Трамп менен Масктын жаңжалы. Миллиардер менен президенттин чырынын чыныгы себеби эмне?

Дональд Трамп шайлоо алдында Илон Маскты бир нече жолу көкөлөтө мактаган эле

Сүрөттүн булагы, Nathan Howard/Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп шайлоо алдында Илон Маскты бир нече жолу көкөлөтө мактаган эле

Трамп менен Маск катуу араздашты. Трамп миллиардерди мээси жок десе, Маск президентти жакшылыкты билбейт деп айыптады. Ынак өнөктөрдүн ортосунда эмне болуп жатат?

АКШ президенти Дональд Трамп анын бюджет боюнча эң негизги мыйзам долбооруна карата мурдагы өнөктөшү Илон Маск тарабынан сын айтылганына "таң калып" жана "ирээнжип" турганын билдирди.

Планетанын эң бай адамы саналган Илон Маск Трамптын шайлоого чейинки саясий кампаниясына 250 миллион доллардан ашуун каражат сарптаган эле. Ошондон улам Трамп ансыз шайлоодо жеңилмектегин айтып жана "жакшылыкты баалабайт" деп нааразы болду.

"Илон менен мамилебиз сонун эле. Эми мындан ары мамилебиз андай болобу дегенди билбей турам",- деди Трамп. Ал бул тууралуу 5-июнда Ак үйдө журналисттерге жооп берип жатып айтты.

Айрымдар Илон Масктын ишенимдүү адамдары Маск мындан ары демократтарды колдоого өтөт деп айтканы тууралуу маалыматтарды таратып жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрымдар Илон Масктын ишенимдүү адамдары Маск мындан ары демократтарды колдоого өтөт деп айтканы тууралуу маалыматтарды таратып жатышат

Бул Трамп тарабынан Маскка айтылган тикелей сын болуп калды. Бул араздашуу Дональд Трамптын ички саясаттагы эң негизги жүрүшү катары саналган салыктар жана бюджеттик каражаттардын максималдуу өлчөмү жөнүндөгү "Чоң, бир укмуш Мыйзам" тууралуу талаштан чыкты. Аталган мыйзамды бир катар республикачылдар сындап, Илон Маск болсо ал мыйзам тууралуу "жийиркенткен наадандык" деп чыкты.

Маск муну менен эле чектелген жок. Ал мындан да катуу билдирүүсүн Х баракчасына жарыялап жиберди. "Мен болбосом Трамп шайлоодо утулуп калмак" деп кошумчалады.

Трамп менен Илон Масктын жаакташуусунан кийин миллиардерге таандык Tesla компаниясынын акциялары 15 % түшүп кетти. Бул соңку үч айдагы эң чоң арзандоо болуп калды.

Илон Маск Өкмөттүн эффективдүүлүгү департаментинде 129 күн иштеп, кызматын таштап кетти. Ал 30-май күнү кызматын тапшырып жаткан маалда баары эле жайында болуп жаткан сыяктанган. Ал тургай Трамп ага салтанатуу пресс-конференция учурунда алтын ачкычты тапшырганга дагы үлгүргөн эле.

Жакшылап байкагандар буга чейин иэле айрым маселелер боюнча миллиардер менен Трамптын көз карашында чоң айырма бар экендигин айтып жатышкан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жакшылап байкагандар буга чейин иэле айрым маселелер боюнча миллиардер менен Трамптын көз карашында чоң айырма бар экендигин айтып жатышкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Деген менен соңку күндөрү Маск Конгрессте каралып жаткан бюджет боюнча мыйзам долбоору үчүн Дональд Трампты удаа-удаа сындап жиберди. Миллиардер "өтө жагымсыз, ирээнжитет" деп атап жана "Бул үчүн добуш бергендер уялгыла. Силер караманча туура эмес кылганыңарды билесиңерби?" деп жазды.

Мыйзам долбоору республикачылдардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен Өкүлдөр палатасы тарабынан жалпы демократтардын жана Республикачылдар партиясынын бир нече мүчөсүнүн каршылыгына карабай кабыл алынган эле. Экономисттердин баасына караганда, Трамптын "укмуштуудай законуна" өзгөртүүлөр киргизилбей турган болсо АКШ бюджетинин дефицити болжолдуу 600 млрд долларга чейин өсөт.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен 5-июнь күнү болгон пресс-конференция учурунда дагы Трамп Илон Маскты кайрадан сындап өткөнгө үлгүрдү. Трамп Масктын мыйзам долбооруна карата нааразылыгына ичи чыкпай турат. Өзүнүн айтуусуна караганда, бул мыйзам долбоору аркылуу "укмуштуудай иштер" жасалып жатат.

"Менин абдан көңүлүм калды. Анткени Илон бул мыйзам долбоорун ички акы-чүкүсүнө чейин ушул жерде олтургандардын баарынан алда канча мыкты билген. Анан капысынан эле анын дооматтары пайда болду. Ал азырынча жеке мен тууралуу эч нерсе дей элек, бирок анын кийинки кадамы ошондой болорун бөркүмдөй эле көрүп турам",- деп кошумчалды АКШ президенти.

Трамптын ант берүү аземине чогулган миллиардерлер

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын ант берүү аземине чогулган миллиардерлер

Трамп Илон Маск анын "укмуштуудай сонун, керемет мыйзам долбооруна" электромобилдерге карата жеңилдиктерди алып салуу планынан соң каршы чыгып жатканын билдирди. Электромобилдерди чыгарган Tesla компаниясынын генералдык директору болгон Илон Маск бул дооматка Х баракчасы аркылуу жооп бергенге үлгүрдү.

"Ооба, эч айырмасы жок. Мыйзам долбоорунда электромобилдер жана күн энергиясы үчүн субсидия кыскартылат дегенди калтыра бергиле. Ошол эле учурда нефтегаз үчүн субсидия дегенге эч ким тийген дагы жок (чындап эле ушундай, чынын айтып жатам), бирок чочкодой жактарынын баарын мыйзам долбоорунан алып салгыла",- деп чакырды Маск.

Бул жерде шайлоочулардын чакан тобунун, бизнесмендердин же саясатчылардын өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн лобби кылган саясатчылар аркылуу бюджеттин коромжу болушу тууралуу сөз жүрүп жатат.

"Силер чоң жана ашмалтайы чыккан мыйзам долбоорун даярдайсыңар же зыңкыйган жана кооз мыйзам долбоорун камдайсыңар",- деп белгиледи миллиардер.

Башка бир постунда Маск Трамптын ал мыйзам долбоорунун мазмуну менен абдан жакшы тааныш болчу жана анын ачыктан-ачык сынга алганы күтүүсүз болду деген билдирүүсүн жокко чыгарды.

"Бул андай эмес. Бул мыйзам долбоорун мага бир да жолу көрсөтүшкөн эмес жана аны түн катып аябай тез кабыл алышты. Керек болсо Конгресстегилерден бирөө дагы окуганга үлгүргөн жок!",- деп жазды Маск.

Трамп өзүнүн Truth Social баракчасында иштин баары электромобилдерге байланыштуу экенин кайталап жатат.

"Илон араң эле турган. Мен аны кет деп сурадым. Мен анын электромобиль боюнча мандатын жокко чыгардым. Ал мындан ары эч кимге кереги жок болуп калган электрокарларын баары сатып алууга мажбурламак (жана ал мен ушундай кыла туранымды бир нече ай мурун эле билген). Ошентип ал ачуусуна чыдабай тим эле жарылып кетти",- деп өзүнүн версиясын жазды.