Альберт Белоглазов: Казакстандагы нааразылык акциялары Украина же Беларустагыдай көпкө созулбайт

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Россиядагы Борбор Азияны иликтөө борборунун эксперти Альберт Белоглазов Би-Би-Си Кыргыз кызматына Казакстандагы саясий кырдаалды талдап берди.

Альберт Белоглазов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альберт Белоглазов

А. Белоглазов: Казакстанда саясий акыбал чыңалууда, бирок өлкө тагдыр чечерлик абалда турат деп айтпайт элем. Мындай кырдаалга системдик кризис эмес, суюлтулган газга болгон баанын өсүшү алып келди да.

Андыктан казак бийлиги абалды жайгара алат деп ойлойм. Суюлтулган газга, бензинге жана күйүүчү майга баалар жөнгө салынды. Өкмөт отставкага кетирилди, митингдер өтүп жаткан шаар жана аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Казакстанда нааразылык акциялары дароо токтоп калбайт дечи, бирок Украина же Беларустагыдай көпкө созулбайт. Бул эмнеге байланыштуу болот, Казакстандын борборунда азыр – 12 градус, ал эми Маңгыстау жана Алматыда нөлдөн бир аз эле жогору аба ырайы турат. Анан калса, бул нааразылык акцияларында көзгө көрүнөрлүк чет элдик кийлигишүү же басымды байкаган жокмун.

Би-Би-Си: Демонстранттардын артында эч кандай үчүнчү күчтөр жок деп ойлойсузбу?

А. Белоглазов: Маңгыстаудагы башталган нааразылык акцияларын кимдир бирөөлөр тарабынан уюштурулуп, багытталып жатканы калетсиз. Казакстандын батыш жагында мунай жана газ өндүрүшүндө иштеген жумушчулар дайым эле өз укуктары үчүн күрөшүп келишкен. Бирок бул жолу ал жакта башталган нааразылык бат эле башка шаарларга жайылып, Алматыга жеткени шек жаратпай койбойт.

Талаптары аткарылгандан кийин деле митингдердин уланып жатканы дагы ошол нерседен кабар бергенсийт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айрым топтордун өрт коюп, мародерчулук кылып жатканы абалды туруксуздаштырганга кызыкдар күчтөр бар экенин көрсөтүп жатат.

Би-Би-Си: Ошондо кайсы күчтөр тууралуу кеп болуп жатат?

А. Белоглазов: Кайсы күчтөр экенин так айтуу кыйын. Балким, 2021-жылы 23-ноябрда президент Касым-Жомарт Токаевге бийликтеги партия «Нур-Отанды» жетектөө укугу берилгенден кийин өлкөдө таасир талашы болуп жатышы мүмкүн.

Үчүнчү күчтөр кийлигишип жатканы ачык байкалбай жатат. Бирок «Cui prodest?» принциби боюнча Казакстандагы азыркы окуялар постсоветтик аймакта евразиялык интеграцияга каршы чыккандардын кызыкчылыгына төп келип жатпайбы.

Казакстан – бул процесстердин демилгечиси жана драйвери да. Ошондой эле бул орус-кытай алакасын алсыратууну каалаган күчтөрдүн да кызыкчылыгындагы нерсе. Себеби, Казакстан – ЕАЭБ менен «Бир алкак, бир жолдун» кесилишиндеги маанилүү түйүн.

Эң алды менен бул АКШ кызыкчылыгында. Кошмо Штаттарынын Борбор Азияга карата 2019-2025-жылдарга карата стратегиясында аймактык кошуналардын таасирине теңаталыкты камсыздоо керектиги айтылат.

АКШ соңку кезде авторитаризм үчүн Казакстанды сындап, 2021-жылы 9-10-декабрда өткөн «Демократия саммитине» да чакырган эмес.

Би-Би-Си:Бирок Казакстанда азыр болуп жаткан окуялар казак-орус мамилеси солгундап жаткан учурда туш келип жатпайбы…

А. Белоглазов: Россия менен Казакстандын мамилеси начарлап жатат деген туура эмес. Бир апта мурун эле Путин Санкт-Петербургда эки казак президенти менен жолуккан. Туңгуч президент, элбашы Нурсултан Назарбаев жана азыр иштеп жаткан президент Касым-Жомарт Токаев менен да жолуккан. Экөө менен тең жылуу жолугушуу болгон.

Путин Назарбаев

Сүрөттүн булагы, RIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санкт-Петербург, 28-декабрь 2021
Путин Токаев

Сүрөттүн булагы, RIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санкт-Петербург, 23-декабрь 2021-жыл

Жолугушууларда орус-казак соода алмашуусу 24 миллиард долларга жетип, эки тараптуу мамиле үлгүлүү экени айтылган. Ошол эле Кытай менен Казакстандын ортосундагы соода алмашуу көлөмү Россиядан кийин экинчи орунда турат.

Россиянын расмий позициясы ТИМдин билдирүүсүндө айтылды. Ал жерде «баардык чечимдер көчөдө тополуңунда эмес, конституциялык-укуктук негизде, мыйзам чегинде тынч чечилиши» керектиги белгиленди.

Токаевдин кырдаалды жөнгө салуу азыркы кадамдары ушул багытта кетип атат. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «казак досторубуз өз алдынча ички маселелерин чече алат» деген ишеничин билдирип, сырттан кийлигүүшүгө жол бербөөгө чакырды.