Лондон соту Максим Бакиевге карата доо арызды канааттандырган жок

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге каршы Британдык ишкер Шон Дейлинин арызын Лондон соту четке кагып, Максим Бакиевди актады.
Британдык ишкер Максим Бакиевди аны өлтүрүүгө буйрутма берген деп айыптап келген.
Шон Дейли 2015-жылы Максимди сотко берген эле.

Анын айтымында, Максим Бакиев киши өлтүрүү аракетинин негизги уюштуруучусу. Дейли бул жөнүндө израилдик ишкер Берти Синбети менен болгон маегинде билдирген.
Берти Синбети бул сотко күбө катары чакырылган, бирок ал сот ишине келген эмес.
Сотто күбө катары катышууга Берти Синбетиге пара берүү аракеттери жана коркутуулар болгондугу тууралуу анын жактоочулары билдирген.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2005-жылы «Оксус» компаниясы Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө лицензия алган. Бирок 2006-жылы Максим Бакиев өз кызыкчылыгы үчүн ал лицензияны башка компанияга сатмак болгон деп айтылып келет.
- <link type="page"><caption> Муну да окуңуз: Лондондо Максим Бакиевдин сотунда жаңы көрсөтмөлөр угулду</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/world/2016/06/160630_daley_bakiev_court" platform="highweb"/></link>
2006-жылы, Шон Дейли Кыргызстандагы «Жерүй» алтын кенини лицензиясын сотто утуп чыккан.
Бирок ага кол салуу аракетинен кийин, «Oxus Gold» компаниясынын лицензиясы токтотулган.
Ошол окуядан кийин “Жерүй” кенин документтерин алган бөлөк компанияны Максим Бакиев колдоп-коштогон деп айтылып келет.
2006-жылы, “Oxus” компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге кол салуу болгондон кийин дарыгерлердин жардамы менен аман калган, бирок Кыргызстандан чыгып кеткен.
Бул иш боюнча 2014-жылы Кыргызстандын соту Максим Бакиевди күнөлүү деп таап, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.
- <link type="page"><caption> Муну да көрүңүз: Лондондо Максим Бакиевдин соту өтүүдө</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/multimedia/2016/06/160630_av_maxim_bakiyev" platform="highweb"/></link>
Кол салуудан аман калган Дейли Кыргызстанда Максим Бакиев өмүр бою түрмөгө кесилгенин жүйөө келтирип, компенсация талап кылган. Максим Бакиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген.
Daily Mail гезитинин маалыматына караганда Максим Бакиев Лондондогу кымбат делген Кингстон районунда жашап жатат.

Сүрөттүн булагы, Global Witness
Жакында эле Кыргызстанда Жогорку Соттун соттук коллегиясы 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча чечимин чыгарган. Жогорку Сот апрель ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевге карата Республикалык Аскер сотунун мурдагы өкүмүн өзгөртүп, өмүр бою эркинен ажыратууну 30 жылга алмаштырган. (AbK)








