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өткөөл мезгилдин сыноосу

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин мурда идеялык багыты жана мазмуну бүт Москвадан башкарылып келген билим берүүнү эгемендиктин жолуна которуу милдети турду. Бул үчүн укуктук базаны, окуу программаларын, стандарттарын жана окуу китептерин, усулдук колдоо системасын кайра түзүү керек эле. Бирок андан да маанилүү маселе - билим берүүнүн союз убагындагы жеткиликтүүлүгүн сактап калуу жана жабыла менчиктештирүүнүн толкунунан билим очокторун коргоп калуу болду.

Жаш мамлекет мурда алып келген 500 млн рубль союздук дотациянын ордун толтура албай, казынада каражат каат болуп, мугалимдердин эмгек акысы үч-төрт айлап кечиккен оор учурлар болду. Ошол 90-жылдары кризис убагында 70 миңдей мугалимдин 14 миңи мектепти таштап кетти. Мектепке барбай калган балдар андан да көп болду.

Мектептердин керектөөлөрүн жергиликтүү бийлик органдары камсыз кыла албай, капиталдык салымга акча дээрлик бөлүнбөй калды. Мектептердин айрым чыгымдары ата-энелердин мойнуна түштү.

Пландуу экономикадан базар экономикасына өткөн өлкөдө менчиктештирүү процесси кулач жайып, билим берүүнүн мүлк имараттары дагы четинен сатылып кете баштады. Ошондо биринчи президент Акаевдин туура кабыл алган чечимдеринин бири билим берүү тармагындагы объектилерди менчиктештирүүгө тыюу салынганы болду. Мына ушул жарлыктын негизинде билим берүү системасын жапайы менчиктештирүүнүн чеңгэлинен сактап калууга мүмкүн болду. Бирок ага чейин эле ондогон бала бакчалардын имараттары менчиктешип кеткен эле, прокуратура бул имараттарды ушул күнгө чейин кайтарып алууда.

Ошол эле учурда билим берүү тармагы эски советтик идеологиялык чидерди чечип таштап, демократиялык жолго бет алып, жаңы нарктарга таяна баштады.

"Билим берүүнү уюштуруу иши катаң, унификацияланган формалар менен идеологиялык канондордон суурулуп чыгып, эгемендиктин баштапкы этабында сыртынан чаржайыт көрүнгөн менен өнүгүүнүн изденүү фазасында болду"-деп жазат мурдагы билим берүү министри, профессор Ишенгүл Болжурова. (Кыргызстандагы билим берүү: тарых, проблемалар, жетишкендиктер. Бишкек 2018).

Мектептеги билим берүүнүн ар кыл формалары: лицейлер, гимназиялар, автордук мектептер, жеке менчик мектептер түзүлдү. Анын ичинде Бишкекте кыргыз тилде окуткан мектептер көбөйдү. Совет заманында баш калаада кыргыз тилдүү бир гана мектеп бар эле. Бирок кыргызча окуткан мектептердеги билим сапаты орус тилдүү мектептерден кыйла эле артта турат.

Мугалим тартыштыгы: статус жана депозит

Мугалим

Сүрөттүн булагы, kutbilim

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Совет заманында мугалимдерге мамлекеттен социалдык колдоо жакшы болуп, отун-суу акысын төлөөдө жеңилдиктер берилчү. Эгемендик келгенде ал жеңилдиктер жоюлуп, мугалимдерге социалдык колдоо көрсөтүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөп коюшту. Кээ бир кирешелүү айыл өкмөттөрүндө гана мугалимдерге жардам болбосо, өздөрү эптеп дотацияда отурган аймактардын педагогдорду караганга чамасы жок болуп жатты.

Эмгек акынын аздыгынан мугалимдер мектептен кете баштаган көрүнүш күч алды. Миңдеген мугалимдер мектепти таштап, көк пакетти көтөрүп, базарга чыгышты. Чүй областындагы Казакстанга чектеш айылдардагы мугалимдер коншу өлкөнүн мектептерине барып сабак берген учурлар болду.

Ушундай кыйын учурда мугалимдердин мектептен жапырт кетишин токтотуу үчүн Жогорку Кеңеш 1998-жылы “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Бирок андагы каралган жеңилдиктер деле анчалык чоң өзгөрүү алып келген жок. Донор уюмдардын жардамы менен министрлик “Жаш мугалимдин депозити” долбоорун ишке ашыра баштады. Анын алкагында жаш мугалимдерге кошумча эмгек акы үч жыл бою төлөнүп, депозитке салынып турду. Шарт боюнча мугалим үч жыл бою мектептен кетпей иштеш керек эле. Бул мугалим тартыштыгын кайсы бир деңгээлде жеңилдеткен чара болуп бир нече жыл иштеди.

Мугалимдердин эмгек акысы бюджеттин чамасына жараша көбөйтүлүп турган менен өлкөдөгү эң төмөнкү айлык болуп жатты. Агартуучулардын айлыгы биринчи жолу масштабдуу түрдө 80-100% жогорулаган учур 2022-жылы гана болду.

Өкмөт мугалимдердин эмгек акысы масштабдуу түрдө көбөйгөндөн бир жылдан кийин алардын кесиптик даярдыгын күчөтүү жөнүндө маселени кабыргасынан кое баштады. 2023-жылы июль айында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мугалимдер кесиптик даярдыгын көрсөтүш үчүн ата-энелерге экзамен тапшырсын деген талап койду. Бул сунуш социалдык медиада бир топ курч талкуу жаратты, бирок бул сөздүн төркүнү мектепте азыркы талапка ылайык кесипкөй мугалимдер иштесин деген ой эле.

Кыргызстан үчүн мугалимдерди даярдоонун деңгээлин көтөрүү дагы эң орчундуу милдеттерден болуп саналат.

"Биз билим берүүнү реформалап жатканда педагогдорду даярдоо, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү жеткиликтүү кылуу, каржылоо системасын, илимди өнүктүрүүдө эски мамилелерден баш тартуубуз керек. Дүйнө өзгөрүп жатат, биз дагы мезгилден артта калбашыбыз керек",-деген жазындагы чоң жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев.

билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев.

Сүрөттүн булагы, kutbilim

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев.

Мугалим баркы жана наркы

СССР заманында Кыргызстандан эки мугалим союздагы эң жогорку Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына ээ болгон эле. Ал эми Кыргызстандын отуз жылдан ашуун эгемен өнүгүү жылдарында өлкөдөгү эң жогорку наамды саясатчылар, акындар, жазуучулар, дарыгерлер, артисттер алды, бирок аны бир да мугалимге ыраа көрүшкөн жок. Бул жогорку саясий жетекчиликтин мугалимдерге болгон мамилесинин бирден бир көрсөткүчү экени талашсыз.

Бирок азыркы бийлик бул өксүктү оңдой турганын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жарыя айтып келатат. Ушул жылы эгемендик күнүнө карата эки эң чыгаан мугалимге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылат деп коомчулук жакшы тилек менен күтүүдө.

Мамлекеттик наам демекчи, мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамдан “Эл мугалими” жогорку наамын да алып коюшкан. Азыр анын ордуна министр жыл сайын эң чыгаан мугалимдерди аныктап, аларга мамлекеттен кеминде 100 миң сом эмгек акы төлөө жөнүндө демилге көтөрүп, азыр анын макулдашуу стадиясы жүрүп жатат.

ЖРТ-коррупцияга каршы ийгиликтүү долбоор

ОРТ

Сүрөттүн булагы, kutbilim

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жалпы республикалык тест 2002-жылы кирди

Эгемен Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн эң айкын жана мыкты мисалы катары жалпы республикалык тесттин киргизилгени болду. Мурда союздун башка республикаларындай эле Кыргызстанда да жогорку окуу жайларга кабыл алууда акча, протекция көйгөйү абдан чоң эле.

ЖРТ киргенден кийин бул өнөкөт оору дээрлик жоюлду. 2002-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлигинин заказы боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрөт. Ага катышып 110 баллдан жогору алган абитуриенттер жогорку окуу жайларга талон таштап, чыныгы атаандаштыктын негизинде тапшырышат.

"2001-жылы коррупцияга каршы катуу күрөш башталган. Ошол убакта жогорку окуу жайына абитуриентти өткөрүү коррупциянын өзөгүнө айланган эле. Ал учурда жумушсуздук, миграция маселелери күч алган. Эл арасында акыркы уйумду сатсам дагы баламды окутам деген сөз болуп келди. Мына ошол маалда ЮСАИД өкмөт менен сүйлөшүп, бизге жаңы долбоорду сунушташты",-дейт экс билим берүү министри Ишенгүл Болжурова. (Super.kg)

"Жогорку окуу жайына 4050 жакын мамлекеттен орун берилиптир. Тестти киргизген америкалыктардын принциби ким жакшы балл алган болсо, ошолор гана окуу жайга кабыл алынып, калгандарына мүмкүнчүлүк каралган эмес экен. Айылдан келген балдар үчүн бюджеттик окууга өтүүгө мүмкүнчүлүк такыр эле жок болуп калчудай. Себеп дегенде 90-жылдары 14 миң мугалим ишин таштап, айылдагы билим берүү абдан оор абалда калган...Акыры ошол 30 миң тест тапшырган абитуриенттердин санын айылдан жана шаардан бүткөндөр деп бөлүп чыгардым. Ошондо айылдан келген бүтүрүүчүлөргө 80% бюджеттик орунду бердик".

ЖРТнын быйылкы орточо көрсөткүчү 121,9 балл болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,1 баллга жогору болду.

ПИЗА сынагында эң арттагы өлкө

Билим деңгээлин баалоонун эл аралык сынагы болгон ПИЗАга Кыргызстан эки жолу - 2006 жана 2009-жылдары катышып, тизменин эң артынан орун алды. Бул өлкөдөгү билим берүүнүн канчалык артта калганын көрсөткөн кашкайган факты болуп калды. Эл аралык изилдөөдө 15 жаштагы кыргыз окуучулары билимин көйгөй чечүүгө колдоно албайт, илимий кубулуштарды талдай албайт деп айтылган. Башкача айтканда окуучулардын функционалдык сабаттуулугу төмөн деп белгиленген.

Ошондон бери Билим берүү жана илим министрлиги ПИЗАда аныкталган кемчиликтерди оңдоонун аракетин көрүп, 2025-жылдагы сынакка катышууга камынууда.

Расмий маалыматтар боюнча, биринчи жолу ПИЗАга даярдоодо 4-8-класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун баалоо жүргүзүлдү. 5-6-7-класстын санарип жөндөмдөрү бааланды.

"Биз кырдаалды кардиналдуу түрдө өзгөртүүбүз керек, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө колдо болгон мүмкүнчүлүктүн баарын жумшашыбыз керек",-дейт Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

ЖОЖдор реформасы: жаштар көчө таптагандан көрө окусун

Манас университети

Сүрөттүн булагы, manas.edu.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-түрк "Манас" университети глобалдык соңку рейтингде дүйнөлүк 900 университеттин катарына кирди.

Эгемендиктин биринчи он жылдыгы жогорку окуу жайлардын жаандан кийинки козу карындай жайнап ачылышы менен эсте калды. Эгерде союз убагында Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын саны он чакты эле болсо, эгемендиктин алгачкы жылдарында эле бул сан беш-алты эсе көбөйдү. Президент Акаев ар бир областта бирден мамлекеттик университетти ачты, ошол эле убакта жеке менчик жогорку окуу жайлары түзүлүп жатты. Башка мамлекеттер менен кызматташтыктын негизинде мамлекет аралык жогорку окуу жайлар уюшулду. Биринчи болуп Кыргыз-орус Славян университети түзүлдү, анын соңунан Кыргыз-америка факультети, Кыргыз-өзбек университети, Кыргыз-түрк Манас университети, Нарындагы Борбор Азия университети иштеп баштады.

Бишкек шаарында биринчилерден болуп жеке менчик тил коллежи ачылып, ал бат эле Чүй университети болуп кайра түзүлдү. Ошондой эле Эл аралык инновациялар технологиялар университети, Адам, Азия медициналык институту, ИСИТО сыяктуу жождорду атай кетсек болот. Балыкчыдагы Укук жана социалдык өнүгүү институту сыяктуу конкуренцияга жарабай жабылып калгандары да болду.

Ошол убакта билим берүү жана илим министри Чынара Жакыпова жогорку окуу жайларды чаржайыт эле ача берүүгө макул болбой, кызматынан кетти. Бирок Акаевдин администрациясы региондордун өнүгүшү үчүн университеттер керек деген позицияда турду. Жакыпованын ордуна билим берүү министри болуп келген академик Аскар Какеев аймактык университеттерди ачууну туура багыт деп атады. Анын негизги жүйөсүнө караганда, өлкөдө завод-фабрикалар иштебей калып, массалык жумушсуздук шартында жаштар эч болбосо бир жогорку окуу жайда окуп, кесип ала бергени оң, болбосо окубай көчө таптап калган жаштар жапырт социалдык бузуку жолго түшүп кетсе, кесепети оор болмок эле.

Жогорку окуу жайларда эл аралык стандарттарга теңелүү максатында Болон системасындагы батыштын окуу-кредиттик модели киргизилди.

Азыркы учурда Кыргызстанда алтымыштан ашык жогорку окуу жайы бар. Анын ичинде 35 жеке менчик.

Кыргыз-түрк "Манас" университети лидер болуп, глобалдык соңку рейтингде дүйнөлүк 900 университеттин катарына кирди.

Кыргыз өкмөтү өткөн жылы мамлекеттик жогорку окуу жайларын бириктирип кайра түзүп, алардын бешөөнө – Улуттук университетке, техникалык университетке, медакадемияга, ОшМУга, агрардык академияга өзгөчө макам берип, ал эми экономика университетине илим изилдөөчү жож макамын ыйгарып, алардын финансылык, академиялык эркиндигине шарт түзүп, дүйнөдөгү миң жогорку окуу жайынын тизмесине кирүү талабын койду.

Билимди экспорттогон өлкө. Региондогу лидер

Азыркы убакта Кыргызстанда 231 миңдей студент болсо, анын 71 миңи чет өлкөлүк студенттер. Негизинен Пакистан, Индия өлкөсүнөн медицина багытында окуп жаткандар. Алар Кыргыз медицина академиясы, ОшМУ, ЖАМУ, МУКта сырткары дагы он чакты жеке менчик медициналык жогорку окуу жайында окушат. Алардын ичинде Азиямед, Салымбеков университети, Эл аралык медициналык университет ж.б бар.

Чет өлкөлүк студенттердин катышы боюнча Кыргызстан Борбор Азиядагы лидерлик позицияга чыкты.

Ошол эле учурда кыргыз жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапаты айрым бир учурда Индия жана Пакистан мамлекеттеринин суроосун жаратууда. Мындан үч жыл мурда Пакистан Кыргызстандын беш жогорку окуу жайын кара тизмеге киргизип коюп, бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин маселе оң чечилген.

Бир жыл мурда мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17 медициналык окуу жайын талапка жооп бербейт, бизнеске айланып кетти деп жабууга аракет кылганы элдин эсинде.

Чет өлкөлүк студенттердин талабына жооп берүү үчүн кесиптик даярдыгын жогорулатуу кыргыз окуу жайлары үчүн актуалдуу маселе болуп саналат.

Пакистандык студенттер Кыргызстандын медициналык окуу жайларына окуу башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болгон үчүн келишет

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакистандык жана индиялык студенттер Кыргызстандын медициналык окуу жайларына башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болгон үчүн келишет

Жогорку демография, мектептен мечит көп заман

Эгемендик жылдары Кыргызстанда мектептен мечит көп курулду деген нааразы сөз көп айтылып келди. Чынында эле балдардын саны көп болуп, мектепке батпай калган көрүнүш көп жылдардан бери келатат. Бул өзгөчө эл аябай көбөйгөн Бишкек, Ош шаарларында курч турган маселе. Бишкектеги кээ бир мектептерде балдар нормадан эки эсе көп, бир класста отуздан, кээде кырктан отурган фактылар бар.

Бишкек мэриясы жылыга эле мектептерди куруп жатат, бирок элдин өсүү динамикасына караандабай келатат. Башка жылдарга караганда салыштырмалуу масштабдуу курулуштар эки жылдан бери болуп жаткандай. Өткөн окуу жылында 20 мектеп пайдаланууга берилсе, өкмөт бул жылы 100 мектеп курулуп ишке кирет деп билдирген. Анын ичинен 36 мектеп жаңы окуу жылына эшигин ачары айтылууда.

Мектеп

Төрт баланын бирөө гана бакчага барат

Балдар

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Өлкөдө соңку жылдары калктын саны жакшы темп менен өсүп, жылына 150 миңден ашык бала төрөлүүдө. Мамлекеттик бала бакчалар жетишпей, аларга бала киргизүү үчүн өң-тааныштык же акча негизги ролду ойноп калган. Ошондо өкмөт бала бакчаларга электрондук каттоо киргизип, коррупцияны тыйгандай болду.

Бир топ жыл мурун мамлекет жеке менчик бала бакчаларды көбөйтүш үчүн алардан салыкты алып салган. Бул кайсы бир деңгээлде жеке менчик бала бакчалардын көбөйүшүнө алып келди. Бирок бала бакча ачууга лицензия деген административдик-бюрократиялык тоскоолдук калдайып жолдо турду.

"Азыр бизде лицензия алыш үчүн ондогон документтерди чогултат, азап. бала бакча ачкандар билет, бала бакча иштетем десеңиз, он жерден справка алып кел дейт. Биз текшерүүнүн ошондой азап-тозогунан арылтканыбызда иш болот",-деген ЖК депутаты Жанар Акаев.

Өлкөдө 900 миңдей кенже балдардын ар бир төртүнчүсү гана бала бакчага барат. Бул жагынан Кыргызстан коңшуларынан аябай эле артта калды.

Ошондуктан билим берүү жөнүндө жаңы мыйзам боюнча бир топ талаш-талкуудан кийин бала бакчаларды ачууга лицензия алуу талабы жоюлду, эми бала бакча ачууга санитардык мекеменин уруксатын алуу жетиштүү.

"Кыргызстандын 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасында балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартууну эки эсеге жеткирүү милдетин койдук. Бул үчүн биз бала бакча ачууга бардык бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюшубуз керек",-деген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Бир эле учурда бала бакча ачып иштеткендерге эксперттик, каржылык жардам берүү каралган акселераторлор долбоору иштеп баштады. Бул долбоордун алкагында бир эле айда Бишкекте 5000 бала бакчага орноштурулганы кабарланды. Бала бакчага барган балдардын көрсөткүчү 24 пайыздан 26 пайызга көбөйдү.

Ошондой эле 150 китепкананын базасында балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ачылып иштей баштады.

Дал ушул аракети эске алынып, Кыргызстан БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда 166 өлкөнүн ичинен 45 орунга чыкты.

Ваучердик билим берүү

"Билим берүү жөнүндө мыйзамда" биринчи жолу ваучердик билим берүү каралды. Мындай жолду постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Грузия басып өткөн, ал ишке ашкыча беш-алты жыл кыйналган. Эми бул жолго Кыргызстан өткөнү турат.

"Бул боюнча көп талаш болду. Көп өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жан башына нормативдүү каржылоого негизделген ваучердик механизм (бюджеттик акчалар окуучуларды ээрчигени) билим берүү системасын каржылоону эффективдүү, ачык-айкын жана көзөмөлдүү кылат",-дейт Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Кыргызстан ваучердик каржылоого жапырт түрдө эмес, этап-этап менен өтүүнү пландаштырууда. (КС)