Дүйнөлүк уран оюндарына Казакстан дагы катышкысы келет

Сүрөттүн булагы, TASS/Устиненко Анатолий
- Author, Хью Барнс
- Role, Британиялык жазуучу жана журналист
Уран өндүрүү боюнча дүйнөдөгү лидер болгон Казакстан, глобалдык өзөктүк курал коркунучун ооздуктоо аракетин көрүп жаткан мамлекет катары көрсөтөт. Бул статус Астана менен Орусиянын ортосундагы мамилеге жана өлкөдөгү ички саясатка кандай таасир этет?
2017-жылы өзөктүк курал маселеси дүйнөлүк тынчтыкка олуттуу коркунуч жараткандай.
Пхеньян өзөктүк куралын сыноодон өткөргөндөн кийин АКШ менен Түндүк Корея ортосунда кайым айтышуу уланып келүүдө. Ал эми Дональд Трамп Ирандын өзөктүк курал өндүрүү долбоорун чектеген Биргелешкен комплекстүү иш-чаралардын планын жокко чыгарам деп убада кылды.
"Бул - келишим түзүү тарыхындагы эң акылсыз келишим болгон", -деп Трамп документке мүнөздөмө берген. Ага 2015-жылы Иран, АКШ жана беш мамлекет кол койгон.
Кансыз согуш учурунда Советтер Союзу өзөктүк куралын Казакстандын чыгыш-батышында болжолу менен 500 жолу сыноодон өткөргөн.
Риторика жана согуш чыгуу ыктымал деген коркунуч учурунда көптөр Казакстан жараткан үмүттү байкабай калган. Айталы, дүйнөдө Казакстан менен Украина гана өз ыктыяры менен өзөктүк куралдарын жок кылган.
Казакстан болсо жайында дүйнөдөгү биринчи аз өлчөмдө байытылган уран банкын ачты.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (АЭЭА) колдогон бул демилгенин максаты - дүйнөлүк тынчтыкты өзөктүк куралдын жайылышын ооздуктоо аркылуу бекемдөө.
АЭЭАга мүчө болгон өлкөлөр банктагы аз өлмөчдө байытылган 90 тонна уранды алып, Атомдук электростанцияларында колдоно алат.
Сынчылардын айтымында, авторитардык президент Нурсултан Наразбаев аз өлчөмдө байытылган уранды сактоочу жайларды өз мамлекетинде жайгаштырып, өзүнө упай топтоону көздөгөн. Баса, бул долбоорду америкалык миллиардер-филантроп Уильям Баффет колдоп, каржылады. 150 миллион долларга курулган жай дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Казакстанга жана мамлекеттин өзөктүк куралды чектөө аракетине бурду.

Сүрөттүн булагы, Stanislav Filippov/AFP/Getty
Кансыз согуш учурунда Советтер Союзу өзөктүк куралын Казакстандын чыгыш-батышында болжолу менен 500 жолу сыноодон өткөргөн. Эми алыскы чөлдө жайгашкан аймак - дүйнөдөгү радиацияга эң көп булганган жер болуп калды.
1991-жылы Казакстан өзөктүк куралдын көлөмү боюнча төртүнчү орунда турган. Астананын өзөктүк курал арсеналы Улуу Британия, Франция жана Кытайды бирге алганда дагы көп болчу.
Ага карабастан көз карандысыздыгын жаңы алган Казакстан өзөктүк куралдарын Орусияга өткөрүп берип, Start I, өзөктүк куралды жайылтпоо багытындагы жана өзөктүк куралды сыноодон өткөрбөө багытындагы келишимдергее кол койгон.
Фанатизм, жек көрүүчүлүк, улут аралык жана диний аралык араздашуулар күчөп жаткан учурда өзөктүк куралды колдонбоо, жайылтпоо принциптери тез эле урап калышы ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Stanislav Filippov/AFP/Getty
Чынында, Казакстандын өзөктүк куралды бир тараптуу жок кылууда терең тажрыйбасы бар. Демек, бул мамлекеттин өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга укугу дагы бар. 2017-жылдын январь айынан баштап Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары дал ушул суроону көтөрдү.
Сентябрь айында Казакстандын премьер-министринин орун басары Аскар Жумагалиев Иран жана Түндүк Кореядан тышкары башка да мамлекеттер өзөктүк курал же аны өндүрүү үчүн каражат иштеп чыгуу аракетин көрүшү мүмкүн деп билдирген.
Ошондой эле казак адистери дагы бир тынчсыздандырган маселеге көңүл бурууда - АКШнын жана Орусиянын өзөктүк куралдарынын күжүрмөн даярдыгы жана анын кокусунан атылып кетчү коркунучу каргашалуу окуяга алып барышы ыктымал.

Сүрөттүн булагы, TASS/Устиненко Анатолий
Аз өлчөмдө байытылган уранды сактоо жайларын түзүү идеясы Ирандагы өзөктүк курал кризиси учурунда жаралган.
Казакстан Каспий деңизинин экинчи тарабындагы коңшулары менен мамилени жөнгө салууга көп эле аракет жасады. 2013-жылы Алматыда Иран жана «5+1 тобу» менен (БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия) эки айлампадан турган сүйлөшүүлөр өткөн.
Ирандын өзөктүк курал өндүрүү долбоорун чектеген Биргелешкен комплекстүү иш-чаралардын планына кол коюлгандан бир нече айлардан кийин Казакстан тынчтык максатта колдонуу үчүн Иранга 60 тонна уран жөнөткөн. 2017-жылы Назарбаев бул келишимдин чоң пайдасы болгонун айтты.
2015-жылдан кийин Иран өзүнүн жогорку деңгээлде байытылган уранынан баш тартып, аз өлчөмдө байытылган урандын 98 пайызын жок кылып, болгону 300 кг гана алып калды. Бул болсо мындан ары дагы байытам десе өзөктүк куралдын бир бирдигине да жетпей калат.
Албетте, АКШнын баасы боюнча өзөктүк курал программасындагы азыркы Ирандын турган абалдан Түндүк Корея алда канча алдыга кетип калган.
Пхеньян өзөктук курал сыноосун өткөргөнүн биринчи жолу 2006-жылы эле билдирген. Эң соккусу ноябрда болду. Эксперттердин баамында, Түндүк Кореяда 20 атомдук бомба бар жана өлкө кубаттуу сутек бомбасын өндүрүүгө багыт алууда. Ошол эле учурда ракета технологиясы тез өнүгүп жатат. Акыркы өткөрүлгөн сыноолордон улам болжоп карасак, континенттер аралык баллистикалык ракеталар колдонулду.
Эреже боюнча казакстандык дипломаттар аз өлчөмдө байытылган уранды сактоо жайларынын келечеги тууралуу комментарий бербөөгө аракет кылашат.
Бирок октябрь айында Тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашикбаев жаңы объект Казакстандын жакшы ниетинин кепилдиги болуп калмак жана Түндүк Корея боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчулук ролду бермек деп белгиледи.
Казакстан бул макамда - ортомчу катары Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө жана кошумча женевалык тынчтык сүйлөшүүлөрүндө чыккан.
1991-жылы эгемендик алганга чейин бул сектордогу өндүрүштүн баары СССРдин Минатомунун көзөмөлүндө болуп, уран чыккан аймактарды анын Казакстандагы бөлүмү башкарып келген.
1991-жылдан кийин уран өндүрүшү Казакстандын атом энергетикасы жана өндүрүшү боюнча мамлекеттик корпорациянын башкаруусуна өткөн. Анын 51 пайзы мамлекеттин колунда. Ал эми 49 пайызы Назарбаевге жакын кишилерде колунда болгон деген божомол болгон. Кийин 1997-жылы Назарбаев иш жүзүндө уран индустриясынын кайрадан улутташтырып, «Казатомпром» (КАП) түзгөн.
Азыр бул мамлекеттик холдинг өлкөдөгү уранды байытууну канадалык Uranium One компаниясы менен биргеликте жүргүзүүдө. 2013-жылдан бул компания 100 пайыз «Росатомго» таандык. (Uranium One компаниясынын сатылышы жакында эле АКШда бир катар суроолорду жараткан. Анткени бул компаниянын АКШда 20 пайыз уран өндүрүү укугуна ээ. Трамптын тарапташтары болсо 2010-жылы Хилари Клинтондун жетекчилиги менен мамлекеттик департамент Uranium One компаниясына «Росатомго» акциясын сатууга жол берген деп билдирип келет).

Сүрөттүн булагы, TASS/Устиненко Анатолий
Орусия менен Казакстандын өзөктүк сектордогу кызматташтыгында чыккан зыян эки өлкө ортосундагы мамиленин салкындашына алып келди. Ал эми «Казатомпромтун» «Росатомдон» ийгиликтүү бөлүнүп чыгышы Жумагалиевдин кызматтан жогорулоосуна жардам берип, сентябрь айында вице-премьер болду.
Жумагалиев «Казатомпромду» башкарып турган учурда уран секторундагы ички таасирдин балансында жылыштар болгон. Бул жерде кеп, орус элитасы менен байланышы болгон кишилер менен экинчи тараптан Жумагалиев өзү өкүлү саналган «түштүктүк» (Казакстандын түштүгүнөн чыккандар) деп белгилүү болгон топ ортосундагы баланс тууралуу жүрүүдө.
«Түштүктөрдүн» катарында таасирдүү фигуралардан Жумагалиевдин кайын атасы Кайрат Мами (Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы), өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жана "Самрук-Казына" фондун төрагасы Умирзак Шукеев бар.

Сүрөттүн булагы, TASS/Дружинин Алексей
Маалымат берген булактын айтымында, Жумагалиевдин «Казатомпромдогу» негизги тапшырмасы уран секторундагы балансты өзгөртүү, орусиялык үстөмдүктөн арылуу болгон. Жумагалиев өзү башкарып турган кыска мезгилдин ичинде «Казатомпром» менен Кытайдын ортосундагы мамилени талкулоо үчүн жети же сегиз жолу жумушчу сапарында болгон. Эми премьер-министрдин орун басары болгондон кийин Казакстандын уран секторуна болгон Кытайдын кызыгуусун алдыга чыгарышы мүмкүн. Бирок маалымат берген булак билдиргендей, активдерди Кытайга массалык берип салуу туралуу сөз жок.
«Түштүктүктөр» орусиялык элита менен жакшы мамилени сактап жана улантып, мурдагыга караганда Кытайга көбүрөөк жакын болууга умтулат.
Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун баасында, дүйнөлүк уран запасынын 20 пайызы Казакстанда. Бул өндүрүш өлкө үчүн стратегиялык мааниде.
Эгерде Москвага чет өлкөлүктөрдүн Казакстандын уран секторунда орусиялык кызыкчылыкка каршы экендиги көрүнө турган болсо, бул Назарбаев жана анын айланасы үчүн олуттуу кооптонууга негиз болчу маселе.
Август айында аз өлчөмдө байытылган уранды сактоо жайларынын ачылышы жана Назарбаевдин Түндүк Корея жана Иран боюнча сүйлөшүүлөрдү жайгарууга катышуу аракети, Казакстанды глобалдык өзөктүк регулятор катары көрсөтүү ниетинен кабар берет.
Бирок ал үчүн өз тарабына эл аралык пикирди тартуудан дагы Кремлди ынандыруу татаал болуп калышы мүмкүн.

Хью Барнс - британиялык жазуучу жана журналист, Казакстан мененОрусияда 25 жыл иштеген.










