Казакстанда баш аламандыктарда ондогон жаран каза тапты

Алматыдагы баш аламандык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматыдагы баш аламандыктардан кийин

Алматыдагы баш аламандыктардын учурунда укук коргоо органдарынын колунан каза болгон жарандардын саны 13кө жетти. Бул тууралуу бейшембиде Алматы шаардык полиция департаментинин өкүлү Салтанат Азирбек билдирди. Учурда каза болгондордун тек-жайы такталып жатат.

Салтанат Азирбектин айтымында, каза болгондор 6-январга караган түнү полиция департаментинин жана райондук башкармалыктардын имараттарын басып алууга аракет кылышкан.

Бул жарандардын арасынан каза болгондор тууралуу биринчи расмий маалымат. Мурдараак сегиз полиция кызматкеринин каза болгону кабарланган эле. Кийинчерээк набыт болгон полициянын саны 12ге жеткен.

Алматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматыдагы контр терроризм операциясы

6-январга караган түнү Алматыда “контр терроризм операциясы” болуп өткөн. Көчөлөргө аскердик техникалар чыгарылып, айрым жерлерде ок атуулардын дабышы угулган.

Социалдык тармакка каза болгон адамдардын сөөктөрү ак кездеме менен жабылганы тартылган видеолор жарык көрдү, бирок видеолордун чын-төгүнүн аныктоого мүмкүн болгон жок.

Ондогон адамдар Алматы эл аралык аэропортун басып алып, бир нече саатка чейин кармап турушкан. Бийлик түн ичинде аларды аэропорттон чыгарып, мекемени кайра көзөмөлгө алган. Бирок жүргүнчүлөр үчүн терминалдар качан ачылары белгисиз.

Интернет иштебей үзгүлтүккө учураганы боюнча маалыматтар айтылып жатат. Казакстандын айрым мамлекеттик мекемелеринин сайттары жеткиликсиз болууда.

Өлкө боюнча эки аптага чейин өзгөчө абал киргизилди.

ЖККУнун тынчтык орнотуучулары Казакстанга жардам берет

ЖККУнун аскерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия тынчтык орнотуучуларын Казакстанга жөнөтүүдө

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жардам сурап кайрылды. Ал өз өлкөсүндө болуп жаткан окуяларга сырткы күчтөр таасир этип жатат деп атады.

6-январга караган түнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрүн белгилүү бир мөөнөткө чейин Казакстанга жиберерин билдирди. Пашинян ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешин жетектейт.

ЖККУга Орусия жана беш пост-советтик өлкө кирет. Алар: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан.

ЖККУнун тынчтык орнотуучулары Казакстандагы мамлекеттик жана аскердик объекттерди коргошмокчу. Андан тышкары, алар жергиликтүү укук коргоо органдарына “кырдаалды жөнгө салуу жана укуктук талаага кайтаруу боюнча көмөк көрсөтмөкчү”, — деп айтылат уюмдун секретариатынын билдирүүсүндө.

ЖККУ

Казакстандагы ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын курамына Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын аскерлери кирген.

“ЖККУнун Жаматтык коопсуздук кеңешинин 2022-жылдын 6-январындагы чечимине ылайык, кырдаалды турукташтыруу жана жайгаруу үчүн белгилүү бир убакытка чейин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрү жөнөтүлдү”, — делет билдирүүдө.

5-январь күнү Токаев өлкөнүн өкмөтүн отставкага кетирген болчу. Бирок бул нааразылыкка чыккандарды токтото алган эмес. Телеканал аркылуу кайрылуу жолдогон Токаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин “журт атасы” Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын билдирген.

Жаңыөзөндөгү нааразычылык бүт өлкөгө жайылды

Казакстан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда митинг болгон аймактар

Күйүүчү майдын баасынын кымбатташына каршы башталган акциялар саясий нааразычылыктарга айланып кетти.

Токаев баш аламандыктарды чет өлкөдө машыгуудан өтүп келген “террористтик топ” кылганын айтып чыкты.

Бирок Лондондогу Чатам Хаус уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти Кейт Маалинсондун айтымында, каршылык акциялары “терең тамыр жайган нааразылыктын симптому” болуп эсептелет. “Бул нааразылык казак өкмөтүнүн өз өлкөсүн жаңы талапка ылайык жаңырта албаганына жана адамдарга таасир эткен бардык тармакта реформа жүргүзө албаганына каршы кыжырдануу”.

Алматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баш аламандыктардын учурунда өрттөнгөн Алматы администрациясы. 6-январь, 2022

АКШнын Мамдепартаменти Казакстандагы кырдаалга “жакындан көз салып жатканын” билдирип, бийлик өкүлдөрү менен митингчилерди сабырдуулукка чакырды.

Токаев эгемен Казакстандын тарыхындагы экинчи президент. Анын 2019-жылы шайланышы ЕККУ тарабынан демократиялык стандарттарга туура келбейт деп сынга алынган эле.

Казакстанда мунай өндүрүү

Бирок көчөлөрдөгү митингчилердин көпчүлүгү андан мурунку президент Нурсултан Назарбаевге каршы чыгып жаткандай. Ал президенттиктен кетсе да өлкөдө улуттук коопсуздукту камсыздоо багытында чоң ролду ойноп келген.

Митингчилер Назарбаевдин атын атап, анын колодон жасалган эстелигин кулатып жатканы тартылган видео социалдык тармактарга чыккан. Би-Би-Синин мониторинг кызматынын маалыматына ылайык, бузулган эстелик Назарбаевдин кичи мекени Талдыкоргондо орнотулган эле. (EA)