Кыргыз аскерлери Казакстанга жөнөтүлмөй болду

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Депутаттар Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү чечимин колдошту
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Депутаттар Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү чечимин колдошту

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Кыргызстан Казакстанга аскерлерин жөнөтмөй болду.

Парламент бүгүн Кыргызстандан тынчтык орнотуучу аскерлерди коңшу Казакстанга жиберип-жибербөө боюнча чечим кабыл алуу үчүн жыйын өткөрдү. Натыйжада 69 депутат макул болуп, жетиси каршы добуш берди.

Жыйын алгач ачык форматта башталган. Бирок депутаттардын сунушу менен добуш берүү процесси жабык өттү.

Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖККУнун алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер барарын айтты. Ошондой эле сегиз брондолгон техника жана 11 машине жөнөтүлөт деп билдирди Ташиев.

Ташиев: эч ким кепилдик бере албайт

УКМКнын башчысы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аскерлердин Казакстандагы милдеттери жана тобокелчиликтер жөнүндө сөз кылды. Ал кыргыз аскерлеринин стратегиялык мааниге ээ имараттарды кайтарарын айтып, бирок алар кайсы имараттар экени азырынча белгисиз деди.

Ошол эле маалда Ташиев Казакстанда абал тынч эмес болгондуктан, "эч ким эч нерсеге кепилдик бере албайт" деп билдирди.

"Абал оор, оңой эмес. Кайсы бир деңгээлде тобокелчилик бар болушу мүмкүн. Муну эч ким так айта албайт. Барганда аскерлерге эч кандай сокку болбойт, баары сонун болот деп айтыш кыйын. Коомчулук ушул нерсени так түшүнүшү керек. Бирок биз коңшу мамлекетте өтө оор кырдаал болуп турганда жардам берели деген максатыбыз бар",-деди Камчыбек Ташиев.

Жарандык коом аскерлердин жөнөтүлүшүнө каршы

Жогорку Кеңештин алдында Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы акция өтүп жатат. Ага 35-40 адам катышууда. Жарандык активисттер Кыргызстан ЖККУнун алкагында Казакстанга тынчтык орнотуу үчүн аскерлерин жибербеши керек деген талап коюуда.

Жарандык активисттер Кыргызстан ЖККУнун алкагында Казакстанга тынчтык орнотуу үчүн аскерлерин жибербеши керек деген талап коюуда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарандык активисттер Кыргызстан ЖККУнун алкагында Казакстанга тынчтык орнотуу үчүн аскерлерин жибербеши керек деген талап коюуда.

Ошондой эле соцтармак колдонуучулары казак элин колдоп, постторду сүрөттөрдү жарыялап жатышат.

Сүрөтчү-иллюстратор Татьяна Зеленская өзүнүн Facebook жана Instagram баракчаларына өзү тарткан сүрөтүн жарыялады. Сүрөттүн алдына "Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршымын" деп жазган.

Бул сүрөттү миңдеген интернет колдонуучулары бөлүшүп, жактырышты.

Татьяна Зеленскаянын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK/TATYANA ZELENSKAYA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Татьяна Зеленскаянын сүрөтү

Жогорку Кеңештин 6-январдагы чукул жыйыны кворум болбой калганына байланыштуу 7-январга жылдырылган.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу 6-январь күнү депутаттарга кайрылуу жасаган. Анда ал депутаттарды депутаттардан кыргыз аскерлерин Казакстанга жнтг каршы болбогула деп суранган.

"Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУ нун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик",-деп жазган Жапаров.

Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн чет жакка жөнөтүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү аны колдошу керек.

Жаңөзөндөгү нааразылык куралдуу кагылышууга алып келди

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Күйүүчү майдын баасынын кымбатташына каршы башталган акциялар саясий нааразычылыктарга айланып кетти.

Токаев баш аламандыктарды чет өлкөдө машыгуудан өтүп келген “террористтик топ” кылганын айтып чыкты.

Бирок Лондондогу Чатам Хаус уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти Кейт Маалинсондун айтымында, каршылык акциялары “терең тамыр жайган нааразылыктын симптому” болуп эсептелет. “Бул нааразылык казак өкмөтүнүн өз өлкөсүн жаңы талапка ылайык жаңырта албаганына жана адамдарга таасир эткен бардык тармакта реформа жүргүзө албаганына каршы кыжырдануу”.

АКШнын Мамдепартаменти Казакстандагы кырдаалга “жакындан көз салып жатканын” билдирип, бийлик өкүлдөрү менен митингчилерди сабырдуулукка чакырды.

Токаев эгемен Казакстандын тарыхындагы экинчи президент. Анын 2019-жылы шайланышы ЕККУ тарабынан демократиялык стандарттарга туура келбейт деп сынга алынган эле.

Бирок көчөлөрдөгү митингчилердин көпчүлүгү андан мурунку президент Нурсултан Назарбаевге каршы чыгып жаткандай. Ал президенттиктен кетсе да өлкөдө улуттук коопсуздукту камсыздоо багытында чоң ролду ойноп келген.

Митингчилер Назарбаевдин атын атап, анын колодон жасалган эстелигин кулатып жатканы тартылган видео социалдык тармактарга чыккан. Би-Би-Синин мониторинг кызматынын маалыматына ылайык, бузулган эстелик Назарбаевдин кичи мекени Талдыкоргондо орнотулган эле.

Казакстандын бир нече шаарларында кечээ тынчтык митингдери уланды.

Ал эми Алматыда митингге чыккандар менен тартип сакчыларынын ортосунда тиреш курчуп кеткен.

Казакстандын ИИМинен жума күнү маалымдашкандай, атайын операция учурунда 3 миңден ашуун жаран кармалып, 26 киши каза болгон жана 18и жаракат алган.

Соңку күндөрү бийликтин риторикасы да өзгөрдү. Көчөгө чыккан жарандарды нааразылык акциясынын катышуучулары деп атап келген болсо, жума күнү Алматы администрациясынын башчысы “шаарда террористтер катаал каршылык көрсөтүп жатат” деп билдирди.

7-январдын таңына карата Алматынын эл көп жүргөн борбордук аянты кароосуз аймакка айланды. Өрттөлгөн имараттар менен машиналарды көрүүгө болот.