Казакстан: Бийлик тартипти орнотконун айтууда

Алматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев контртеррористтик штабдын отурумунда өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык тартип калыбына келтирилгенин билдирди. Мындай билдирүү өлкө боюнча нааразычылык акциялардын алтынчы күнүндө айтылууда.

“Жергиликтүү органдар кырдаалды көзөмөлдөп жатышат”, — деди Токаев. Митингчилерди ал дагы бир жолу “террористтер” деп атады.

“Бирок террористтер дале курал колдонуп, жарандардын мүлктөрүнө зыян келтирүүдө. Ошондуктан баскынчыларды толугу менен жок кылуу үчүн контртеррористтик акцияларды улантуу кажет”.

Телеканал аркылуу өзүнүн кайрылуусунда Токаев дагы баш аламандыктар чыгып кете турган болсо, анда “ок атууга” буйрук бергенин айтты. Ким өз эрки менен моюн сунбай турган болсо, анда “жок кылынарын” кошумчалады.

Соңку алты күндүн ичинде бийликтин риторикасы кескин түрдө өзгөрүп кетти. Башында көчөгө чыккан жарандарды нааразылык акциясынын катышуучулары деп атап келген болсо, кийинчерээк “кыйратуучу күчтөр”, каршылык көрсөткөн “террористтер”, “бандиттик элементтер”, “кутумчулар” жана “эл аралык террористтик бандалар” жөнүндө сөз кыла башташты.

Токаев

Өзүнүн телеканал аркылуу жолдогон кайрылуусунда Токаев “бандиттер” менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

Казак президенти аларга каршы катуу чара көрө турганын кайталады.

“Чет өлкөдөн көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүү үчүн тараптар сүйлөшүү жүргүзүшү керек деген чакырыктар айтылууда. Кандай келесоолук? Кылмышкерлер, адам өлтүргөндөр менен кандай сүйлөшүү жүргүзүү болушу мүмкүн? Бизге куралданган, даярдыктан өткөн бандиттер менен алпурушууга туура келди. Жергиликтүү дагы, чет элдик дагы. Дал ошол бандиттер жана террористтер менен”, — деди Токаев.

Алматынын өзүндө эле, анын айтымында, 20 миң “бандит” кол салган.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Токаев Орусиянын президенти Владимир Путинге көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү Казакстандын бийлигинин өтүнүчү менен Казакстанга барышкан. Аскерлер өлкөдө убактылуу болорун айтты Токаев.

“Өзгөчө ыраазычылыгымды Орусиянын президенти Владимир Путинге жолдойм. Ал менин кайрылуума өтө ыкчам түрдө, эң негизгиси жолдоштук жооп кайтарды”, — деди ал.

Казакстанга Орусиянын күчтөрү жөнөп кетти

Казак президенти Кытайдын президенти Си Цзинпинге рахмат айтып, Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Түркиянын жетекчилеринин көрсөткөн көмөгүн белгилеп өттү.

ЖККУнун төрагасы Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлердин саны 2,5 миң деп билдирген эле.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жабык жыйынында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер барары, 8 брондолгон техника жана 11 машине жөнөтүлөрү белгилүү болду.

“Путиндин СССРи”

Орусиянын аскерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өзүн оппозициянын лидери деп атаган казакстандык банкир жана мурдагы министр Мухтар Аблязов Казакстан геосаясий оюндун объектине айланганын айтып чыкты. Анын айтымында, эгерде Батыш оюнга кирбей турган болсо, анда Казакстан Москванын кандайдыр бир жаңы Советтер Союзуна тартылып кетиши ыктымал.

“Эгерде Батыш оюнга кирбесе, анда Казакстан Беларуска айланып, Путин өзүнүн программасын ишке ашыра баштайт. Советтер Союзуна окшогон структураны калыбына келтириши мүмкүн”, — деген Парижде жашаган Аблязов Рейтер агенттигине.

Казакстандын президенти бүгүн “чет элдик ишмерлер” деп сөз кылганда Аблязовду да айткысы келген болушу ыктымал. Аблязовдун белгилешинче, митингге чыккандар аны менен тынбай кеңешип турушкан.

“Мен өзүмдү оппозициянын лидери деп эсептейм. Митингге чыккандар күндө мага чалып, “Эмне кылалы? Бул жерде турабыз, эмне кылалы?” деп сурап жатышты”, — деди Аблязов.

Казакстандын ИИМи жума күнү кабарлагандай, өлкө боюнча нааразылык акцияларга жана баш аламандыктарга катышкан 3811 киши кармалган. Ошондой эле, 26 жаран каза болуп, 26 киши жаракат алган.

Мародерлордун жана митингчилердин арасында канча киши каза болгону боюнча бейтарап сандар азырынча жок. Көптөгөн байкоочулар жана окуянын күбөлөрү каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

Казакстан

Алматыда кырдаал курчуду

Казакстандын бир нече шаарларында кечээ, 6-январда, тынчтык митингдери уланган. Ал эми Алматыда митингге чыккандар менен тартип сакчыларынын ортосунда тиреш курчуп кеткен.

7-январдын таңына карата Алматынын эл көп жүргөн борбордук аянты кароосуз аймакка айланды. Өрттөлгөн имараттар менен машиналарды көрүүгө болот.

Тиреш уланып жаткандыктан көпчүлүк адамдар көчөгө чыгуудан коркуп жатышкан.

Май куюучу жайларда узун кезектер пайда болгон. Адамдар азык-түлүк сатып ала албай кыйналганын айтышкан. Анткени соода борборлор, супермаркеттер, кафе-ресторандар жабык болуп турган. Айрым чакан дүкөндөр гана иштеп жатат. Интернет үзгүлтүк менен иштеген. Адамдар банктарда акча ала албай же телефондоруна акча сала албай жатышканын айтышкан.

Алматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

ЖККУнун баш катчысы Станислав Застын каты БУУнун Коопсуздук кеңешине кирген мүчөлөргө жөнөтүлдү. Анда Казакстандын аймагында тынчтык орнотуу операциясы тууралуу сөз болот.

Европа Биримдигинин тышкы саясий кызматынын башчысы Жозеп Боррел журналисттерге билдиргендей, Евробиримдик чет элдин аскерлерин Казакстанга киргизилишин “этияттык” менен кабыл алат. Еврокомиссия жалпысынан Орусияны Казакстандын суверенитетин сыйлоого чакырды.

Жаңыөзөндөгү нааразычылык бүт өлкөгө жайылды

Күйүүчү майдын баасынын кымбатташына каршы башталган акциялар саясий нааразычылыктарга айланып кетти.

Токаев баш аламандыктарды чет өлкөдө машыгуудан өтүп келген “террористтик топ” кылганын айтып чыккан.

Бирок Лондондогу Чатам Хаус уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти Кейт Маалинсондун айтымында, каршылык акциялары “терең тамыр жайган нааразылыктын симптому” болуп эсептелет. “Бул нааразылык казак өкмөтүнүн өз өлкөсүн жаңы талапка ылайык жаңырта албаганына жана адамдарга таасир эткен бардык тармакта реформа жүргүзө албаганына каршы кыжырдануу”.

Казакстан

Токаев эгемен Казакстандын тарыхындагы экинчи президент. Анын 2019-жылы шайланышы ЕККУ тарабынан демократиялык стандарттарга туура келбейт деп сынга алынган эле.

Бирок көчөлөрдөгү митингчилердин көпчүлүгү андан мурунку президент Нурсултан Назарбаевге каршы чыгып жаткандай. Ал президенттиктен кетсе да өлкөдө улуттук коопсуздукту камсыздоо багытында чоң ролду ойноп келген.

5-январь күнү Токаев өлкөнүн өкмөтүн отставкага кетирген болчу. Бирок бул нааразылыкка чыккандарды токтото алган эмес. Телеканал аркылуу кайрылуу жолдогон Токаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин “журт атасы” Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын билдирген.

Назарбаев кыздары менен өлкөдөн чыгып кеткенин массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Orda.kz агенттигинин маалыматы боюнча азыр Казакстанда Назарбаевдин агасы Болат Назарбаев эле калган.

Бул маалыматты башка булактар ырастай элек.

Акыркы жолу Назарбаевди коомчулук 27-декабрда көргөн. Ал Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн бейрасмий саммитине катышканы барган эле.

(EA)