Австрияда казакстандык эки атуул соттолууда

Бүгүн Австрияда 2007-жылы Казакстанда эки банкирдин өлтүрүлүшү боюнча кармалган эки казакстандыктын сот иши башталды. Бул Австриянын юстиция системасындагы эң татаал жана адаттан тыш соттук иштердин бири деп жарыяланган.
Шектелген негизги адамдардын бири, президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев февраль айында Вена шаарындагы түрмөдө өзүн өзү өлтүрдү деп айтылган.
Алиев менен кошо соттолуп жаткандардын бири Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчилеринин бири Алнур Мусаев, экинчиси президенттин мурдагы жан сакчысы Вадим Кошляк.
Алар Рахат Алиевдин буйругу менен 2007-жылы эки банкирди уурдап, көзүн тазалоого жардамдашкан деп айыпталууда.
Австрияда сот иши медиа каражаттарынын жана саясатчылардын көңүл борборунда болуп, өлкөдөгү эң белгилүү адвокаттар катышып жатат.
Адистер болсо Казакстанды соттук ишке кийлигишип жатканын айтышып, Борбор Азияга жана башка Советтик өлкөлөргө таандык болгон саясат аркылуу Европанын сот адилеттигине таасир этүүгө аракет жасалып жатканын баса белгилешүүдө.
Вена шаарындагы сот иши 27 күнгө созулуп, 60 күбө көрсөтмө берет.
Алиев өзүн өзү өлтүрдүбү?
Рахат Алиев Казакстандын жогорку даражадагы кызматкерлеринин бири болгон. Ал Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Даригага үйлөнүп, президенттин ордун ээлейт деген имиштер да айтылган.
Бирок 2007-жылы президент Назарбаев менен пикири келишпей, Дарига Назарбаева менен ажырашып, ага карата бир топ дооматтар тагылган.
Алиев күнөөсүз экенин айтып, дооматтардын баарын президент Назарбаевди сындаганы үчүн жасалган куугунтук деп баалаган. Бирок казак соту мурдагы дипломатты киши өлтүрүү жана опузалоо беренелери боюнча 40 жылга сыртынан абакка кескен.
Алиев 2014-жылы, июнь айында өз ыктыяры менен Австриянын тергөө органдарына барган жана ошондон бери камакта болчу. Казакстан бир нече жолу Алиевди өткөрүп алууга аракеттенгени менен Австриялык сот Алиев Казакстанда адилеттүү соттолооруна кепилдик жок деп депортациядан баш тарткан.
Ал арада Австриянын коопсуздук кызматкерлери өз алдынча тергөө иштерин жүргүзгөн. Сот 2014-жылы, май айында Алиевди камакка алууну чечкен.
24-февраль, 2015-жылы Рахат Алиевдин асылган денеси өзүнүн камерасындагы ваннада табылган.
Ал камерада жалгыз жатчу жана өз жанын кыят деген шектенүү жок эле. Расмийлер анын камерасы маал-маалы менен текшерилип турганын, жуунучу бөлмөсү сырттан көрүнбөгөнүн айтышкан.
Бирок Алиевдин адвокаты жана жакындары ал өз жанын кыйды деген маалымат боюнча күмөн ойлору менен бөлүшкөн.
Австриянын коопсуздук кызматкерлери Алиевдин табышмактуу өлүмүн териштирүүдө.
Алматы шаарындагы кылмыш

Алиев “Нурбанк” аттуу ишканасынын эки жетекчисинин өлтүрүлүшү боюнча айыпталган. Алиев бул банктын башкы акционери болчу.
Алиев менен кошо айыпталып жаткан Алнур Мусаев менен Вадим Кошляк киши өлтүрүүнү бирге пландашканын бүгүнкү соттук отурумда прокурор билдирди. Кошляктын “эки банкирди эркине каршы кармап туруу жана аларды акциялары менен мүлк укуктарын өткөрүп берүүгө мажбурлоо” багытында Алиевге жардам бергени айтылды.
Эки киши тең адвокаттары аркылуу бул айыптарды четке кагып, Алиев президент Назарбаев менен чатакташкандан кийинки Казакстанда ойлонуп чыгарылган “жалган аңгеме” деп аташты.
“Бул өтө аяр иш. Анын абдан кеңири кесепеттери бар. Бул сот аяктаган күндө деле башка соттук иштер менен коштолушу мүмкүн. Менин кардарымдын көзү тирүү кезде аны бошотууга жан үрөгөнбүз жана биз дайыма бул саясий соттук иш деп айтып келгенбиз. Сот ар дайым четке какчу. Бул жардыруучу күчкө ээ факт. Бул иш саясий деп эми сыпатталганы ого бетер кызык”, -деди Рахат Алиевдин адвокаты Клаус Айнедтер.
2008-жылы Казакстандын чалгындоо кызматы Мусаев менен Кошлякты Австриядан уурдап качууга аракеттенишкен. 2009-жылы болсо Австриянын парламенти Казакстандын чалгындоо кызматы айрым депуттарга таасир этти деген дооматтарды иликтеген. Иликтөө депутаттар өздөрү байкабай Австриянын коомун манипуляциялап, казак өкмөтүн колдоду деп тапкан.
Маркум эки банкирди коргогон “Тагдыр” ассоциациясы Казакстандын чалгындоо кызматына таандык деген дооматтар да тагылган. Бирок Австриянын адвокаттары бул дооматтарды четке кагып келет. Бул сот иши Австриянын эң мыкты адвокаттарын тирештирип, өлкөдөгү белгилүү саясатчылар, коопсуздук кызматкерлер жана судьялар тергөөдөн өттү.
Эки банкирдин сөөгү 2011-жылы Алматы шаарынын четинде табылган.








