Алматыдагы кыргыз ишкери: Атышуу болгондо, ок биздин дубалга келип тийди

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Алматыда эл акырындап көчөгө чыга баштады

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматыда эл акырындап көчөгө чыга баштады

Кыргызстандык Камал Чолпонбай уулу Алматы шаарында 2002-жылдан бери жашайт. Ал Алматыда атышуу жүрүп жаткан учурда жубайы жана 3 баласы менен Алматынын борбордук көчөлөрүнүн биринде үйүндө болгон.

Казакстанда ишкерлик менен алектенген Камал Би-Би-Сиге Алматыдагы азыркы абал жана башаламандыктар болуп өткөн күндөрдөгү окуяларды айтып берди.

Алматыда ишкерлик кылган Камал Чолпонбай уулу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматыда ишкерлик кылган Камал Чолпонбай уулу

Би-Би-Си: Алматынын көчөлөрүндө атышуулар, ызы-чуу болуп жатканда шаарда белеңер?

Камал Чолпонбай уулу: Ооба, шаарда болчубуз. Окуянын баары Толе Би көчөсүндө болуп жатты. А биз ал көчөнүн ылдый жагында эле жашайбыз. Бүт атышууларды, үндөрдү угуп жаттык. Мен биздин үйгө эч ким кирбесин түшүнүп турсам дагы, бала-чакам, аялым ыйлап, коркуп отурушту. Анткени атышуулар биздин дубалдын артында эле болуп жатты. Үйдүн жанындагы күрөөканада атышуу болгондо, ок биздин дубалга келип тийди. Ошондо балдарым аябай коркту.

Биз жашаган батирдин аркы бети күрөөкана болчу. Ошол күрөөкананы түнкү саат он экиде биздин көзүбүзчө тоноп кетишти. Жаңылышпасам, 6-январь күнү болду. Биз кошуналар болуп чыгып, ээси келгиче коргоп калууга аракет кылдык, бирок тоногондор куралчан экен. “Ары тургула, болбосо азап чегип каласыңар” дешти. Бизге курал такагандан кийин, өзүбүз эле коркконубуздан үйлөрүбүзгө качып кеттик. Бир аздан кийин күрөөкананын ээлери келишти. Алар өзүнүн ишканасын сактоо аракетин жасап, бирок колдорунан келген жок. Талап-тоногон кишилер баарын талкалап, бүт көтөрүп кетишиптир жана күрөөкананын ээсинин бутуна атышыптыр, биз кийин чыгып көрдүк. Жардамга чакырылган милиция, тез жардам – бирөөсү да келген жок, иштебей жатышты.

Би-Би-Си: Азыр Алматыда абал кандай? Сүрөттөп берсеңиз.

Камал Чолпонбай уулу: Биз 2-январдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Алматыда элебиз. Азыр буга чейинки күндөргө салыштырмалуу абал тынч, туруктуу. Кечээ мен атайын өзүм жеңил унаам менен чыгып, шаарды аралап көрдүм. Көчөлөрдө аскердик унааларды жана аскерлерди көрүүгө болот, бирок карапайым калк өзүнүн тиричилигин акырындап кыла баштады. Адамдар өзүлөрү жашаган жерден алыс кетпей, дүкөн, дарыканаларга барып калышты. Бүгүн да чыктым, абал тынч. Мурун шаарга кирип-чыккан жерлерде блок-посттор турчу, азыр алар жок, алып салышыптыр, унаалар ээн-эркин кирип-чыгып жатышат. Бирок постто аскерлер, БТРлер кайтарып турат.

Алматыда тонолгон дүкөндөрдүн бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматыда тонолгон дүкөндөрдүн бири
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Кыргызстандагы жакындарыңар менен байланышууга мүмкүн болдубу?

Камал Чолпонбай уулу: Мурдакүнү чалуулар келип жатты Кыргызстандан, бирок биз алып жооп бере албай жаттык. Акыры эптеп чалышып, “кабатыр болбогула” деп айтып, түшүндүрдүк. Андан кийин мына, бүгүн гана интернет эртең менен күйүп, видео чалуу менен байланыша алдык.

Би-Би-Си: Дүкөндөрдө азык-түлүк жетиштүүбү? Баалары кандай болуп жатат?

Камал Чолпонбай уулу: Баалары мурдагыдай эле, бирок дүкөндөрдө азык-түлүк түгөнүп калганын байкоого болот. Нан да жетишсиз. Азыр тез татым даярдоочу пункттар өздөрү нан жасап сатып жатышат.

Би-Би-Си: Казакстандагы окуяларга байланыштуу Кыргызстанда “Оптима банк” убактылуу кээ бир операцияларын жасай албайт деп билдирүүлөр келген эле. Алматыда банк операцияларын жүргүзүүгө мүмкүнбү азыр?

Камал Чолпонбай уулу: “Каспий банк” менен “Халык банктын” мобилдик тиркемелери иштеп жатты. Кандайча иште пжатты мен да түшүнгөн жокмун. Анткени башка банктар иштебей эле болчу. Бул күндөрү банктар дагы тонолуп кеткен да. Жеке мен банктардын 70-80% тонолгонун байкадым.

Би-Би-Си: Алматыдагы башаламандыкка катышкан деп кармалгандардын арасында кыргыз жарандары көп деп жатышат...

Камал Чолпонбай уулу: Акылга сыйбаган иш болуп жатат ошол. Кармалгандарын арасынан кыргыз паспорттору көп экен деп жатышат. Менин кошуналарым, казактын карапайым эли буга ишенип жатышат. “Кыргыздар революция кыла берип көнүп калышкан, булардын тажрыйбасы бар экен, Кыргызстандан келип, морадерлук кылып жатышат” деген сөздөр таркап жатат. Анан бул жакта интернет жок болгондуктан, башка көз карандысыз медиаларды окубаган эл буга ишенип жатат. 70% кыргыздар, 30% өзбектер деп жатышат.

Чынын айтсам, менин логикама да сыйбай жатат. Себеби, азыркы эпидемиологиялык ситуацияга байланыштуу дагы керек болсо, Кыргызстандан мен өзүмдүн туугандарымды чакыра албай жатам. Чакырыш үчүн аларга атайын чакыруу жөнөтүп, ПЦР-тест тапшыртып, чек арадагы текшерүүдөн өтүп анан келиши керек. Анан кантип ошол 70%ды түзгөн кыргызстандыктар болсун. Бирок эң өкүнүчтүүсү бул жактагы элдин көбүнчөсү ишенип жатпайбы. Анткени видеолордо кыргыз паспорттору, кыргыз номерлери менен унаалар жүрөт деп жатышат.

Би-Би-Си: Ушундай окуялардан кийин казактардын силерге (кыргыздарга) болгон мамилеси өзгөргөн жокпу?

Камал Чолпонбай уулу: Жок, азырынча өзгөргөн жок. Эми казактар деле ойлонуп жатышат болуш керек. Анткени интернет жокто, мамлекеттик сайттар жана телеканалдар гана иштеп жатты да. Эл ошол жактан окуп жатты баарын. Бүгүн мына интернет толук кандуу иштеди, эми эл бардык жактан маалыматты алып, чындыкты түшүнөт деп ойлойм.

Би-Би-Си: Болуп жаткан окуялардан кийин Кыргызстанга эле барып жашайлы деген ойлор келген жокпу?

Камал Чолпонбай уулу: Азырынча белгисиз болуп турат. Абал турукташканча байкап көрөбүз. Бирок абал сөзсүз турукташып, тынчтык орнойт деген ишеничим чоң.