Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы асынып алды

- Author, Йоханнес Делл
- Role, Би-Би-Синин Борбор Азия кызматынын редактору
Казакстандын мурдагы дипломаты, президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев өзүн өзү өлтүргөнү кабарланды. Бул окуя Австриянын борбору Вена шаарындагы түрмөдө орун алган.
Алиев 2007-жылы Казакстанда эки банкирдин өлүмү боюнча айыпталып, өткөн июнь айынан бери камакта жаткан эле.
Австриядагы абактын расмийлери Рахат Алиевдин асылган денеси бүгүн эртең менен өзүнүн камерасындагы ваннадан табылганын билдиришти.
Ал камерада жалгыз жатчу жана өз жайынын кыят деген шектенүү жок эле. Расмийлер анын камерасы маал-маалы менен текшерилип турганын, жуунучу бөлмөсү сырттан көрүнбөгөнүн айтышты.
Венадагы мурдагы казак элчиси июнь айында полициянын колуна түшүп бергенден бери камакта жаткан.
Ал 2007-жылы Казакстандын “Нурбанк” аттуу банкынын эки менеджеринин өлтүрүлүшү боюнча айыпталып жаткан. Алиев бул банктын башкы акционери болчу.
Прокурорлордун айтымында, менеджер акция жана мүлктөрүн тартып алуу максатында уурдалган жана алар кыйноо менен өлтүрүлгөн.
Алиев күнөөсүз экенин айтып, дооматтардын баарын президент Назарбаевди сындаганы үчүн жасалган куугунтук деп баалаган.
Казак соту мурдагы дипломатты киши өлтүрүү жана опузалоо беренелери боюнча 40 жылга сыртынан абакка кескен.
Алиевдин адвокаты ал өз жанын кыйды деген маалымат боюнча күмөн ойлору менен бөлүштү.
“Менде олутуу шек саноо бар. Мен аны кечээ эле көрүп келгем. Жанын кыйганга жеткиргендей коркунучтун белгиси жок болчу. Биз анын өлүмү тыкыр иликтенет жана себеби так аныкталат деп ишенебиз”,-дейт Клаус Айнедтер.
Алиев бүгүн эки камералаштарынын аны шантаж кылганына байланыштуу соттук териштирүүдө көрсөтмө бермек.
Айыптоолорго караганда, абактагы адамдар Алиевден 3 миң евро акча талап кылып, болбосо аны ваннада өз жанын кыйгандай кылып өлтүрүп кетерин айтышкан.
Бул окуядан кийин Алиев жалгыз камерага которулган.
Экинчи жолу үйлөнгөндөн кийин өз атын Шораз деп өзгөрткөн Алиев медиа каражаттарынын көңүл борборунда турчу. Анын ишине Австриядагы эң белгилүү адвокаттар катышып жаткан.
Австриянын бийлиги “Казакстандын коопсуздук кызматкерлери Венадагы соттук ишке кийлигишип жатат” деген дооматтарды да иликтеп жаткан.
Эми анын өлүмү боюнча сот иши апрель айында башталат деп күтүлүүдө.








