Бүт Казакстанды мыкчыган Назарбаев эми жөн эле Елбасы

Алексей Калмыков, Би-Би-Си

Назарбаев

Сүрөттүн булагы, AFP

Нурсултан Назарбаевдин атын Казакстандын бардык жеринен жолуктурууга болот. Анын урматына көчөлөр, шаар аттары өзгөртүлүп, өзү болсо Елбасы – эл көсөмү, эл атасы деп аталды. Эгемендүү Казакстандын биринчи президенти өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келди, бирок масштабдуу элдик толкундоо болгон күнү 81 жаштагы “эл атасы” дайынсыз жоголду.

2-январда башталган нааразылык акциялары жана баш аламандыктар ондогон адамдын өмүрүн алды. Өкмөт тездик менен алмашып, анын ичинде Назарбаев коопсуздук кеңешинин жетекчилигинен кетти. Эми ал мыйзам боюнча эл башы бойдон калууда.

Назарбаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Касым-Жомарт Токаев өзүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы кылып дайындады. Нурсултан Назарбаев ага 2019-жылы президенттик кызматты өткөрүп берген, 2021-жылы Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасы жана бийликтеги “Нур Отан” партиясынын лидери кылып дайындаган.

Ошентсе дагы Назарбаев жана анын үй-бүлөсү ушул күнгө чейин “өлкөнү мыкчып” келүүдө деген сын-пикирлер айтылып, элдик толкундоодо митингге чыккандар “Чал, кет!” деп кыйкырып жатышты. Назарбаевдин тургузулган эстеликтери кулады.

Назарбаев президенттикке келгенден бери андан бийликти талашкан олуттуу күч болгон жок. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен ал эң узак убакыт бою өлкөнү башкарып келди. Учурунда негизги басымды Казакстандын стабилдүүлүгүнө, экономикалык өнүгүүлөргө жасады. Ошентсе дагы айрым учурларда оппозициянын үндөрү угулуп, нааразылык акциялар болуп турган. Сөз эркиндигине байланыштуу Казакстанга көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген.

Назарбаевдин жакындары, байлык жана Батыш

Казакстандын эли жыйырма миллиондун тегерегинде. Бирок өлкөнүн жарым байлыгы эки жүздөй эле казактын колунда. Муну KPMG аналитиктери Credit Suisse Research Institute маалыматына таянып айтып чыкты.

Өлкөдөгү миллионерлер калктын 0,2% пайызын түзөт. Алар чет өлкөнү, айрыкча Батышты, өзгөчө Лондонду жакшы көрүшөт.

2008-жылдан 2015-жылга чейин Улуу Британия инвесторлорго эшигин ачып, бул өлкөдө жашоого уруксат кагазын бере баштаганда, “алтын виза” үчүн кезекте тургандардын башында казакстандыктар турду. Chatham House изилдөө институтунун баяндамасында 200дөн ашуун казак миллионерлери Британияда жашоо жана жарандык алуу укугуна ээ болушту деп айтылат.

Нурсултан Назарбаевдин жакындарына таандык деп айтылган үй

Сүрөттүн булагы, azattyq.org (RFE/RL)

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурсултан Назарбаевдин жакындарына таандык деп айтылган үй
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Лондондогу кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу менен коомчулуктун, андан соң укук коргоо органдарынын көңүлүн бурушту. Ал тургай британиялыктар Дарига Назарбаева жана анын уулу Нурали Алиевдин эки үйүнө арест коюуга аракет кылышкан. Сот ишинде Дарига Назарбаева Австриянын абагында каза болгон мурдагы күйөөсү Рахат Алиевдин кылмыштуу жол менен келген акчасына тиешеси жоктугун айтып, мүлк өздөрүнүн акчасына сатылып алынганын сотто далилдеди.

Өткөн жылы “Азаттыктын” Казак кызматы иликтөө жарыялап, анда Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү кеминде алты өлкөдө 785 миллион долларлык кымбат баалуу мүлк сатып алганын жазып чыкты. Иликтөөдө АКШ менен Францияда Нурсултан Назарбаевдин иниси Болот Назарбаевге тиешелүү байлык, Швейцарияда, Чехияда кызы Динара менен күйөө баласы Тимур Кулибаев ээлик кылган хан сарайлар, дагы бир кызы Дарига Назарбаева жана небересинин Британиядагы миллиондогон долларлык мүлкү тууралуу айтылат.

“Акыркы жылдары Назарбаевдин үй-бүлөсү Европадан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү кантип сатып алып жатканы боюнча иликтөөлөр байма-бай чыгып жатат. Балким, бул Казакстан элин кыжырын келтирип жаткандыр. Бул үчүн Назарбаев эми жооп бериши керек окшойт”, - деп билдирди АКШнын Казакстандагы мурдагы элчиси Уильям Куртни.

Назарбаевдин тушунда анын үй-бүлөсү, жакындары, элита дайыма Батышты карап келишкен. АКШ менен Европанын алдыңкы бизнес гезиттеринде Казакстандын жетишкендиктери тууралуу чоң макалалар жарнак катары басылып турду. Казакстандын ири компаниялары өз акцияларын Лондон биржасына чыгарды.

Жада калса футбол боюнча улуттук курама команданы Азия федерациясынан чыгарып, европалык чемпионатка кошту. Бирок оюндарда бир дагы жолу жеңишке жете элек.

Жакырчылык, коррупция жана иллюзиянын бүтүшү

Батыш маданиятына үйрөнүү, ошолордой жашоого умтулуусу менен Назарбаев коңшулаш Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандагы авторитардык башкаруучулардан айырмаланып турду.

Назарбаев жакынкы жылдары Казакстанды дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы 30 өлкөнүн катарына алып чыгам деген убаданы берип келген.

Бирок саясатта жана коомдук турмушта Казакстан Батышка каршы турган лагерге ого бетер жандап жашап жатат. Өлкө барган сайын экономикалык жактан Кытайга, саясий жактан Орусияга көз каранды болууда. Соңку кризис Казакстан Орусиянын жардамысыз өзүнүн коопсуздугун дагы камсыздай албаганын көрсөттү.

Казакстан барган сайын экономикалык жактан Кытайга, саясий жактан Орусияга көз каранды болууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан барган сайын экономикалык жактан Кытайга, саясий жактан Орусияга көз каранды болууда

Токаев элдик толкундоолорду чечкиндүү түрдө басууга убада берип, митингге чыккандар арасында террористтер бар деп айтып, чет өлкөдөн күч түзүмдөрүн жардамга чакырды. Эгерде бийлик реформалардын ордуна ички саясатты катаалдаштыра турган болсо, мурдагы “өнүккөн өлкө болобуз” деген убадалар сөз бойдон кала берет.

“Казакстан олуттуу системалык көйгөйлөргө туш болду жана аларды чечүүнү кийинкиге калтыруу мүмкүн эмес. Муну баары, бардык жерде түшүнүп турат”, - деп жазды Гарвард университетинин окутуучусу Наргис Касенова.

Назарбаев ондогон жылдар бою элге гүлдөп-өнүккөн өлкөнү убада кылып келди, бирок анын ийгиликтери аз. Мунай жана газды сатуудан улам экономикалык өсүү болгону менен мындан түшкөн киреше тегиз бөлүштүрүлбөгөнү сынга алынып келүүдө. Өлкө дагы эле чийки зат экспортуна, Кытайдагы суроо-талапка жана Орусиядагы кырдаалга көз каранды.

Мунай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мисалы катары 2009-жылы мунайдын баасы түшүп кетип, артынан теңгенин девальвациясына алып келди. Крымдын аннексияланышына жооп иретинде салынган санкциялардан улам орус рубли түшкөндөн кийин артынан теңге дагы кунун жоготту.

Ал ортодо коррупция күч алууда. Назарбаев Казакстан-2020 биринчи масштабдуу планында өлкөнү дүйнөдөгү эң аз коррупциялашкан өлкөлөрдүн сап башына чыгарам деген. Анткен менен Transparency International уюмунун коррупцияны кабылдоо индексинде ал дагы эле Танзания, Индия жана Мароккодон кийин 180 өлкөнүн ичинен 94-орунда турат.

Өзгөрүүлөр бышып жетилгенин эксперттер бир нече жыл мурун айтышкан жана Назарбаев күтүүсүздөн Токаевге президенттик кызматты өткөрүп бергенде, айрымдар мураскерди “социалдык камикадзе” деп аташкан. Алар Назарбаев анын тилинен чыкпай, кыңк этпей аткара турган “баланы” тапты, ага бардык ишти тапшырып, өзү журт атасы катары обочодо төрдө отурат деп ойлошкон. 

Эки жарым жыл өттү, анын экөө ковид менен алпурушуп өттү. Пандемия социалдык камсыздоо жана саламаттыкты сактоо тармагындагы системалуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, белди бекем буушка туура келди, бийликтин кысымы ого бетер күчөдү. Акыры элдин нааразылыгы да күчөдү. 

Баягы “баланы” тилдей турган убакыт келди. Кеп эми бул ролду ким ойной турганында – Токаевби же Казакстанды качантан бери башкарып, беймазалуу 2022-жылга алып кирген адамбы? (ErA)