Жаңыөзөн синдрому-2022: эксперттер эмне дейт?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңыөзөндө суюлтулган газдын кымбатташынан улам чыккан нааразылык бүт өлкөгө тарап, өкмөттүн отставкасына алып келди.
Демонстранттардын экономикалык талабы аткарылып, суюлтулган газдын баасы эки эсе арзандаганы менен, көчө митингдери токтобой саясий ураандар жаңырууда. Би-Би-Си Казакстанда болуп жаткан окуяларга карата эксперттер пикирлерин топтоду.

Кыргызстандык саясат талдоочу Марс Сариев Казакстанда болуп жаткан окуяларды коңшу өлкөдөгү революция башаты катары сыпаттады:
“Казакстандагы саясий акыбал чындап оор болуп турат. Бирок бул жерде Беларустагыдай митингдерди күч менен таратуу ишке ашпайт. Себеби, Казакстан бул Азиядагы өлкө, кыргыздарга жакын дегеним. Казакстанда азыр революция болуп жатат деп айтууга толук негиз бар. 30 жылдан бери эли чарчады, азыр эми өкмөттү отставкага кетирүү далалаты да жардам бербей калды.
Казакстанда болуп жаткан окуяларды локалдуу эле бир окуя катары кабылдабаш керек. Албетте, Казакстандын батыш жагы биринчилерден баш көтөрдү. Ал жакта кичүү жүзгө кирген адайлыктар жашайт. Мунайдан түшкөн кирешенин көбү борборго – улуу жүзгө кетип жатты. Ал жакта бийликтеги клан - шапрашты отурат. Казакстандагы азыркы окуяларды талдаганга ушул нерселерди да эске алыш керек. Ооба, бул негизги себептерден болбошу мүмкүн. Бирок митингдер дал ушул батыш облустарынан башталды. Казак бийлиги кырдаалды жайгаруу үчүн бардык финансылык ресурсун чачса дагы бул эми токтобой калды көрүнөт. Азыр эл Назарбаевдин кетишин талап кылып жатат”.

Коомдук сайттарда күч кызматтары көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундуруучу гранаталар менен аткылашканы көрүнүп жатты. Демонстранттардын айрымдарын полиция кармады.
Өлкөдө интернет чектелип, байланыш үзгүлтүккө учурады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Казакстандагы белгилүү саясат талдоочу Досым Сатпаев өз өлкөсүндө болуп жактан окуяларга Фейсбуктагы баракчасында деп сереп салганга үлгүрдү:
“Бир адамдын көңүлү үчүн ондогон жылдар бою иштеп келген саясий система ыдырап жатат. Жасалма партия, жасалма парламент, олигархтык экономика, стабилдүүлүк бар деген иллюзия, көз карандысыз ММКлардын талкаланышы, коррупцияга баткан бюрократиялык аппарат. Борбордогу жана аймактардагы бийлик өкүлдөрү челекке өздөрү бензин менен газды шыкап, анан ширеңке башын ыргыткандай эле болду. Ал жарылганда улам сайын өрт өчүрүүчү ролун ойноп жатып калып жатышат. 2006-жылы Шаңыракта, 2011-жылы Жаңыөзөндө, кийин жер митингдеринде да ушундай болду эле. Азыр дагы ошол эле көрүнүш...
Газга болгон баанын өсүшүнө карата нааразылык акцияларында акимди тандоо, өкмөттү отставкага кетирүү, парламенттик республика өңдүү саясий талаптар жаңырып жатышына таң калып кереги жок. Бийликти азыр баарынан дагы өлкөнүн башка аймактары жаңыөзөндүктөргө тилектештик билдирип жатканы коркутуп жатат. Себеби, бул бийликтин “жикте, анан башкар” деген эрежесине бап келбей жатат. Бирок аң-сезимде өзгөрүүлөр эбак эле ишке ашкан”.
Казакстандагы окуяларга коңшу Кыргызстандагы жарандар тыкыр көз салышып, коомдук сайттарда казак элине сабыр тилеп, кагылыштарда кан төгүлбөшүн тилеп жатышты. Айрым колдоонучулар ыңкылаптар эч өзгөрүүгө алып келбешин айтышып тынчтанууга чакырышса, бийлик алмаштыруу жагынан Кыргызстандан үлгү алууга үндөп чыккандар да болду.
Кыргызстандык саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Кыргызстан менен Казакстандагы митингдердин өзгөчөлүгү - мобилизациясынын айырмасында дейт:
“Казакстанда Кытайдын 1989-жылдагы Тяньмэнь же 2005-жылдагы Анжиян кыргынындай эле тополоңдун башында лидерлери жок болууда. Ошондуктан, тополоң басылып калыш мүмкүнчүлүгү чоң.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Кыргызстанда болсо1990-жылдардагы саясий либерализм, эркиндик аймактардагы лидерлердин пайда болушуна өбөлгө түзгөн болчу. Ошондуктан, биздеги тополоңдорду аймактык-регионалдык лидерлер мобилизациялап келген. Ар аймактын лидерлери чогулткан күч ар дайым борбордун күчүнөн ашып турчу, ошого борбор качууга дуушар болуп келген. Казакстанда улутка таанылган аймактык лидерлер жок болууда, ошондуктан масса алданат же таркатылып алсыздандырылышы оңоюраак”.
Казакстандагы соңку окуялар Нур-Султан менен Кремлдин мамилеси солгундап бара жаткан учурга туш келди.
Госдума депутаты Вячаслав Никонов 2020-жылы декабрда Россиянын Биринчи каналында Казакстандын аймагы тууралуу "Казакстан деген жок болчу, Түндүк Казакстанда эч ким отурукташкан эмес, алар түштүк жакты байырлап келишкен. Казакстандын аймагы - Россиянын жана Советтер союзунун чоң белеги" деп айтып алып, Казакстандын ТИМи нараазылык нота жолдогону да эсте. Бирок андан кийин деле Госдумада айрым депутаттар бул теманы кайрадан көтөрүп, бул Казакстанда Россияга каршы кызуу талаш-талкуулар жаратты.
Декабрда Казакстанда жарнамаларды казак тилинде жазуу тууралуу мыйзам күчүнө кирип, Госдумада нааразылыктарга кабылды. Ал түгүл, казак жана орус басылмалары депутат Александр Бородайдын оозунан коркутуп-үркүтүү сөздөрү чыкканын да жазып чыгышкан.
"Мен азиялык менталитетти жакшы билем. Тилекке каршы, Азияда күчтү гана таанышат. Аны колдонуп деле кереги жок, бирок аны көрсөтүп коюу абзел",- деп айткан Бородай.
Мындан улам Казакстандагы соңку окуялардын артында кайсы бир күчтөр турушу мүмкүн деген божомолдор да айтыла баштады.
Эмилбек Каптагаев, кыргызстандык саясатчы:
“Россиянын акыркы мезгилдеги Казакстанга карай жасап жаткан кысымдары менен азыркы болуп жаткан толкундоолордун башталышынын ортосунда кандайдыр бир ички байланыш барбы деген шек жаралбай койбойт го дейм. Анын үстүнө орус тилдүү "эксперттер" дароо эле Американын "колун" дагы көрө калып жатышпайбы... көзү ачыктык кылышып... Казакстандын алсырап калышы кимге кызык? Америкага эмес го дейм. Казактар канчалык күчтүү, көз карандысыз болсо, аларга ошончолук жакшы да. Алсыраган, чөгөлөгөн Казакстан азыр Москвага эле керек, бул дагы учурдун чындыгы”.
Деген менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев газдын кымбатташына каршы нааразылыктан улам түзүлгөн кырдаал үчүн өкмөттү, Энергетика министрлигин жана “Казмунайгаз”, “Казакгаз” компанияларын айыптады.
Учурда коңшу өлкөдөгү Маңгыстау облусунда менен Алматы шаарында өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди.












