Назарбаевдердин Лондондогу мүлкү камакка алынды

Дарига с отцом на приеме у королевы Елизаветы II в Букингемском дворце в ноябре 2015 года

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизаветы II 2015-жылы Букингем сарайында Дарига Назарбаева менен анын атасы Нурсултан Назарбаевди кабыл алган

Өткөн жылы Лондондо "байлыктын булагы так эмес" делген шек менен камакка алынган мүлктөрдүн ээси Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаевдин кызы менен небересине таандык экени белгилүү болду.

Эми Назарбаевдин кызы менен небереси 100 миллион доллардан ашуун каражат каяктан келгенин Британиянын сотуна далилдеп бериши керек.

Бул каражатка Лондондогу бай райондордун биринен батир жана эки хансарай сатып алынган.

Өткөн жылы жаз айында Лондондун Жогорку Соттунун санкциясы менен белгилүү "Бишопс-авеню" көчөсүндө жайгашкан жер алдында бассейни жана кинотеатры бар хансарай, Хайгейт районундагы дагы бир хансарай жана Челси районундагы эбегейсиз чоң батирди камакка алынган. Бул мүлктөр 100 миллион долларга бааланган болчу. Мүлктүн ээсинин ысымы дагы, улуту да ачык айтылган эмес. Эми бул мүлктүн ээлери Дарига Назарбаева, анын уулу Нурали Алиев жана жубайы Аида экени тастыкталды.

Би-Би-Си бул маалыматты ачык булактар аркылуу Finance Uncovered жана "Трансперенси Интернешнл" уюмдары менен биргеликте тастыктаган. Шейшемби күнү Жогорку Сот маалыматты ачык жарыялоого уруксат берди.

Учурда Дарига Назарбаева менен Нурали Алиев сотто мүлктү мыйзамдуу жол менен тапкан каражатка сатып алганын далилдөөгө аракеттенүүдө.

Нурали Алиев просил суд засекретить адреса лондонских домов ради безопасности его детей. Судья отказала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурали Алиев балдарынын коопсуздугуна тынчсызданып, соттон ысымын ачыкка чыгарбоону өтүнгөн. Сот бул Алиевдин өтүнүчүн канааттандырган эмес

Камакка алынган үч кыймылсыз мүлктүн учурдагы базар баасы канча экени айтылган жок. Балким бир топ эле кымбат болушу да мүмкүн.

Назарбаевдин жакындарынын кыймылсыз мүлктөрү үч офшордо катталган компанияларга жазылган. Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агентиги (NCA) мүлктөр Нурали Алиевдин атасы Рахат Алиев мыйзамсыз жол менен тапкан каражатка сатып алынган деген пикирде. Бир учурда таасирдүү деп саналган Назарбаевдин күйөө баласы Казакстандан качып чыгууга аргасыз болгон. 2015-жылы Австриядагы түрмөдө каза тапкан.

Жер алдында бассейни бар мүлк 2014-жылы сатып алынганда Нурали Алиев отуз жашка чыга элек болчу. Ага карабастан, ал Казакстандын алдыңкы банктарында жана компанияларында жетекчи кызматтарын ээлеген. 2014-жылдан аягында мамлекеттик кызматка өтүп, бир нече жыл бою башкалаада вице-мэр болуп иштеген.

Ошол маалда Рахат Алиев "Нурбанктын" эки менеджерин өлтүргөн деген айыптоолордон улам сот процессин күтүп жаткан эле. Рахат Алиев 2007-жылы Казакстандын Венадагы элчиси кызматынан четтетилип, сыртынан 40 жылга эркинен ажыратылгандан кийин жубайы менен мамилеси үзүлгөн.

Суперквартира Алиевых в этом доме в Челси может стоить больше 50 млн долларов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жалаң байлар жашаган Челси районундагы Алиевдердин батири 50 миллиондон жогору бааланат

Британия кабыл алган мыйзам

Эки жылдан бери Британияда чет жерден келип, шектүү жол менен байлыкка ээ болгондор текшериле баштады.

Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агентиги (NCA) чет жактан келген коррупционер жана башка кылмышка тиешеси бар кишилерге каршы өнөктүгүн баштагандан бери, Назарбаевдин жакындарынын мүлкү биринчилерден болуп камакка алынды.

Британияда булагы белгисиз болгон каражатка алынган кыймылсыз мүлктөрдү текшерүүгө жол берген мыйзамды 2018-жылы кабыл алынды.

Мындай мыйзам Британияда арам акчаны адалдоого жана коррупциялашкан чет өлкөлүк чиновниктерге каршы күрөшүү максатында кабыл алынган деп түшүндүрүлгөн.

Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттигинин тергөөчүлөрү чет жактан келген, таза эмес жол менен табылган миллиардаган каражаттарга Британияда кыймылсыз мүлктөр сатып алынган деп эсептейт.

Дом семьи Алиевых на Бишопс-авеню в Лондоне
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондогу белгилүү "Бишопс-авеню" көчөсүндө жайгашкан жер алдында бассейни жана кинотеатры бар хансарай

Бирок ушул кезге чейин мындай көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, жоопко тартуу өтө татаалдыктарды жаратып келген. Анткени кандайдыр бир илинчек табуу жагы кыйынга турат. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин, эми шектүүлөр короткон акчаларынын булагын көрсөтүүгө тийиш.

Эгерде ал өзүнүн капиталын мыйзамдык жактан далилдей албаса, Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча сотко кайрыла алат. Эгерде мүлктөрдү сатып алууга корогон каражаттардын булагы далилденбесе, анда мүлктү сатып, түшкөн акчаны мамлекет эсебине өткөрүшөт.

Бирок "шектүү байлыктын" ээсине кылмыш иши козголбойт. Бул кылмыш эмес жарандык иш катары каралат. Мүлктөрү камакка алынгандан кийин, соттун талаптарын аткарбай адаштырганга аракет кылса, кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Арам акчаны Британиядан мүлк сатып алуу аркылуу адалдоого каршы өнөктүк ошентип ордунан козголду.

NCA кийинки жети-сегиз иштин фигуранттары Африка, Түштүк Азия жана мурунку СССР өлкөлөрүнөн экенин билдирди.

Мурдагы СССР өлкөлөрүнөн уурдалган байлык

Арам акчаларын адалдаган деп Британияда кармалгандардын биринчиси - Азербайжан Эл аралык банкынын мурдагы жетекчисинин жубайы Замира Хаджиева болгон эле. 2018-жылдын күз айында анын бир катар мүлктөрү камакка алынган.

Хаджиева кыймылсыз мүлктөрдү жана зер буюмдарды сатып алганга короткон каражатынын булагын көрсөтүшү керек эле. Азербайжандын мамлекеттик банкынын жубайы сапырып жүргөн миллиондор кайдан келди деп, Британия түшүндүрмө талап кылган.

Лондондогу элиталык үйлөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондогу элиталык үйлөр

Биринчи соттук отурумда Замира Хаджиева соттон ысымын ачыкка чыгарбоону өтүнгөн. Баштапкы соттук териштирүүлөрдө Хаджиевдер документтерде мырза жана айым "А" деп эле көрсөтүлгөн.

Хаджиева каражатты мыйзамдуу жол менен тапканын айтып, иликтөөнү токтотуу өтүнүчү менен сотко да кайрылган эле.

Соңку он жыл ичинде Замира Хаджиева Harrods универмагына 16 млн фунт короткону сотто белгилүү болгон. Бул деген күнүнө 4 миң фунт дегендик.

Ошондой эле сотто далил катары элиталык зер буюмдарды, парфюмерия жана саат чыгарган Boucheron фирмасынын продукциясына 150 миң фунт короткону көрсөтүлдү. Cartier зергер дүкөнүнөн күйөөсүнө белек үчүн 20 миң фунт чыгымдаган.