Казакстанга ЖККУ аскерин киргизүүнүн саясий куну кандай болот?
Кубат Чекиров, Бишкек, Би-Би-Си
ЖККУнун аскерлери Казакстанга кирип, тынчтык операциясынын алкагында милдетин аткарып баштады. Алар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү боюнча кыска убакытка гана келгени кабарланды. Бирок бул чечим Казакстанды Москванын орбитасына кайтарып, анын эгемендигине доо кетирбей койбойт деген кабатыр пикирлер айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Казакстанга келген ЖККУ аскеринин саны эки жарым миң чамасында, анын ичинде Россиянын, Беларустун, Армениянын, Тажикстандын жана Кыргызстандын аскери бар. Алар негизинен мамлекеттик имараттарды кайтарат, массалык каршылык акцияларын басууга пайдаланылбайт деген билдирүү болду.
Ошого карабастан, Казакстандын ичинде да, сыртында да өлкөгө сырттан аскер киргизген чечимге көп кабатыр пикирлер айтылууда. АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен жума күнү басма сөз жыйында Казакстандын өзүнүн ичиндеги массалык каршылык акцияларын басууга өзүнүн деле күчү жетмек, сырттан жардам чакырыштын кереги бар беле деген Вашингтондун суроосун жолдоду.
“Менимче, Казакстандын бийлиги менен өкмөтү каршылык акциясына чыккандардын укугун бузбай, ошол эле учурда мыйзам менен тартипти сактап, каршылык жыйындарын жөнгө салганга жетиштүү потенциалы бар эле. Түшүнүксүз, эмне үчүн сырттан жардам чакырыш керек эле”,-дейт АКШнын тышкы саясатынын башчысы.
2-январда Мангыстау областында газдын кымбаттагынан чыккан нааразылык бат эле бүт өлкө боюнча каршылык акцияларына өсүп кетти. Президент Токаев өкмөттү отставкага кетирип, газдын баасын кайра түшүрүп, бүт өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялады.
Ошого карабастан, демонстранттардын социалдык-экономикалык талаптары саясий талаптарга айланып, айрым шаарларда полиция менен кагылышуулар болду. Алматыда полиция менен кагылышуунун арты тополоңго айланып, дүкөндөр тонолуп, автоунаалар өрттөлүп, кан төгүлдү. Кеминде он үч милиция кызматкери курман болгону кабарланды. Ошондой эле демонстранттардын арасында да өлгөндөр ондоп саналат. Президент Токаев соңку билдирүүлөрүндө демонстранттарды "бандиттер", "террорчулар" деп атады.
“Россиядан жардам суроо, албетте, бул өлкөнү кайрадан Москванын орбитасына кайтарууда. Россия, Кытай жана Батыштын ортосунда баланс кармоого умтулуп келген Казакстандын мактанып келген көп векторлуу саясатына мунун зыяны тийбей койбойт. Бирок Россия дагы өзүнүн түштүк флангасында туруксуз кырдаалдын болушун каалабайт. Казакстандагы мунай менен газга көп инвестиция салган Батыш дагы тартип калыбына келишин каалайт. Вашингтон, Лондон жана башка жактагы расмий адамдар байкап, эмне менен бүтөрүнө көз салууда”,-дейт Пол Адамс, Би-Би-Синин эл аралык дипломатия боюнча кабарчысы.
“Сырттан жардам суроо шашылган иш болуп калды. Анын кереги жок эле. Токаев өзүнүн кесиптештерине рахмат айтып, сырткы жардамдан дароо баш тартышы зарыл“,-деди Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажагелдин “Эхо Москвы” радиосуна берген маегинде.

Сүрөттүн булагы, mil.gov.kg
Кыргызстандан Казакстанга жардамга 150 аскер жөнөп кетти. Коргоо министрлиги алардын баары катардагы жоокер эмес, такшалган офицерлер жана контракттык кызматтагылар деп билдирди. Расмий маалыматта ошондой эле тынчтык күчтөрү сегиз бронетанкалык жана он бир автоунаа менен "Кант" аскер базасынан 7-январда жөнөп кеткени кабарланды.
Жогорку Кеңеште маселе каралганда, бир нече депутат каршы болду. Анткени, алар кыргыздардын бир тууган элге барып, каршылык акцияларын күч менен басууга катышуусун каалашкан жок. Бирок Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен бул чечимди бекитип берди.

Сүрөттүн булагы, mil.gov.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандыктар Казакстандагы каршылык акцияларын басууга биринчи жолу тартылып жаткан жок. СССР заманында Желтоксон окуяларында Москванын саясий туура эмес чечиминен улам чыккан элдик нааразылыкты басууга советтик аскерлер тартылган. Алардын арасында Кыргызстандан барган дагы жоокерлер болгон.
Алматыдагы "Республика" аянтында жаштардын каршылык жыйынын токтотууга барган аскерлердин катарында Ысык-Көлдүн "Саруу" айылынан чакырылган Таалай Ылайтегин ошол окуяны мындайча эскерет.
"Бизде курал жок болчу. Союл жана калкандар менен барганбыз. Эртең менен барып кечке чейин жөн эле турдук. Биздин максат чогулгандарды Ак үйгө киргизбеш керек болчу. Элдер чогулуп атты. Тартип бузуу деле болгон эмес. Кечинде биздин артыбызга милицияларды алып келди, митингчилер менен сүйлөшүп да аттык. Милициялар биздин артыбызда туруп алып, бизди калкан катары пайдаланып, демонстранттардын арасынан балдарды сууруп чыгып, кармап кете баштады. Ошондо анан башталды таш ыргытмай. Бул өзүнчө ыкма экен да. Кечээ Алматыда ошондой болду"
Таалай Ылайтегин ошол тополоңдо таш бараңда калып, жарадар болуп, эки ай ооруканада жаткан. Аны убагында СССР Жогорку Совети Ардак Грамота менен сыйлаган. Бирок кыргыз жоокери бул сыйлыктан баш тартып, кайра атактуу казак жазуучусу, СССР Жогорку Советинин депутаты Мухтар Шаханов баштаган комиссияга баалуу көрсөтмө берген. Ошол үчүн казактар аны кийин өзүнчө чакырып, урмат-сый көрсөтүшкөн.

Кыргызстандын бийлиги азыр Казакстанга аскер жиберип жатып, анын бир тууган элге жардам бергени баратканын айтып жатат. Бирок бул чечими үчүн кыргыз бийлигине кийин кошуна өлкөдөн жакшы жооп болору чоң күмөн туудурган маселе.











