Казакстан: Дарига Назарбаева тууралуу чечим төңкөрүшпү же макулдашылган ишпи?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Апта соңунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Жогорку палатасынын спикери, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дариги Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугун токтотуу тууралуу буйрук чыгарды.
Бүгүн эле жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен сенаттын төрагалыгына Маулен Ашимбаев шайланды. Ал буга чейин президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келаткан. 49 жаштагы М.Ашимбаев Казакстан Мажилисинин V жана VI чакырылышына "Нур Отан" партиясынан депутат болуп шайланган.
Касым-Жомарт Токаев "Твиттер" баракчасында "Дарига Назарбаеванын сенаттагы активдүү жана жемиштүү ишине ыраазычылык" айткан. Анын кызматтан алынышынын себептери ачык айтылган жок.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Казакстандын конституциясына ылайык, сенаттын төрагасы президенттен кийинки эле орунда. Эгерде президент мамлекет башчылык ролун аткара албай калса, анын милдети сенаттын төрагасына өтөт.
Дарига Назарбаева өлкөнү 29 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин тун кызы. Назарбаев өткөн жылдын март айында отставкасын жарыялаган. Бирок ал Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен жок.
Дарига Назарбаева 2016-жылы парламентке депутат болуп келип, 2019-жылы сенатты жетектеп калды. Атасы президенттиктен кетер замат кызынын сенаттын башына келишин көптөр бийликтеги рокировка катары түшүнгөн эле. Нурсултан Назарбаев баары бир бийликти өз таасиринде сактап калды, дейт көпчүлүк талдоочулар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Касым-Жомарт Токаевди президенттикке Назарбаев өзү сунуштап, шайлоо учурунда аны колдоого чакырган.
Назарбаевдин кызынын маанилүү кызматтан алынышын айрым эксперттер бийликтеги төңкөрүш катары дагы мүнөздөп жатышат. Ошол эле маалда президенттин тун кызы дагы өлкөдөгү белдүү саясатчылардын командасын жетектерин, аны ушундай жол менен эле саясаттан четтетип коюу мүмкүн эместигин айткандар бар.
"Бүгүнкү күндө бийлик, бийликтеги элита биримдик жана консолидацияга муктаж болуп турат. Анын алдында өлкөнү үч катар кризистен, өзгөчө абал режиминен жана карантинден чыгаруу маселеси күтүп жатат. Өтө оор жумуштар, антикризистик программаны иштеп чыгуу, экономиканын түзүмүн радикалдуу өзгөртүү, татаал түзүмдүк реформалар бар. Мунун баары Казакстандын экинчи президентинин бийликке толук эгедер болушун талап кылат",- деп жазды казакстандык саясат таануучу Айдос Сарым.
Улуу Британиядагы сот
Бул соңку убактагы Назарбаевдин жакындарына байланышкан чуулуу иштерден улам болушу мүмкүн деген дагы жоромол бар. Акыркы учурларда Лондондогу соттук териштирүүлөрдө Назарбаевдердин аты аталды. Өткөн жылы Лондондо "байлыктын булагы так эмес" делген шек менен камакка алынган мүлктөрдүн ээси Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаевдин кызы менен небересине таандык экени ачыкка чыккан.
Бул каражатка Лондондогу бай райондордун биринен батир жана эки хансарай сатып алынган.

Өткөн жылы жаз айында Лондондун Жогорку Сотунун санкциясы менен белгилүү "Бишопс-авеню" көчөсүндө жайгашкан жер алдында бассейни жана кинотеатры бар хансарай, Хайгейт районундагы дагы бир хансарай жана Челси районундагы эбегейсиз чоң батир камакка алынган. Бул мүлктөр 100 миллион долларга бааланган болчу. Мүлктүн ээсинин ысымы дагы, улуту да ачык айтылган эмес. Эми бул мүлктүн ээлери Дарига Назарбаева, анын уулу Нурали Алиев жана жубайы Аида экени тастыкталды.
Экинчи сот иши 2019-жылы июлда болгон. Анда Лондондун Сазарк районунда королдук сот 28 жаштагы Айсултан Назарбаевдин ишин карады. Ал баңгизат чегип алып, полицияга каршылык көрсөтүп, тиш салган деп айыпталган. Айсултан Назарбаев экс-президенттин кызы Дарига Назарбаева менен анын качкында жүрүп, бөтөн жерде каза болгон күйөө баласы Рахат Алиевдин баласы. Ал Сандхерсте Королдук академияны бүтүргөн.

Сүрөттүн булагы, Aisultan Nazarbayev`s Facebook page
Айсултан полицияга кол салганын мойнуна алган эмес. Сотто айыптоочу Грегор Маккинли 2019-жылдын 3-июнунда Айсултан Назарбаев Лондондун борборундагы мейманканалардын биринде балконго чыгып алып, секирип өз жанын кыя турганын айтып кыйкырып, чатак чыгарганын айткан. 5-июнда шаардагы башка батирде ошондой эле көрүнүш кайталанган. Ошондо анын коңшулары полиция чакырышкан. Маккинлинин айтымында, Айсултан Назарбаев агрессивдүү болуп, өз жанын кыярын айтып, чакыруу менен келген констебль Росс Самбрукка кол салып, аны көкүрөккө муштап, сол колун тиштеп алган. Полиция кызматкери электрошокер колдонууга мажбур болгон.
Айсултанды кармап, полицияга алып келишкен. Маккинлинин айтымында, "казак бийликтеринин өкүлүнөн" телефон чалуу келип, Назарбаевдердин үй-бүлөсүн уят кылбаш үчүн ишти бүтүрүүгө аракет башталган. Бирок полиция бул жөнүндө сүйлөшүүдөн баш тарткан.
Айсултан Назарбаев мурда кокаин чегип жүргөнүн, анын агрессивдүү болуп жатканынын себеби ушул жакта экенин мамлекеттик айыптоочу билдирди.
Грегор Маккинли айыпталып жаткан адамдын бийлиги, чоң үй-бүлөсү ага дипломатиялык паспорт бере салып, Улуу Британиядан чыгарып кетиши мүмкүндүгүн судьяга эскертип, буга жол бербөөгө чакырган эле.
Айсултандын адвокаты аны 5-июнда эч кандай чатак чыгарбай эле, тааныш кызы батирди ача албай, аны терезеден кирип ачып беришин өтүнгөнүн, муну көргөн коңшулар полиция чакырганын айтты. Ошол эле убакта полиция дагы өтө эле орой мамиле кылганын кошумчалаган. Адвокат Алисдэйр Уильямсон Айсултандын британ мыйзамдарына өтө урмат-сый менен карай турганын баса белгилеп, аны качып кетет деген сөз өтө эле катуу тиет деп айткан. Сот Айсултан Назарбаевди күнөлүү деп таап, бир жарым жылга шартуу кескен эле. (AbA)








