Алматыда акимиат өрттөлүп, жарадарлар реанимацияга түштү (сүрөттөр)

Сүрөттүн булагы, nur.kz
Алматы шаарындагы акимиат курчоого алынып, ичине митингчилер кирип барганын Tengrinews басылмасы жазды.

Сүрөттүн булагы, Tengrinews

Сүрөттүн булагы, Nur.kz
Түштөн өтүп "Республика" аянтына 10 миңге чукул жарандар чогулду, күч кызматкерлери алардан көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундуруучу гранаталар менен коргонуп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Nur.kz
Алматы шаарынын борборун көздөй агылган демонстранттардын катары калыңдады. Zakon.kz басылмасы Сейфулина көчөсүндөгү айрым коомдук тамактануучу жайларга митингчилер кирип барганын жазып чыкты.

Сүрөттүн булагы, nur.kz
Шаарда коомдук транспорт үзгүлтүккө учураганы айтылууда

Сүрөттүн булагы, nur.kz
Алматы комендатурасы шаар тургундарын Толе Би көчөсүнө барбоого, Райымбек жана Абай проспектилерин айланып өтүүгө, борборго баш бакпоого чакырды.

Сүрөттүн булагы, nur.kz
Митингчилер Алматы шаарынын борборунда машиналарды өрттөп, медициналык тез жардам топторунун ишине тоскоол болуп жатканы айтылууда. (EK)








