Казакстандагы баш аламандыктын артында ким турушу мүмкүн?
Ольга Ившина
Би-би-си

Сүрөттүн булагы, ABDUAZIZ MADYAROV/AFP
Президент Токаев Казакстандагы акыркы күндөрдө болгон окуялар “бандиттердин жана террористтердин” чабуулунун натыйжасы болгонун айтты.
"Биз куралданган, машыккан бандиттер менен күрөшүүгө туура келди. Жергиликтүү дагы, чет элдик дагы. Тактап айтканда, бандиттер жана террористтер менен күрөштүк", — деди Токаев. Анын айтымында, бир эле Алматыга 20 миң «бандит» кол салган.
Би-Би-Синин орус кызматы эксперттерден Казакстандын көчөлөрүндөгү тополоңдун артында ким турушу мүмкүн экенине баа берүүнү суранды.
Кайсы "бандиттер"?
Президент Токаев Казакстандын көчөлөрүнө чыккан элди “деструктивдүү күчтөр”, кутумчулар жана “эл аралык террористтик бандалар” деп атады.
Бирок Би-Би-Си маектешкен эксперттер саясатчынын сөзүнөн күмөн санашууда.
Британиянын Королдук Эл аралык мамилелер Институтунун эксперти Кит Маллинсон: “Эгерде бийлик мурда «террордук чабуулдар» деп атаган окуяларга кылдаттык менен карасаңыз, элитадагы бийлик үчүн күрөш менен байланышкан бир топ татаал картинаны көрө аласыз”
Британдык бизнес аналитик Бенджамин Годуин Маллинсондун баасына кошулат. Ал белгилегендей, алгач Казакстандын ар кайсы аймактарында митингчилер ар кандай талаптарды коюшкан.
Митингдер башталган Мангыстау облусунда эл газдын баасын арзандатууну талап кылышкан. Республиканын мунайлуу райондорунун жашоочулары эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылышкан.
Кээ бир башка шаарларда чогулгандар Казакстандын конституциясын өзгөртүүнү жактап чыгышкан. Ал эми көптөгөн демонстранттар жөн гана өзгөртүү зарылдыгын жактап чыгышкан, алардын так формулировкаланган талаптары жок эле, анткени лидерлер жана кандайдыр бир уюм жок болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок 5-январда абал өзгөрдү. Көчөлөрдө куралчан адамдардын топтору пайда болду.
"5-январь күнү кечке жуук бир нече унаалар пайда болуп, алардын ичинен автоматчан адамдар түштү. Кээ бир уюшкан топтор, мародерлор көчөдө жүрүп жатканы көрүнүп турду. Белгисиз адамдар банктарды тоноого киришти. Бул митинг эмес. Митингдерге чыккандар экономикалык жана саясий талаптар менен көчөгө чыгышкан, алар коркуп,мжөн гана үйдө калышты",-деди Годуин.
"Биз Алматынын жана башка шаарлардын көчөлөрүндө көргөн куралдуу топтордун нааразылык акцияларына түздөн-түз тиешеси жок. Алар Назарбаевдин үй-бүлөсү менен Токаевдин учурдагы бийлик талашы менен байланышы бар", — деди эксперт.
Ошол эле маалда Годуин да, башка эксперттер да Токаевдин 20 миң “бандит” деген цифрасын аша чапкандык деп эсептешет.
Салыштыруу үчүн: ЦРУнун маалыматы боюнча, 20-30 миң адам 2014-жылы Сирия менен Ирактагы аймактардын максималдуу санын көзөмөлдөгөн "Ислам мамлекетинин" (ИМ, террорчу деп таанылган жана Орусияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө тыюу салынган уюм) бардык согушкерлеринин саны.
Казакстанда экстремисттер көппү?
Би-Би-Си маектешкен эксперттер учурда Казакстанда диний экстремизмдин күчтүү борборлору жок деген пикирде. 2014-2018-жылдары өлкөнүн айрым жарандары Ислам Мамлекетинин (ИМ) согушкерлеринин катарына кошулуп, Сирияга кеткен, бирок алардын саны аз болгон. Казакстанга кайтып келгендер соттолду, алардын көбү азыр абакта.
"Радикалдуу исламчылардын ролу өтө апыртылган. Казакстан азыр өз жеринде өскөн террористтер үчүн жай эмес", - дейт талдоочу Маллинсон.
2010-жылдардын биринчи жарымында Казакстанда радикал исламчылар бир нече аскердик операцияларды өткөрүшкөн. Бирок бийлик менен ачык тирешүүгө кирген согушчандардын топтору аз эле.
Бирок ошондо да эксперттер Казакстандын күч түзүмдөрү куралдуу каршылыкты токтотуу боюнча эффективдүү жана тез чараларды көрүүгө даяр эмес экенин белгилешкен.
Техас университетинин профессору Эдвард Лемон учурда баш аламандыктарга же өкмөттүк имараттарды басып алууга кандайдыр бир радикалдык топтордун тиешеси жок экенин белгилейт: “Мен Казакстанда кескин түрдө күчөп, зомбулукту уюштурууга катышкан уктап жаткан топтордун тармагы бар экенинен күмөн санайм. Көчөгө чыккандардын айрымдары радикалдык көз карашта болушу мүмкүн. Бирок азырынча алардын аракеттерин сырттан террордук уюмдар көзөмөлдөп жатат деп айтууга эч кандай негиз жок"
Лондон университетинин чыгыш жана африка таануу факультетинин профессору Бхавна Даве Казакстандын атайын кызматтары калкты көзөмөлдөөнүн бүтүндөй системасын курганын белгилейт. Бирок бул дайыма эле алар натыйжалуу иштеп жатат дегенди билдирбейт деп кошумчалайт.
"Атайын кызмат бардыгын карайт. Ким жоолук салды, дагы ким бир нерсе кылды. Үйдө куран окуп же үйрөнүш үчүн чогулган жерде атайын кызматтын агенттери тез эле пайда болот. Бирок атайын кызматтардын ичинде бийлик үчүн күрөшкөн таасирдүү топтор бар. Кээде коопсуздук күчтөрү мамлекеттик кызыкчылыктарды көздөбөстөн, жеке же топтук аракеттерди көздөшү мүмкүн" - дейт Даве.

Сүрөттүн булагы, VALERY SHARIFULIN\TASS
Куралдуу тополоңчулардын артында ким турушу мүмкүн?
Куралдуу топтордун артында кимдер турганы боюнча эксперттер ар кандай пикирде.
"Бул адамдар Токаевдин беделин түшүрүү жана аны кызматтан кетүүгө мажбурлоо үчүн олуттуу жана жакшы даярдалган күчтү көрсөтүп жаткандай",- деди Годуин.
Вашингтондогу Улуттук коргоо университетинин профессору Эрика Марат дүкөндөргө жана имараттарга кол салгандар өз демилгеси менен аракет кылышы мүмкүн экенин моюнга алат: «Мен тополоңчулардын айрымдарын бийлик жалдаган деген версияны четке какпайм. Ошол эле учурда бул жөн гана нааразылык маанайдын өнүгүшү болушу мүмкүн экенин моюнга алам. Зордук-зомбулуктун жана агрессиянын көрүнүштөрү бийлик полицияга демонстранттарды таратыш үчүн көздөн жаш агызуучу газ, гранаталарды коодонууга буйрук бергенден кийин башталганын белгилей кетүү маанилүү»
Эксперттин айтымында, полициянын тынч демонстранттарга карата катаал аракеттери көбүнчө акциянын мобилизациясына жана радикалдашуусуна алып келет. Эл өзүнө карата зордук-зомбулукту бийликтин мыйзамсыз аракети катары кабылдап, кыжырданат.

Сүрөттүн булагы, VALERY SHARIFULIN\TASS
Көпчүлүктүн радикалдуу өкүлдөрү (көбүнчө жаш жигиттер) бул ачуусун күч кызматкерлерине кол салуу же бийликтин символу катары өкмөттүк имараттарга кол салуу аркылуу көрсөтө башташат. Мындай жүрүм-турумдун мисалдарын дүйнө жүзү боюнча нааразылык акциялары учурунда көрүүгө болот.
«Бирок көңүл бурсаңар, нааразылык акциялары уюшкан шаарларда дээрлик эч кандай башаламандык болгон эмес. Нааразылык акциясына чыккандарды профсоюздар (мисалы, мунайчылар) же бейөкмөт уюмдар жетектеген жерде кырдаал көзөмөлгө алынган. Ал эми лидерлер болбогон жана мамлекет ашыкча күч колдонгон жерлерде каршылык акциялары өнүгүп кеткен”,- дейт Марат.
Профессор Даве 5-6-январда болгон башаламандыктар атайын кызматтар тарабынан козголушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт: «Аэропортту басып алуу, имараттарга, анын ичинде аскерий объектилерге кол салуу, тоноо - мунун баары мындай масштаба атайын кызматтардын катышуусу жок болушу мүмкүн эмес болчу. Менин оюмча, кимдир бирөөлөр алардын агенттерин демонстранттардын катарына атайылап киргизген. Саясий элитанын айрым өкүлдөрү кырдаалды туруксуздаштырууну, Токаевдин бийлигине шек келтирип, позицияларын бекемдөөнү каалашат.
Эксперт Казакстанда конкреттүү экономикалык кызыкчылыктары бар бир катар бизнес топтор, кландар жана лоббисттер бар экенин белгилейт.
"Бул өтө татаал көп векторлуу система. Назарбаев кандайдыр бир жол менен аны өз көзөмөлүндө кармап турууга жетишти. Системанын ичинде ар кандай күчтөр атаандашкан, бирок анын позициясына эч ким кол салган эмес. Азыр бул система ыдырап, ачык мураскери жок болууда",-дейт Даве. (MD)











