Казакстанда эл эмнеге нааразы болуп чыкты?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Ольга Ившина & Катерина Хинкулова
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
Казакстанда күйүүчү майга болгон баанын кымбатташына нааразычылыктар өлкө боюнча желдей тарады.
Акциялардын зордук-зомбулукка айланып кетиши көпчүлүк үчүн, өлкө ичинде да, сырттагылар үчүн да, күтүүсүз болду. Каршылык акциялары күйүүчү майдын баасынан улам эле жаралбаганын көрсөттү.
Казакстандагы акциялар боюнча негизги суроолорго жооп беребиз.
Өзү эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мунайга бай Казакстандын бийлиги суюлтулган газга баанын чегин көтөрүп жибергенден кийин каршылык акциялары башталып кеткен. Көпчүлүк адамдар мындай газды машиналарында пайдаланышат.
Бир эле аймакта жекшемби күнү башталган митинг шейшемби күнгө чейин өлкөдөгү көптөгөн шаарларга тарап, полиция менен тирешүүгө чейин жеткен.
Каршылык акциясы күч колдонууга алып барган. Полиция Казакстандын чоң шаарларынын бири жана мурдагы борбору Алматыда миңдеген адамдардын тобуна жаш агызуучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонгон. Жүздөгөн адамдар - митингчилер да, полиция да - жаракат алган.
Шаршемби күнгө чейин Казакстандын көпчүлүк бөлүгүндө өзгөчө абал жарыяланды. Бирок миңдеген адамдар көчөлөргө чыгууда. Өлкөнүн көпчүлүк жеринде интернет өчүрүлгөнү кабарланды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, нааразычылыктарга себеп болду деп айыптады. Ал "өлкөдө туруктуулукту камсыздоо үчүн" күйүүчү майдын баасын кайра төмөндөтүүгө убада берди.
Митингчилер Алматыда администрация имаратына бастырып кирип, өрт коюу менен жооп кайтарышты.
Бул нааразылык акциясы эмнеси менен өзгөчө?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мунайга жана газга бай Казакстан Борбор Азиядагы эң таасирдүү өлкө. Аймактагы ИДПнын 60% камтыган мамлекет авторитардык бийликке ээ экени айтылат.
Ошондой эле, ал аянты боюнча дүйнөдөгү эң ири тогузунчу мамлекет, бирок калкынын саны 18,8 млн. Казакстан 1991-жылы Советтер Союзу ураганда эң акыркылардан болуп эгемендигин жарыялаган өлкө. Көп жылдар бою өлкөнү Нурсултан Назарбаев жетектеп келген. Назарбаев биринчи 1984-жылы Советтер Союзунун тушунда Казакстандын премьер-министри болуп турган.
Кийин ал дээрлик атаандаштыгы жок өткөн шайлоодо президент болуп шайланган. Назарбаевдин бийлиги "анын культтук" элементтерин камтып, өлкө боюнча ага эстеликтер тургузулуп, жаңы борбор шаарга анын ысымы ыйгарылган.
Өкмөткө каршы сейрек өтүүчү акциялардын шартында кырдаалды басаңдатуу үчүн Назарбев акыры 2019-жылы президенттиктен кеткен.
Ал өзү тандаган мураскери президент Токаев мөөнөтсүз өткөрүлгөн шайлоодо жеңишке жеткен. Эл аралык байкоочулар шайлоону сынга алышкан болчу.
Бийликте болбосо да Назарбаев таасирдүү фигура бойдон кала берген. Аналитиктердин айтымында, азыркы нааразылыктар негизинен ага каршы өтүп жатат.
Анын президенттиктен кеткенине дээрлик үч жылга жакындап калса да өлкөдө көзгө басар өзгөрүү байкала элек. Көпчүлүк казакстандыктар реформа жүргүзүлбөгөнүнө, жашоо деңгээлинин төмөндүгүнө жана жарандардын эркиндиктеринин чектелип жатканына нааразы.
Чатам Хаус катары таанымал Эл аралык мамилелер боюнча Королдук институттун кызматкери Кейт Маллинсон Би-Би-Сиге төмөнкүдөй билдирди:
"Назарбаев Казакстандын калкы менен кандайдыр бир коомдук келишим түзүп алган болчу. Адамдар экономика жакшырып жатканын көргөндүктөн бийликке берилгендигин көрсөткөн. Бирок 2015-жылдан тарта экономика начарлай баштап, соңку эки жылда, коронавирус пандемиясынын тушунда, Казакстанда инфляциянын көрсөткүчү аябай өсүп кеткен".
Казакстандагы шайлоолор көбүнесе бийликтеги партиянын дээрлик 100% жеңиши менен аяктайт жана саясий оппозиция жокко эсе.
Өлкөдөгү жеке жана коомдук транспортто колдонулган, негизинен арзан баадагы суюлтулган газдын наркынын өсүшү казакстандыктардын жанын кашайтып жиберген.
Митингге чыккандардын талабы эмне?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өкмөттү отставкага кетирип, күйүүчү майдын баасын кайра түшүргөнүнө карабастан митингчилер көчөлөрдөн тарап кетейин деген түрү жок.
2019-жылы Назарбаевдин президенттиктен кеткендеги окуядан сабак алган казакстандыктар өкмөттөгү өзгөрүүлөр ар дайым эле каалагандай натыйжа бербесин түшүнүп турушат.
Азыр өлкөнүн көптөгөн шаарларындагы жана аянттарындагы негизги суроо: "Бийлик өкүлдөрү соңку 30 жылда бизге эмне кылып койду?"
Казакстандын түштүк-батышында жайгашкан Маңгыстау облусундагы Жаңыөзөн шаарчасы соңку баш аламандыктардын негизги борбору болуп калды.
Аталган шаарча буга чейинки нааразычылыктардын чордону да болуп келген. 2011-жылы жумуш шарттарын жакшыртууга жана кызмат акыны көтөрүүгө байланыштуу акция учурунда бери эле дегенде 14 нефтчи полициянын колунан каза болгон. Жүздөн ашуун киши жаракат алган.
Эми кайрадан Жаңыөзөн нааразылык акцияларынын борборуна айланып, активисттер беш талап менен чыгышкан:
- Бийликтин чыныгы өзгөрүүсү
- Губернаторлорду түз шайлоо (учурда губернаторду президент дайындайт)
- Президенттик бийликти жана мөөнөттү чектеген 1993-жылкы баш мыйзамга кайтуу
- Жарандык активисттерге куугунтукту токтотуу
- Азыркы режимге тиешеси болбогон адамдарга бийликке барууга жол берүү
Азыркы акциялардын анык же калыптанган лидери ким экени белгисиз. Аналитиктердин белгилешинче, көптөгөн жылдар бою каршылык акциялары баштапкы баскычта эле басылып келген жана Казакстанда демократиялык шайлоо болгон эмес.
Санкт-Петербург Европа университетинде иштеген саясат таануучу Григорий Голосов Би-Би-Сиге билдиргендей, көчөлөргө агылуу менен адамдар үнүн угузуунун жолун табышкан.
"Авторитардык шарттарда көчөгө чыгып нааразычылык билдирүү адамдардын экономикалык чараларга көрсөткөн кадимкидей эле реакциясы".
Эми эмне болушу мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, EPA
Казакстандагы кырдаал курчуп бараткан чакта митингге чыккандар тарабай жатышат. Бирок полиция катаал жооп кайтара элек.
Азырынча бийлик өкүлдөрү кризисти катаал чараларга барбай эле басууга аракет кылып жаткандай.
"Президент Токаев өз бийлигин бекемдөөгө аракет кылып, бирок ошол эле учурда либералдуу болууда. Ал канчалык натыйжалуу болорун жоромолдоо өтө кыйын", - дейт Голосов.
Би-Би-Сиге интервью берген дагы бир эксперттин көз карашы башкачараак. Москвадагы Карнеги борборунун өкүлү Александр Бауновдун оюнча, Казакстан Батыштын салттуу шериктеши эмес, натыйжада Батыштагы лидерлер бул окуяны "басмырлаган бийликке каршы демократиялык көтөрүлүш" деп чечмелешмекчи.
"Батыш лидерлерине каршы болгондорго колдоо көрсөтпөө кыйын болот. Бул акциялар Казакстанды узак мөөнөттөн алып караганда Москвага дагы да жакындатышы мүмкүн".
Кэмбриж университетинин изилдөөчүсү Диана Кудайбергенованын айтымында, казак бийлиги кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга аракет кылып жатат.
"Муну тынчтык жолу менен чечүүнүн жолдорунун бири - президент нааразы болгондордун бир бөлүгү менен отуруп, сүйлөшүү жүргүзүүсү".
Газ, мунай жана минерал экспорттогон өлкө катары Казакстан инвесторлордун ишеничине дагы көңүл бурушу зарыл. Саясий туруктуулук ишеничти сактоонун башкы фактору.
Ошол эле учурда өлкөдө көптөгөн адамдар мурдагы президент Назарбаевдин көлөкөсүндө жашоодон тажагандай. Ошондуктан алардын чыныгы өзгөрүү үчүн күрөшкө даяр турган түрү бар.
Казакстандагы көтөрүлүш бүтүндөй аймакка таасир этеринен күмөн жок.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "диалог аркылуу Казакстандагы кырдаалды тез арада жөнгө салууга" үмүттөнөрүн билдирип, "бул Казакстандын ички иши" деп баса белгиледи.
Бирок Орусиядагы айрым мамлекеттик маалымат каражаттары бул каршылык акцияларын "Батыштагы күчтөр" тукуруп жатат деп айтып жиберишти. (EA)











