Илон Маск Трамп менен аз иштеп, көп убактысын өз компанияларына коротууну убада кылды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Илон Маск 22-апрель күнү май айынан тарта буга чейин Трамптын администрациясына, Өкмөттүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө департаментине (DOGE) коротуп келген убактысын кескин кыскарта турганын билдирди. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, Маск өз компанияларын жетектөөгө кайрылып келет деп түшүнсө болот.
Илон Масктын эң чоң компанияларынын бири деп саналган Tesla 22-апрель күнү ушул жылдын биринчи кварталына карата эсеп-кысабын чыгарды. Ага караганда, соңку бир жылда компаниянын таза кирешеси 71% төмөндөп кеткени маалым болду.
"Өкмөттүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө департаментин түзүүнүн, өкмөт менен кызматташуунун жана үйдө финансылык иштеримди ирээтке келтирүүнүн негизги бөлүгү жасалды",- деп айтканын Reuters агенттиги цитата кылып жарыялады. Ал бул сөзүн аналитиктер менен телефон аркылуу болгон конференциясы учурунда айткан.
Маск ошол эле учурда DOGE агенттигинен толугу менен кетип калууга камынган жери жок. Ал бул ишине 40% убактысын арнай тургандыгын билдирди.
"Масктын бул департаменттеги ишке аралашуусу, ал жакты жетектеп турушу саясий калкан сыяктуу кызмат кылат",- деп жазды Reuters. Маск бул депатраментте негизинен федералдык кызматкерлердин штатын кыскартуу, ал аркылуу акчаны үнөмдөө, бюрократиядан арылтуу сыяктуу иштерди аткарат делген. Масктын бул иши Tesla салондорундагы вандализм, ага каршы тыйылбаган нааразылык акцияларына себеп болуп келди.
2025-жылдын биринчи кварталындагы отчеттун жыйынтыгына караганда, Tesla компаниясы алгачкы үч айдын жыйынтыгында 409 млн доллар таза киреше тапкан. Бул 2024-жылдын ушул эле айларындагы таза кирешеден 71% аз дегенди билдирет. Кызмат көрсөтүү жана сатуудан тапкан кирешеси 19.3 млрд долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын башталышындагыга караганда 20% аз.
2025-жылдын январь-март айларында Tesla 337 миң электромобиль саткан. Бул соңку эки жылдагы квартал боюнча алганда эң начар көрсөткүч.
Ошол эле учурда аналитиктер Tesla "жашыл" унааларга коюлган квотадан ашык сатып, 600 млн доллар киреше тапканын белгилешүүдө. Эгер бул болбогондо кирешенин көлөмү дагы кыйла азаймак. Кызыгы Трамп каршы чыгып жаткан климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштүн алкагында Илон Маск киреше таап жатат. Ошол эле учурда Илон Маск Трампты колдоочулардын анабашында тургандардын бири.
Tesla компаниясынын акциялары биринчи кварталагы мындай көрсөткүчтөргө карабай 22-апрель күнү өстү. Буга Илон Масктын мындан ары убактысынын негизиги бөлүгүн Трамптын администрациясы үчүн эмес, өз компаниялары үчүн жумшай тургандыгын айтканы себеп болду деп белгилеп жатышат. Анын бул убадасы инвесторлорду шыктандырды. Дагы бир себеп, Маск июнь айынан тарта электромобилдердин кыйла арзан моделин сатыкка чыгарууну көздөп жатканын жарыялаганы себеп болду дешет. Кытайлык электромобиль өндүрүүчүлөр Tesla компаниясы үчүн чындап эле негизги атаандаш жана баш ооруга айланды дешет талдоочулар.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Маск Tеслага зыян келтирдиби?
Өткөн жылы Tesla Model Y дүйнөдөгү эң көп сатылган унаа болгонуна карабастан, Teсланын жалпы сатуу көлөмү акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу 1,81 миллиондон 1,79 миллионго чейин азайды.
Сатуунун төмөндөшү салыштырмалуу аз болуп, Tesla дүйнөдөгү эң ири электромобиль өндүрүүчү статусун сактап кала алды. Бирок өсүүгө багытталган бизнес үчүн бул кооптуу белги болуп, жыл жыйынтыгында компаниянын кирешеси дагы азайды.
Быйылкы жыл да Tesla үчүн ийгиликсиз башталды, өзгөчө Европада, анда январь айында жаңы катталган унаалардын саны 2024-жылдын ошол эле айына салыштырмалуу 45% азайган.
Февралда Европанын негизги базарларында сатуу төмөндөй берди, бирок Улуу Британияда жана Австралияда 21% жогорулады.

Сүрөттүн булагы, Tesla
Ошол эле учурда Кытайда өндүрүлүп, ички жана эл аралык базарларга багытталган Tesla унааларынын жеткирүү көлөмү ушул эле айда 49%дан ашыкка азайды.
Март айынын башында швейцариялык UBS банкынын аналитиги аналитикалык баяндама жарыялап, быйыл Teсланын дүйнөлүк сатуу көлөмү 5% төмөндөйт деп болжолдогон. Бул рыноктун 10% өсүш күтүүлөрүнө каршы келгендиктен, Teслaнын акцияларынын кескин төмөндөшүнө алып келип, бир күндүн ичинде алардын баасы 15% арзандады (жыл башынан бери 40% төмөндөгөн).












