Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан каза тапты

Сүрөттүн булагы, AISULTAN NAZARBAYEV`S FACEBOOK PAGE
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин 29 жаштагы небереси Айсултан Лондондо каза болгону айтылууда. Казак басылмалары анын жүрөгү кармап каза тапканын жазды.
Айсултан президент Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын ортончу уулу эле. Айсултандын атасы маркум Рахат Алиев.
Рахат Алиев Казакстандын жогорку даражадагы кызматкерлеринин бири болгон. Ал Назарбаевдин тун кызы Даригага үйлөнүп, президенттин ордун ээлейт деген имиштер да айтылган. Бирок 2007-жылы президент Назарбаев менен пикири келишпей, Дарига Назарбаева менен ажырашып, аягында бир топ дооматтар тагылган.
Алиев өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, президент Назарбаевди сындаганы үчүн куугунтукка алынганын билдирген. Казакстан соту аны адам өлтүрүү жана опузалоо беренелери боюнча 40 жылга сыртынан абакка кескен. Алиев 2014-жылы июнь айында өз ыктыяры менен Австриянын тергөө органдарына барган. Казакстан бир нече жолу аны экстрадициялоого аракеттенген. Австриялык сот Алиевдин Казакстанда адилеттүү соттолооруна кепилдик жок деп, депортациядан баш тарткан. Бирок бул өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери өз алдынча тергөө иштерин жүргүзгөн. Сот 2014-жылы май айында Алиевди камакка алууну чечкен.

Сүрөттүн булагы, ANATOLI USTINENKO/TASS
2015-жылдын 24-февралында Рахат Алиев өзү кармалган камерада асынып турган жагдайда табылган.
Айсултан Назарбаев Англияда Королдук аскер академиясын бүтүрүп, Казакстандын Коргоо минстрлигинин чалгын кызматына ишке киргени белгилүү. 2017-жылы Айсултан Казакстандын футбол федерациясында иштеген. 10 күндөн кийин 30 жашка толмок.
Өткөн жылы октябрь айында Лондондун соту Айсултан баңгизат чегип алып, полицияга каршылык көрсөтүп, кол көтөргөн деп шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Аны баңгизатка каршы дарыланууну милдеттендирип, айып пул салган эле. Тергөө маалыматында Айсултан Назарбаев кокаин колдонгону айтылган.
Кийин Назарбаев Priory аталган белгилүү жеке менчик ооруканадан дарылоодон өткөн. Ал өзү дагы 2017-жылы баңгизат колдонгонун моюнуна алып, бул атасы Рахат Алиев Австрияга качып барып түрмөдө өз жанын кыйган окуядан кийин болгонун "Фейсбук" баракчасына жазып чыккан эле. Анда чоң атасы жана Кудайдын жардамы менен кыйынчылыктан чыкканын айткан.
Февралда анын Британияда саясий башпаанек сураганы тууралуу сөздөр чыкты. Жаз айында Лондондун Жогорку Сотунун санкциясы менен Дарига Назарбаева, анын уулу Нурали Алиевге таандык делген кыймылсыз мүлктөр "байлыктын булагы так эмес" деген шек менен камакка алынган.(AbA)







