Лос-Анжелестеги нааразылык акциялары: Трамп каалаган саясий күрөш

Лос-Анжелес

Сүрөттүн булагы, AFP

Былтыр шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трамп АКШда "солчулардын мыйзамсыз аракеттерине" жол бербей турганын жана буга каршы президенттик ыйгарым укуктарын толук колдонорун убада кылган.

Калифорнияда АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) рейддерине каршы өткөн нааразылык акциялары ага бул убадасын аткарууга мүмкүндүк берди.

Лос-Анжелес полициясы мигранттардын нааразылык акциялары негизинен тынч өткөнүн, ал эми жергиликтүү бийлик коопсуздукту камсыздоого жөндөмдүү экенин билдиргенине карабастан, Трамп ага кулак төшөгөн жок.

Трамптын администрациясы иммиграция агенттерине кол салуу болгонун, алар жаракат алышканын жана жергиликтүү укук коргоо органдары кырдаалга өтө жай жооп кайтарганын айтышууда.

Лос-Анжелес

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм CBS News каналына берген маегинде: "Зомбулук болуп жаткан учурда Лос-Анжелес полициясынын (LAPD) келишин бир нече саат күтүп отуруу таптакыр реалдуу эмес", — деди.

Лос-Анжелес полициясы болсо болушунча ыкчам иш жүргүзүп, биринчи билдирүү түшкөндөн кийин 55 мүнөттүн ичинде элди тарата баштаганын маалымдады.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом каршы чыкканына карабастан, Трамп нааразылык акциясын басуу үчүн Улуттук гвардиянын эки миң жоокерин Лос-Анжелеске жөнөттү.

Ал эми коргоо министри Пит Хегсет АКШнын деңиз пехотасы "жогорку даярдыкта" турганын эскертти (бул армия АКШ аймагында колдонулган сейрек учурларынын бири болушу мүмкүн).

Трамп

Сүрөттүн булагы, AFP

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жекшемби күнү таңга жуук Трамп жеңишке жеттик деп жарыялап, тартипти калыбына келтиргени үчүн Улуттук гвардияга ыраазычылык билдирди.

Трамптын бул окуяларга ыкчам жооп кайтарганы – анын администрациясы күрөшкө даяр экенин, ал тургай аны каалап турганын көрсөтөт.

Ак үй мыйзамдуулук жана тартипти, ошондой эле иммиграция мыйзамдарын катаал жол менен болсо да камсыздоону — Трампты жеңүүчү позицияга жеткире турган маселе катары эсептейт.

Трамптын мындай аракеттери негизги тарапташтарын шыктандырат. Ошондой эле коомдук коопсуздук маселесине кабатыр болуп жаткан, бирок лидер тандоодо бир беткей чечим кабыл ала элек шайлоочуларга да таасирин тийгизет.

Кристи Ноэм CBS телеканалына берген маегинде 2020-жылы Жордж Флойд өлтүрүлгөндөн кийин Black Lives Matter кыймылынын нааразылык акциялары бийликтин көзөмөлсүз өткөнүн айтып, жаңы администрация таптакыр башкача иш алып барарын билдирди.

"Биз 2020-жылдагы окуялардын кайталанышына жол бербейбиз", — деди ал.

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бирок демократтар беткапчан аскерлердин ресторандар менен дүкөндөрдө жөнөкөй адамдарды камакка алганы нааразылык жаратканын жана президенттин аскерлерди колдонууга умтулганы негизсиз болгонун билдиришти.

"Президент бул кадамга муктаждык болбосо да барып, көп жылдан берки салтты бузганы — кырдаалды ого бетеп чыңалтып, абалды оорлотот.

Тынч нааразылык акцияларынын көбү иммиграциялык маселелер боюнча сотко келип, мыйзамды сактоого аракет кылган адамдарды АКШнын президенти камакка алып, коомчулук арасында башаламандык жана дүрбөлөң жараткандан улам келип чыгууда", — деди Нью-Жерсиден шайланган сенатор Кори Букер.

АКШда буга чейин деле жай айларында нааразылык акциялары болуп келген жана бул кадыресе көрүнүш. Бирок азыр болгону июнь айынын башы.

Калифорниядагы бул нааразылык акциялары бир жолку окуя катары калышы мүмкүн. Ошол эле маалда ири масштабдагы толкундоолордун башаты болушу да ыктымал.

Бул Би-Би-Синин Түндүк Америкадагы кабарчысы Энтони Зуркердин материалынын котормосу.

Трамптын мигранттарга каршы маанайы

АКШнын президенти Дональд Трамп алгачкы жарлыктарынын катарында жарандык маселесине тиешелүү жарлыкка дагы кол койгон. Ал жарлык боюнча Американын аймагында төрөлгөндүгү үчүн дароо эле АКШнын жарандыгын берүү укугу чектелмек. Бирок эксперттер Америкада төрөлгөндүгү үчүн АКШ жарандыгын алуу укугу Конституцияга киргизилгенин жана аны президенттин жарлыгы менен жокко чыгарып коюуга болбой тургандыгын айтып, каршы чыгышкан.

Жарлыкка кол коюлганы белгилүү болоору менен Америкада илгертен иштеп келе жаткан укук коргоо уюму Жарандык эркиндиктердин коргоонун америкалык биримдиги (ACLU) жана башка топтор Трамптын администрациясын сотко беришкен эле. Көп өтпөй Трамптын бул жарлыгы ара жолдо калат деген пикир күчөп, чоң талкуларга себеп болгон.