Эксперттер Алиев камакта өлтүрүлгөнүн билдирди

Рахат Алиев - Нурсултан Назарбаевтин мурдагы күйө баласы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рахат Алиев - Нурсултан Назарбаевтин мурдагы күйөө баласы

Жаңы иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы былтыр Австриянын түрмөсүндө киши колдуу болгон.

Мурдагы күчтүү саясатчы жана ишкер Алиев Венада иликтөө учурунда камакка алынган эле. 2015-жылдын февраль айында анын жансыз денеси өзүнүн камерасында табылган.

Соттук медициналык экспертиза ал муунуп алганын көрсөттү.

Алиевдин жактоочулары ал муунтуп өлтүрүлгөнү сокур адамга дагы көрүнүп турат деген пикирди айтып келишет.

Бирок Австриянын Адилет министрлиги Алиевди атайын бирөө өлтүргөндүгү тууралуу далилдер жок экенин жана анын камерасына эч ким кире албагандыгын билдирди.

Каза тапкан ишкердин жубайы менен кызматташкан жактоочулар, Алиев өзүнүн өмүрүнө кол салган деген жыйынтыкты четке кагып келишет.

Алар жеке иликтөө жүргүзүү үчүн Германиялык адис Бернд Бринкменди жалдаган.

Венада өткөн маалымат жыйынында иликтөө тобу, Алиевдин көкүрөгүнө бирөө олтуруп, анын оозу мурдун тумчулап думуктурганын айтып чыгышкан. Андан кийин гана денесин жипке асып коюшкан.

Жактоочулардын бири Клаус Айнедтер Би-Би-Синин Орто Азиядагы кызматына билдирүү жасаган. Анда ал өз иликтөөсүндө Алиевдин денеси табылгандан кийин дароо алып кетип жаткан сүрөттөрдү колдонгонун айтты.

Айнедтер Алиевдин денесин сойгондо шек санап калганын айтты. Ал эми Швейцарияда Алиевдин денесин экинчи жолу союуда сүрөт тартканга уруксат берилген эмес жана союу процесси Алиев каза болгондон тогуз күндөн кийин гана жасалган.

Австриянын Адилет министрлигинин өкүлү Кристиан Пилнажек Австриянын коомдук радиосуна иликтөө жыйынтыктарын тааныштырып жатып, Бринкмен учурдагы иликтөө жыйынтыктарын жокко чыгара албаганын айткан.

Ал мурдагы адисттик бүтүмдөгү сүрөттөрдү көргөзүп, Алиев жаткан абактын сыртындагы камера, абактын кулпусу дагы бузулбаганын айтты. Андан сырткары абактарга тамак аш жана дары-дармек ташыган бардык кызматкерлер сурамжылоодон өткөнүн кошумчалады.

Cоюп изилдөө Алиев асынып өлгөн деген бүтүм чыгарды. Иликтөөнү жүргүзгөн адис, Алиев өзүнүн өмүрүнө кол сала тургандай маанайда жүргөндүгүн айтты. Бул сунушту Алиевдин жакындары албетте четке какты.

Венанын тергөөчүлөрү иликтөөнүн расмий бүтүмү менен таанышып чыкканын жана жылдын аягына чейин адисттердин кошумча пикирлерин күтөөрүн билдирди.

Рахат Алиев мурда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевтин жакын өнөктөшү болгон жана президенттин улуу кызы Дарикага үйлөнгөн.

Бирок Алиев 2007-жылы Венадагы Казакстандын элчиси кызматынан четтетилип, сыртынан 40 жылга эркинен ажыратылгандан кийин жубайы менен мамилеси үзүлгөн.

Ал президенттик режимге каршы чыккандыгы үчүн курман болгонун айтты.

Алиев 2007-жылы "Нурбанктын" эки менеджерин өлтүргөн деген айыптоолордон улам сот процессин күтүп жаткан. Ал Австрия Казакстанга Алиевди экстрадициялоо суранычын четке каккандан кийин Австрияда соттолушу керек эле. (UA)