Казакстан: Назарбаев отставкага кетти. Мындан ары эмне болушу мүмкүн?

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Мээрим Догдурбекова Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Нурсултан Назарбаев

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL KLIMENTYEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурсултан Назарбаев

Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев президенттик кызматын өткөрүп бергени менен эң таасирдүү деген Коопсуздук кеңешин жетектеп келген. Айрымдар "бийлик транзити өтө эле формалдуу болду" деп далай ирет ачык сындап жүрдү.

2-январдан тарта адегенде газдын баасын арзандатсын деген талап менен чыккандар көп өтпөй курч, саясий талаптарга өттү. Казакстандын бир нече шаарында бүгүн дагы нааразылык акциясы уланууда. Айрым шаарларда демонстранттар полиция, аскер күчтөрү менен катуу кагылышып, ар кандай жаракат алды. Каза болгондор дагы бар экени маалым болду. Интернет байланышын дээрлик токтотуп койду деген кабардан кийин окуя эми кандай уланат деп түрдүү пикирлер мурдагыдан дагы күчөдү өңдөнөт.

Би-Би-Си саясат таануу илимдеринин кандидаты, эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгулга кайрылып ушул суроону жолдоду.

Жаңыөзөндө башталган нааразылык акциясы тездик менен жайылып кетти...

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңыөзөндө башталган нааразылык акциясы тездик менен жайылып кетти...

Интернет өчтү деген кабар ого бетер бүйүрдү кызыттыбы?

Чынара Эсенгул: Менимче Казакстандагы азыркы саясий коомдук процесстердин өнүгүү сценарийи бул бийлик өзүнүн күчүн көрсөтүү үчүн азыркы нааразылыкты басат. Анан бул процесстер көзгө көрүнбөгөн латенттик мүнөзгө өтөт. Келечекте мамлекет, коом, эл үчүн стратегиялык жактан бул абдан туура эмес болуп чыгат. Анткени билинбегенсип туруп кийин мындан да күчтүүрөк масштабда жарылышы мүмкүн. 

2011-жылдагы Жаңыөзөндөгү окуяларды эске алсак, анда дагы ошол үч айдан көбүрөөк, жарым жылга жакын процесс болуп келген. Соңунда күчкө салып аны да басып салышкан. Расмий статистика боюнча ондон ашуун киши өлгөн. Бул ирет дагы ошол ыкманы колдонушат го деген ойдомун...

Би-Би-Си: Азыркы кырдаалдын Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасири тийиши мүмкүн?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Чынара Эсенгул: Эми таасири албетте терс жагынан болот. Анткени өзүңүздөр билесиздер бир канча факторлор бар. Глобалдык жана аймактык деңгээлдегини эске алсак байланышып кетет. Ал факторлордун бири - коронавирус. Коронавирустун айынан экономика баардык жагынан төмөндөдү. Биз өнүккөн, бай мамлекеттердин катарына кирбейбиз, Казакстан деле азырынча анын ичинде. Ошондуктан социалдык, экономикалык жактан абал абдан оор. Анан дүйнөлүк масштабда дагы энергетикалык абдан чоң кризис болуп жатат. Ошол себептен газдын баасын көтөрдү деп азыр да айтып жатышпайбы. Бирок эл ал баага чыдай албайт экен. Кыргызстанда деле, коңшу Өзбекстанда деле жалпы ушундай маселелер жок эмес. Мындай кыйын, оор жагдайда, экономика каржалып турганда башкарууну аябай туура кылбаса, туура эсептеп албаса, “элдин, коомдун реакциясы кандай болот” деп тамырын тартып саясат жүргүзбөсө ушундай процесстер башка мамлекеттерде да болуп кетиши ыктымал. Негизгиси саясий себеп болбойт, негизги себеп социалдык, экономикалык маселелерде жатат деп айткым келет.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев каза болгондор дагы бар экенин айтты

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев каза болгондор дагы бар экенин айтты

Би-Би-Си: Орусияга Казакстандагы абалдын таасири кандай болушу мүмкүн?

Чынара Эсенгул: Эми Орусияга өтө деле түзмө-түз таасири болбошу мүмкүн. Бирок бир нерсени эске алуу керек. Сөз болуп жаткан эки мамлекеттин ортсунда кургактыктагы чек аранын узактыгын унутпаш керек. Эң узун чек ара сызыгы турат. Анан албетте кыйынчылыктар болгондо миграция күчөшү мүмкүн. Казакстандан Россияны көздөй. Анан албетте иденттүүлүк жактан мамлекеттин алсыздыгына алып келет. Ал Россияга эмес, Казакстандын алсыздыгына алып барышы ыктымал. Мүмкүн баягы башынан эле орус тилдүү түндүк жагындагы райондо жашаган казакстандыктар же орус тектүү казак жарандары ошол жакка умтулушу ыктымал.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Twitter аркылуу да бир нече жолу билдирүүсүн жарыялады

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Twitter аркылуу да бир нече жолу билдирүүсүн жарыялады

Сырткы күчтөр бул ирет дагы сөз болду...

Би-Би-Си: Бул жакта сырткы күчтөрдүн да таасири бар дегендер болуп жатат. Оюңуз кандай, болсо кандай күчтөр болушу мүмкүн?

Чынара Эсенгул: Эми албетте сырткы күчтөр дегенде үч күчтү алабыз. Бул Кытай, АКШ же Россия да. Анан бул жерде менимче жалпысы батыш мамлекеттеринде көбүрөөк кызыкчылыктар бар сыяктанып жатат. Анткени Афганистанды алсак мен эксперт катары дайыма эле айтам "Талибан кыймылынын" (Кыргызстанда экстремисстик террористтик уюм деп таанылып, тыюу салынган) бийликке келгенине Кытай кызыктар болуп, колдоп, АКШ арткы планга калды. Айтайын дегеним жалпысынан геосаясатта мамлекеттер келип өзүнүн кызыкчылыктарын ишке ашыргычакты бекем турушат. Андан кийин алардын келечегин ойлобой эле чыгып кете бериши мүмкүн. Ошону эске алганда бул жерде менимче Борбор Азиядагы туруксуздукка азыр көбүнчөсү батыш кызыктар өңдүү. Эмнеге дегенде бул Орусияда да, Кытайда дагы стабилдүүлүк жок болуп турат. Стабилдүүлүк жок, согуштук абалдын өзү ашыкча ресурстарды талап кылат. Мисалы, Россия менимче азырынча өтө деле кызыктар эмес. Украинада жагдай дагы деле чечиле элек. Россиянын экономикалык жагдайына келсек алар керек болсо кошумча каражат катары топтогон акчасын колдоно баштаган учуру.

Бирок айрымдардын башка пикири дагы бар. Алар “Россия дагы кызыктар болушу мүмкүн” дейт. Бир жагынан Казакстандагы бийлик түшүнүксүз болуп келбедиби. Токаев же Назарбаев? Кимимси дегендей? Кандайдыр бир чечим кабыл албай калышты. Анткени бирөөсүнө жакса, бирөөсүнө жакпай калышы мүмкүн. Ошол үчүн чоң-чоң чечкиндүү кадамдар болбой, саясат жакшы жүрбөгөндүктөн эл кыйналып кетти. Биз аны саясий эксперт катары 2019-жылдан бери эле көрүп келебиз. Акыры Казакстандагы жагдайды ушуга алып келишмек.