Тесланын көйгөйүнүн тамыры Илон Масктын айланасындагы чуудан дагы терең кеткен

"Бул биздин соңку үч жылдан бери айдап келе жаткан үй-бүлөлүк унаабыз. Бул биздин чыныгы кыялыбыз эле", — дейт Бен Килби мага жаркыраган бермет түстөгү Tesla Model Y кроссоверин көрсөтүп.
Бул макала Би-Би-Синин бизнес-корреспонденти Тео Леггеттин BBC News сайтына жарыялаган материалынын котормосу.
Бен электр унааларынын жактоочусу. Ал Улуу Британияда жашыл бизнести жайылткан компанияны жетектейт. Бирок азыр, Бендин айтымында, Model Y'ди жок кылууга туура келет, анткени ал Teслaнын башкы директору Илон Масктын иш-аракеттерин, айрыкча анын АКШда мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан бошотуу ыкмасын такыр колдобойт.
"Мен коомду бөлүп-жарууга каршымын жана маселени мындай жол менен чечкенди жактырбайм, — дейт ал. — Элди обочолонууга түртпөгөн жана кордобогон башка жолдор бар. Мен кемсинтүүнү жактырбайм".
Бендин бул реакциясы — Масктын сөздөрүнө жана анын соңку кездердеги иш-аракеттерине болгон масштабдуу терс пикирлердин бир бөлүгү гана. Бул нааразычылык ишкердин өкмөттүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча талаштуу департаментин (DOGE) жетектөө чечиминен кийин акырындап күч ала баштады. Бул мекемеге федералдык чыгымдарды кыскартуу милдети жүктөлгөн.
Маск аны менен эле чектелбей чет өлкөлөрдүн саясатына чейин кийлигишип, Германиядагы парламенттик шайлоолордун алдында ашынган оңчул "Германия үчүн альтернатива" партиясынын митингинде видео тартып, ошондой эле интернетте британ саясатчыларын, анын ичинде премьер-министр Кир Стармерди сынга алган.
Анын көз караштарын жактабагандар үчүн мунун баары чектен ашкандай көрүнөт.
Teсланын ондогон дилердик борборлорунда — АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия жана Португалияда нааразылык акциялары өттү. Алардын көбү тынч мүнөзгө ээ болгону менен, автосалондорго, кубаттоо станцияларына жана электр унааларына вандализм учурлары болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Франция менен Германиядагы окуяларда бир нече Tesla унаасы өрттөлдү.
АКШда бурчтуу металл түспөлдөнгөн Tesla Cybertruck пикапы Илон Маскка каршы нааразычылыктын белгисине айланды. Социалдык тармактарда свастика менен боёлгон, таштандыга көмүлгөн же скейтбордисттер трамплин катары колдонгон Cybertruck машиналарынын видеолору тарады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Teсланы колдой турганын дароо көрсөтүп, компанияга Ак үйдүн алдында унааларын көрсөтүүгө уруксат берип, алардын бирин сатып алууну убада кылды.
Ал ошондой эле АКШдагы автосалондорго карата зомбулукту "ички терроризм" катары кароо керектигин билдирди.
Маск да ачык-айкын билдирүү жасады. "Мындай деңгээлдеги зомбулук акылга сыйбаган жана таптакыр туура эмес нерсе, — деди ал жакында Fox News телеканалына берген маегинде. — Tesla болгону электромобилдерди чыгарат жана мындай катаал чабуулдарга кабылгыдай эч кандай жаман иш кылган эмес".
Tesla бизнесине бул окуялар кандай таасир эткенин азыр эле так баалай салуу кыйын — Масктын көз караштары жана анын Трамп администрациясындагы ролу брендге канчалык зыян келтирип, салттуу кардарларды алыстатканы белгисиз.
Эгер бул чын эле таасир эткен болсо, Маск жетекчи бойдон калса, Tesla мурдагы ийгилигин кайра кайтара алабы?

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Tesla, Inc
Уникалдуу жетекчи
20 жыл мурун Tesla Кремний өрөөнүндө бир нече кызматкерлери жана чоң кыялдары бар кичинекей стартап эле. Бүгүнкү күндө ал дүйнө жүзү боюнча гигант заводдору менен өсүп келе жаткан дүйнөлүк рынокто электр унааларынын эң ири өндүрүүчүсү. Көптөр Тесла электромобилдери тез, күчтүү, кызыктуу жана ыңгайлуу боло аларын далилдеди деп эсептешет.
Маск Tеслага 2004-жылы кеңештин төрагасы жана негизги инвестор катары кошулгандан бери Tesla компаниясын алдыга сүрөп келет. Төрт жылдан кийин ал Teсланын башкы директору болуп дайындалып, компаниянын өнүгүү процессинде бул кызматты аркалады

"Tesla баштапкы кадамдарды таштаган, — деп айтат Стефани Вальдес Стрити, Cox Automotive компаниясынын тармактык анализ боюнча директору. — Алар электромобилдерди бир түрдө массалык кылып, башка өндүрүүчүлөрдү инвестиция кылууга мажбурлашты жана коомчулуктун көңүлүн бурууга жетишти".
Көптөр электромобилдердин кубаты качандыр бир убакта азыркыдан алда канча азга түткөн, ылдамдыгы жай, кызыксыз жана ыңгайсыз транспорттун түрлөрү катары келекеленгенин унутуп коюшкан.
2012-жылы сатууга чыккан Tesla Model S спорттук өзгөчөлүктөргө жана бир жолку толук кубаты менен 250 мильден ашык жүрүү аралыкты камсыздаган. Бул электр унааларына болгон көз карашты өзгөртүүдө негизги ролду ойноп, компаниянын тез өсүшүнө трамплин болуп калды.
Бүгүнкү күндө Tesla – бул жөн эле электромобилдерди өндүрүүчү эмес. Компания айдоочусу жок "роботаксилердин" паркын түзүү үчүн автономдуу айдоо системаларына көп каражат жумшады. Ошондой эле тез өнүгүп жаткан энергияны сактоо бизнесин жана Optimus деп аталган гуманоид роботун иштеп чыгууда.
Apple`дин жаратуучусу Стив Жобс сыяктуу эле, Маск өз брендинин жүзү болуп, компаниянын иш-чараларында жана продукциянын бет ачарларында алып баруучу катары үзгүлтүксүз чыгып, электромобилдин ышкыбоздору арасында ишенимдүү жолдоочуларын түздү.
Бирок, акыркы убактарда туруктуу технологияларды колдогон Маск өзүнүн саясий көз караштарын да белгилүү кылып жатат жана аларды өзүнүн X социалдык тармагы аркылуу жайылтууда. Ошол эле учурда Tesla өзү өсүп жаткан көйгөйлөрүгө туш болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маск Tеслага зыян келтирдиби?
Өткөн жылы Tesla Model Y дүйнөдөгү эң көп сатылган унаа болгонуна карабастан, Teсланын жалпы сатуу көлөмү акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу 1,81 миллиондон 1,79 миллионго чейин азайды.
Сатуунун төмөндөшү салыштырмалуу аз болуп, Tesla дүйнөдөгү эң ири электромобиль өндүрүүчү статусун сактап кала алды. Бирок өсүүгө багытталган бизнес үчүн бул кооптуу белги болуп, жыл жыйынтыгында компаниянын кирешеси дагы азайды.
Быйылкы жыл да Tesla үчүн ийгиликсиз башталды, өзгөчө Европада, анда январь айында жаңы катталган унаалардын саны 2024-жылдын ошол эле айына салыштырмалуу 45% азайган.
Февралда Европанын негизги базарларында сатуу төмөндөй берди, бирок Улуу Британияда жана Австралияда 21% жогорулады.
Ошол эле учурда Кытайда өндүрүлүп, ички жана эл аралык базарларга багытталган Tesla унааларынын жеткирүү көлөмү ушул эле айда 49%дан ашыкка азайды.
Март айынын башында швейцариялык UBS банкынын аналитиги аналитикалык баяндама жарыялап, быйыл Teсланын дүйнөлүк сатуу көлөмү 5% төмөндөйт деп болжолдогон. Бул рыноктун 10% өсүш күтүүлөрүнө каршы келгендиктен, Teслaнын акцияларынын кескин төмөндөшүнө алып келип, бир күндүн ичинде алардын баасы 15% арзандады (жыл башынан бери 40% төмөндөгөн).
Сатуулардын төмөндөшүнө көптөгөн себептер болушу мүмкүн жана Tesla бул төмөндөөнү күтүлгөн көрүнүш катары баалады. Анткени компания жаңы Model Y чыгарууга даярданып, кардарлар анын акыркы версиясын күтүп жаткан.
Бирок Morning Consult Intelligenc изилдөөсү көрсөткөндөй, Масктын ишмердүүлүгү Teслaга чындап зыян келтирген, өзгөчө Евробиримдик менен Канадада – бирок анын эң ири базарларынын бири болгон Кытайда абал башкача.
Изилдөөгө ылайык, АКШда кырдаал татаалыраак, көптөгөн керектөөчүлөр DOGE аркылуу мамлекеттик чыгымдарды кыскартууну колдошот. Бирок авторлордун белгилөөсүнө караганда: "Маск, Teслaны сатып алуу ыктымалдыгы жогору болгон америкалык кардарларды алыстатып жаткан болушу мүмкүн. Келечекте электр унаасын сатып алууну пландаган кирешеси жогору керектөөчүлөрдүн арасында Тесла азыр бир жыл мурункуга караганда тең-тайлаша чыккан унаалардан төмөн турат".
Tesla Би-Би-Синин сатуу көлөмүнүн төмөндөшү тууралуу суроолоруна жооп берген жок.
Эксперттер Тесланын көйгөйлөрүнүн тамыры анын башкы директорунун талаштуу коомдук имиджине караганда тереңирээкте жатат деп эсептешет.
Эскирген моделдер жана чет элдеги атаандаштык
Бир кезде эң алдыңкы болгон учурдагы моделдердин диапазону азыр анча таасирдүү эместигинен баштайлы.
Бир кездеги революциялык Model S 2012-жылы, ал эми Model X 2015-жылы сатыкка чыккан. Жада калса заманбап жана арзан Модель 3 жана Модель Y барган сайын атаандаштык күчөгөн рынокто эскирип калгандай көрүнүүдө.
"Эгерде алардын моделдик катарын карасаңыз, акыркы убакта Cybertruckтен башка таптакыр жаңы моделдер болгон эмес, — дейт Вальдес Стрити (Cox Automotive). — Model Y жаңыртылды, бирок бул чоң кызыгуу жараткан жок. Анын үстүнө, атаандаштык мурункуга караганда кыйла жогору".
Кардифф университетинин Автоөнөржайды изилдөө борборунун директору Питер Уэллс да ушундай көз карашта. "Биз өнүмдүн ар түрдүүлүгү жагынан күтүлгөн инновациялар болбогонун көрүп жатабыз. Балким, Маск буга көбүрөөк көңүл бурушу керек болчу. Менимче, бул алардын негизги көйгөйлөрүнүн бири", — дейт ал.
Атаандаштык бир нече багытта жүрүп жатат. Салттуу өндүрүүчүлөр электр унааларына өтүүгө көп каражат жумшашты. Ал эми кореялык Kia жана Hyundai жогорку сапаттагы электромобилдерди чыгаруучу ишенимдүү бренд катары таанылды.
Ошол эле учурда Кытайда жаңы бренддер пайда боду. Алардын катарына арзан баада жакшы иштеген унааларды жеткирүү менен тездик менен кеңейип жаткан BYD жана люкс жана алдыңкы технологияларга басым жасаган Xpeng жана Nio кирет.
"Кытайда электромобилдер үчүн абдан күчтүү стимулдар жана субсидиялар бар, — дейт Вальдес Стрити. — Кытайлык компаниялар, айрыкча BYD, ички гана эмес, эл аралык рыноктордо да тез өсүп жатат. Бул Tesla үчүн эле эмес, башка өндүрүүчүлөр үчүн да чоң коркунуч".
Бул коркунуч марттын ортосунда айкыныраак болду. Анткени BYD унаага болгону 5 мүнөттө 250 миль (400 км) жүрүү мүмкүнчүлүгүн берүүчү өтө тез кубаттоо технологиясын иштеп чыкканын жарыялады. Бул Teslaнын Supercharger кубаттоо тармагынан дагы кыйла тез дегенди билдирет.
Айдоочусу жок таксилер
Масктын Teслaнын кирешеси боюнча комментарийлери анын негизги артыкчылыктуу багыты башка тармакта экенин көрсөтүп турат — тактап айтканда, айдоочусу жок унаалар тармагында.
Январь айында ал июнь айына чейин Tesla Техаста робот такси кызматын ишке киргизилерин жарыялаган. Бул билдирүү коомчулуктун ирониялуу реакциясын жаратты, анткени Маск буга окшогон убадаларды мурунтан эле берип келген.
2019-жылы ал бир жылдын ичинде жолдордо миллион Tesla унаасы роботакси катары жүрөрүн айткан. Бирок азыркы учурда Teslaнын Full Self-Driving (FSD) пакети толугу менен автономдуу эмес жана айдоочунун дайыма көңүл буруусун талап кылат.
"Ар жыл сайын Илон Маск анын беспилоттук унаалары жакындап калганын убада кылат. Бирок маселе, алар пайда болчу ошол "бурулушка" жете албай жаткандай сезилет", — дейт Redspy консалтинг компаниясынын өкүлү Жей Нэгли.
Бир учурда бардык жерде болуу мүмкүнбү?
Балким, Тесла азыр күчтүү жетекчиге муктаж. Бирок анын саясатына карабастан, башкы директор бир эле учурда бир нече креслодо отурганга аракет кылууда.
Маск бир катар ири компанияларга ээлик кылат же башкарат: анын ичинде X (мурунку Twitter) социалдык тармагы, жасалма интеллект иштеп чыгуучу xAI компаниясы жана өзүнүн гиганттык Starship ракетасын сыноодо жакында эки жолу ийгиликсиз болгон SpaceX космос компаниясы.
Жакында Fox Business менен болгон маегинде анын өкмөттөгү жаңы ролу менен мунун баарын кантип айкалыштырып жатканы тууралуу суроого Маск: "Абдан кыйынчылык менен" деп жооп берди.
"Учурда Маск Тесланы канчалык так башкарып жатканын айтуу кыйын",- дейт Профессор Уэллс.
Маск 2004-жылы Teслaга кошулгандан бери компаниядагы таасири өзгөрүүсүз бойдон калууда. Учурда кырдаал өзгөрөт деген так белгилер жок. Ал 95 миллиард доллардан ашык деп бааланган 13% үлүшү бар компаниянын эң ири акционери болуп саналат.
Бул Vanguard жана Blackrock инвестициялык гиганттарынын биргелешкен холдингине аздыр-көптүр туура келет, ал эми бир катар башка каржы институттары, анын ичинде State Street Bank жана Morgan Stanley, азыраак үлүшкө ээ.
Инвесторлор үчүн акыркы акциялардын төмөндөшү начар белги болду. Бирок, алардын баасы дагы бир жыл мурункуга караганда дээрлик 30% жогору. Чынында, акыркы төмөндөө Тесланын рыноктук наркын дээрлик эки эсеге жогорулаткан шайлоодон кийинки өсүштүн ордун толтурду.
Жетекчиликтеги өзгөрүүлөргө чакырыктар
Бүгүнкү күндө Teсланын баасы анын кирешесинен 100 эсе жогору бааланат – бул Ford, General Motors жана Toyota сыяктуу атаандаштарынан кыйла жогору.
Бул инвесторлор компаниянын технологиялык секириктерине жана тез өсүүсүнө дагы эле чоң ишеним артып жатканын көрсөтөт.
«Tesla же электромобилдер рыногунда абсолюттук лидер болуп калуучу компания катары бааланууда– бирок бул Кытай өндүрүүчүлөрүнүн күчүн эске алганда мүмкүн эмес, – же роботташтурулган жана автономдук унаалардын өндүрүшүндө үстөмдүк кылат», – дейт Джей Нэгли.
Учурда ири инвесторлордун эч бири жетекчилик өзгөрүшүн ачык колдой элек. Бирок жакында берген интервьюсунда Масктын катуу сынчысы болуп калган акционер Росс Гербер аны кызматтан кетүүгө чакырды.
Аналитиктедин айтымында жаңы жетекчи компания үчүн жакшы чечим болмок. "Жаңы башкы директор, албетте, компания үчүн эң мыкты чечим болмок", - дейт Schmidt Automotive Research компаниясынан Маттиас Шмидт.
«Жаңы башкы директор компаниядагы уулуу атмосфераны жоюуга, DOGE менен байланышкан кызыкчылыктардын кагылышын чечүүгө жана толугу менен Teсланын өнүгүүсүнө көңүл бурууга жардам берет».
"Менимче, бул азыркы учурда ачык-айкын багыт, - дейт Питер Уэллс. - Менин оюмча, аларга автомобиль тармагында көп тажрыйбасы бар, бизнести кантип тартипке салууну билген адам керек".












