Назарбаевдин небереси эмне болуп абакка түштү эле?

Сүрөттүн булагы, Social Media
Казак президентинин 28 жаштагы небереси Айсултан Назарбаев "Орусиядагы атайын абактан эркиндикке чыгып, үйгө кайтып келдим" деп айтып чыкты.
"Мага жакын делген кишилер мени ал жерге алып барган", -деп жазды Айсултан "Фейсбук" баракчасына.
Казак лидеринин небереси бир жыл мурун коомдук иш-чараларга катышпай калган эле. Ал декабрда "Орусиянын коопсуздук кызматкерлеринин жардамы менен" эркиндикке чыкканын "Фейсбукка" жазган.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Айсултандын жазгандары Казакстанда талаш-талкуу жаратты. Айрымдар аны колдоп жазса, башкалары Астананын ички саясатына Москва кийлигишүүдө деген тынчсызданууларын билдирген.
Айсултан Назарбаев деген ким?
Айсултан президент Назарбаевдин экинчи небереси, Дарига Назарбаева жана анын мурдагы күйөөсү Рахат Алиевдин уулу.
Рахат Алиев Казакстандын жогорку даражадагы кызматкерлеринин бири болгон. Ал Назарбаевдин тун кызы Даригага үйлөнүп, президенттин ордун ээлейт деген имиштер да айтылган.
Бирок 2007-жылы президент Назарбаев менен пикири келишпей, Дарига Назарбаева менен ажырашып, аягында бир топ дооматтар тагылган.

Сүрөттүн булагы, Social Media
Алиев өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, президент Назарбаевди сындаганы үчүн куугунтукка алынганын билдирген. Казакстан соту аны адам өлтүрүү жана опузалоо беренелери боюнча 40 жылга сыртынан абакка кескен.
Алиев 2014-жылы июнь айында өз ыктыяры менен Австриянын тергөө органдарына барган. Казакстан бир нече жолу аны экстрадициялоого аракеттенген. Австриялык сот Алиевдин Казакстанда адилеттүү соттолооруна кепилдик жок деп, депортациядан баш тарткан. Бирок бул өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери өз алдынча тергөө иштерин жүргүзгөн. Сот 2014-жылы май айында Алиевди камакка алууну чечкен.
2015-жылдын 24-февралында Рахат Алиев өзү кармалган камерада асынып турган жагдайда табылган. Ал камерада жалгыз жатчу, өз жанын кыят деген шектенүү жок эле. Абак жетекчилигинин билдиришинче, Алиевдин отурган жери текшерилип турган, бирок жуунуучу бөлмөсү сырттан көрүнчү эмес.

Сүрөттүн булагы, DRAGAN TATIC/AFP/Getty Images
Окуядан көп өтпөй Алиевдин адвокаты жана жакындары өз жанын кыйды деген маалымат боюнча күмөн ойлорун айтышкан.
Айсултандын энеси Дарига Назарбаева Казакстан Сенатынын өкүлү жана өлкөдөгү бир топ медиа компанияларда үлүшү бар.
2016-жылы Казакстандын эң бай адамдарынын бири Булат Утемуратов менен Адилбек Жаксыбеков (президент Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси) "чексиз бийликти" эңсеп жатканын Айсултан "Фейсбук" баракчасына жазган.
2017-жылы президенттин айланасындагы саясатчылар "коррупцияга малынганын, өз кызыкчылыгын ойлоп турганын" коомдук медиага билдирген. Мындан көп өтпөй, 2017-жылдын сентябрь айында дайынсыз болуп кеткен.
Буга чейин Айсултан атасы "өз жанын кыйгандан" кийин баңгизат колдонуп, ага байланып калганын мойнуна алган болчу.
Түрмөбү же реабилитация борборубу?
Улуттук коопсуздук комитетин 1990-жылдары эки ирет башкарган, учурда Европада баш калкалап келаткан Алнур Мусаев 2018-жылдын июль айында "Айсултан Назарбаевдин Европа мамлекеттеринин биринде кармалып" жатканын "Фейсбукка" жазган.
Ал эми "БАСЕ" аттуу оппозициялык "Ютуб" каналы өткөн жылдын сентябрь айында Айсултан Швейцариядагы реабилитация борборунда дарыланып жатканын билдирген. Ошондой эле аталган канал президент Назарбаев небересинин саясатка аралашуусуна тыюу салганын айтып чыккан.
Мусаев буга Казакстан элитасындагы бийлик талаш жана Айсултандын "атасына каршы болгондорду ашкерелөө аракети" себеп болгон дейт.
Айталы, Айсултандын атасы Рахат Алиев менен Алнур Мусаев 2008-жылы "Нурбанк" аттуу ишкананын эки жетекчисинин өлүмү боюнча айыпталган. Алиев бул банктын башкы акционери болчу. Австриянын соту "Мусаев кылмышка байланышы жок" деп өкүм чыгарган.











