Гүлзада Рыскулова: Казакстанда карапайым эле кыргызстандык күнөөсүз кармалса кандай болот деп түпөйүлмүн

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Казакстанда кармалды делген кыргызстандык музыканттын апасы менен аэропортто түшкөн сүрөтү тарап жатат

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда кармалды делген кыргызстандык музыканттын апасы менен аэропортто түшкөн сүрөтү тарап жатат

Интернетке видео тасма тарап анда өзүн кыргызстандыкмын деген жаран ишсиз жүргөнүн, ага бейтаныш адамдар телефон чалып митинге акча төлөп бере турганын убада кылып, ал тургай учакка билет алып бергенин дагы айтканын көрүгө болот. Ага улай ал митингге барганын, бирок, коркуп кайра атайын берилген батирге түнөгөнүн, андан соң Кыргызстанды көздөй келе жатканда аны аскерлер кармаганын айтып берет.

Көп өтпөй ал кыргызстандык белгилүү өнөр адамы Викрам Рузахунов экенин айткандар чыга баштады. Коомдук талкуу аябай кызып, түрдүү пикирлер айтылууда. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы коомдук сайттагы баракчасына билдирүү жазды.

Президент Садыр Жапаров дагы бул тууралуу пикирин жарыялады

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров дагы бул тууралуу пикирин жарыялады

Би-Би-Си музыкант Викрам Рузакунов менен чыгармачылыкта эриш-аркак кызматташып келген айрым чыгармачыл инсандарды кепке тартты.

Белгилүү аткаруучу, эстрада ырчысы Юлия Руцкая мындай пикирин айтты.

“Аны менен биздин далай өнөр адамдары кызматташат. Сыйлайт, урматтайт. Казакстандын укук коргоо органдары аны ушунча деңгээлде сабаганы өкүнүчтүү. Ал араң сүйлөп жатканы видеодо көрүнүп турат. Ал "кандайдыр бир кылмыш кылдым, 200доллар үчүн Казакстанга келдим" деп айтууда. Мунун баары чындыкка дал келбейт. Викрамды көргөндөр аны дароо таанып жатабыз. Тышкы иштер министрлигине, укук коргоо органдарына кайрылат элем. Ал кылбаган иши үчүн эле даярдалган текстти айтып жатканы, бул жалган иш экени түшүнүктүү. Аны коргоп калыңыздар, тезинен чара көрүңүздөр. Кыргыз жаранын мыйзамсыз айыптап, уруп, сабоого жол бербейли”,- дейт Юлия Руцкая.

Юлия Руцкая

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юлия Руцкая

Фольклор музыканты Нурбек Серкебаев чоң эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан катышып жүргөн өнөр адамы кантип эле ошондой ишке барсын деп суроо салууда.

“Викрам Рузахунов мыкты джаз-музыканты. Белгилүү, атактуу музыканттардын бири. Аны менен учурашып, жакшы мамилебиз бар. Джаз фестивалы жаз сайын филармонияда 2008-жылдан бери өтөт. Ага коңшу мамлекеттерден сырткары Америка, Европадан бери келип катышышат. Казакстанга келишим менен барып иштеп келип турчу эле. Азыр ал жакта ушул кырдаал болуп жатканда ким экенине, музыкант экенине карабай уруп-согуп, кыйноо, зордук менен эле моюнуна алдырып койду го деп ойлоп турам. Негизи мындай болбошу керек. Ушул маалыматтын баары Казакстандын бийлигине жетип, аны Кыргызстанга жакшынакай узатып жиберишсе”,- дейт музыкант Нурбек Серкебаев.

Нурбек Серкебаев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Серкебаев

Гүлзада Рыскулова белгилүү музыканттын кармалышына реакция болду, кокус карапайым эле бирөөлөр кармалган болсо кандай болот деп кабатыр.

“2014-жылы алгачкы концертимди өткөргөндө жакындан таанышып, бирге иштегенбиз. Бул чыныгы чыгармачыл инсан. Кийин да далай кызматташтык. Жүрөгү таза, чыгармачыл адам кантип ушундай ишке аралашсын? Бул калп, калп деп кайра кайра айтып жатам. Акылыма сыйбай турат. Казактандын күч органдарынын бул иши ыйлагыңды келтирет. Бети-башынан эле ур-тепкиге алынганы көрүнүп эле турбайбы. Мындай учурда эмнени болсо дагы моюнуңа алууга аргасыз болушуң мүмкүн. Мени дагы бир ой аябай түйшөлтүп жатат. Ал белгилүү музыкант, виртуоз пианист катары эл таанып, баарыбыз билип калып ушундай реакция болду. Эгер карапайым эле кыргыз жараны кармалган болсо кандай абалда калат?”,- дейт КРнын эгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова.

Гүлзада Рыскулова

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлзада Рыскулова
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Музыкант кармалды деген кабар боюнча Кыргызстандын Ички иштер, Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Ал кандай жагдайда кармалып, эмне болгону тууралуу тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Мындан сырткары атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалды деп жаткан музыканттын террорист эмес экендигин так кесе айтып, андай айыптоого каршы экенин кошумчалады.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө нота тапшырып, В. Рузакуновду бошотууга чакырган.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Казакстан Республикасында болуп өткөн массалык баш аламандыкка катышты деп шектелип Кыргызстандыктын кармалганы тууралуу видео сюжеттин таралышына байланыштуу, бүгүн 2022-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р. Жошыбаев чакырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р. Жошыбаевге КРнын жараны В. Рузахуновдун камалышына байланыштуу Министрликтин Нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды. Ошондой эле Казакстандагы кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында Министрлик Казакстан Республикасынын аймагындагы Кыргызстандын ар бир жаранына ар кандай тиешелүү жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүп жатат. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минитсри Р. Казакбаев Казакстан Республикасынын ТИМнин жетекчилиги менен туруктуу байланышта.

Казакстан Республикасынын аймагында жашап жана эмгектенип, тактап айтканда, базарларда жана башка иштерде иштеп жатышкан мекендештерибиздин маселеси Министрдин өзгөчө көзөмөлүндө",- деп билдирди.

Кыргызстандык активисттер жана өнөр адамдары Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барып, атайын акция дагы өткөрүштү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүүлөрүнүн биринде "коңшу өлкөнүн жарандары" деп айткан эле. Бирок кайсы мамлекет экенин так, даана чечмелеп айткан эмес. Ошондон тарта эле бул табышмактуу ой кайсы мамлекет тууралуу айтылып жатат деген күмөн саноолор жазыла баштаган.

Казакстандык укук коргоо органдары кармалган кыргызстандык сөз болуп жаткан музыкант эмес, башка адам экендиги тууралуу маалымат жарыялаганын жергиликтүү сайттар дагы жазып жатышат. Анда базарда идиш-аяк саткан жаран кармалганы тууралуу көрсөтүлгөн. Бирок, базарда соода кылат деген адамдын бир тууганы сүрөттөгү адам анын бир тууганы эместигин билдирген. Мындан улам Казакстандагы башаламандык, талап тоноого шектүү катары башка дагы кыргызстандыктар кармалып калдыбы, кармалса алар кимдер, ур-соккуга кабылган жокпу, алардын укугун ким коргойт деген сыяктуу бир топ түпөйүл суроолор чыгып жаткан маалы.